Германиядагы жумушчулардын орточо эмгек акысы 2019-жылы 43 миң еврого туура келет. Бул тууралуу ишенимдүү булактарга таянуу менен Deutsche Welle билдирди.
Алынган маалыматтарга караганда, Meister жана Techniker квалификациясындагы колунда бир нече кызматкерлер иштеген жумушчу кадрлар бир топ көбүрөөк – 58 миң евро акы алышат. Россиянын эмгек рыногунда мындай квалификациядагы жумушчулар негизинен колледждерди “техник” адистиги менен бүткөндөрдөн турат.
Немис багбандары кыйла азыраак алышат экен, алардын орточо эмгек акысы 32 миң евро болсо, машинисттер андан көбүрөөк – 43,6 миң евро алышат. Ири немис компанияларында иштеген жумушчулар жана инженерлер курамында 500 кызматкер иштеген фирмадагылардан 20 айызга көп иштеп табышат.
Өлкөдөгү 85 миң кишинин кирешелерине анализ жүргүзгөн StepStone компаниясы белгилегендей, Германиянын чыгыш аймактарында, атап айтканда, Саксония-Анхальт, Лейпциг жактарда жумушчулар башка аймактагылардан, мисалы Баден-Вюртемберг, Гессен, Бремен жактагыларга караганда бир жарым эсе азыраак эмгек акы алышат. Буга илгери өлкө ФРГ жана ГДР болуп экиге бөлүнүп турганынын кесепетиненби же жокпу, ал тууралуу айтылбайт.