Эксперттердин айтымында, май айынын башынан эле Өзбекстан Россияга гилас экспорттоону баштаган. Бирок, ал майда жана арзандыгы менен айырмаланууда. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Апрелдин аягынан баштап эле Өзбекстанда гилас түшүмүн жыйноо кызуу жүргөн, адегенде ички рынокко жана кошуна өлкөлөргө кеңири чыккан. Андан кийин эле Москвага да дүңүнөн экспорттоо колго алынды жана ал жерде майдалыгына карап килограммы 1,1ден 2 долларга чейин сатылууда. Ал эми рыноктун катышуучуларынын айтымында, быйылкы жылы Өзбекстанда гиластын түшүмү көп болууда, өткөн жылга караганда 15 пайызга арбын болушу күтүлөт.
Өткөн жылы Өзбекстандан барган гилас экспорту Европадагы бааны ылдыйлатууга салым кошкон. Эми болсо Кытайга экспорттоо жагы да колго алынып, өткөн жылы трейдерлер гиластын килограммын 4 доллардан сатууну пландашкан. Бирок, бул ишке ашкан жок, себеби Өзбекстанда Кытай тарап талап кылгандай шайкештиктеги жемиштер жок болуп чыкты. Болгону 140 тонна гана гиласты 4 доллардан экспорттоого араң жетишишкен. Ошонун кесепетинен жыйналган түшүмдү тез ара ички рынокто арзан баада сатууга туура келди. Мисалы, 2017-жылы 10-майда ички рыноктогу бир килограмм гиластын баасы 60 центке түшүп кеткен.