www.versia.kg
Воскресенье, Март 8, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН КОРЕЯ 12 МИЛЛИАРД ДАЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМ ТҮЗҮШТҮ

22.04.2019
0 0
0
SHARES
114
Просмотры
Бөлүшүү

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында 12 миллиард долларлык эки тараптуу кызматташтык келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Өзбекстандын сайттары жазып чыгышты.

Эки өлкөнүн президенттери Өзбекстан менен Түштүк Кореянын стратегиялык өнөктөштүк кызматташтыгынын биргелешкен декларациясына кол коюшуп, өз ара өнөктөштүктүн жаңы практкиалык кадамдарына жол ачышты. Эки тараптуу өкмөттөр жана министрликтер менен ведомстволор аралык түзүлгөн келишимдерде өз ара инвестицияларды коргоо, космосту тынчтык максаттарда изилдөө, илим жана технология, инновация жаатындагы кызматташтык, салааттыкты сактоо багытындагы өзбек-корей борборун түзүү максаттар алдыга коюлду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түштүк Корея менен болгон кызматташтык саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өнүгө бере турганын, мунун баары эки элдин ортосундагы достук алакаларды чыңдоо, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, аймактар аралык узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу багытында болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле Түштүк Кореянын расмий делегациясынын бул жолку келүүсүнүн алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана каржы-техникалык кызматташтык багытындагы 12 миллиард долларлык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жагы макулдашылды.

Эске сала кетсек, Өзбекстан тарап акыркы бир жарым жыл ичинде дүйнөнүн ири 18 өлкөсүндө өзүнүн соода үйлөрүн ачып, анын шарапаты менен соода экспортун күчөттү жана инвестициялык кызматташтыкты арттырды. Андан тышкары, дүйнөнүн ири компаниялары менен ири суммадагы бир катар келишимдерди түзүүгө жетишти.

Мурдагы пост

МАДАНИЯТ - ЖАЛАЛ-АБАД ЖОЛУ 2020-ЖЫЛЫ БҮТӨБҮ?

Кийинки пост

КИЧИ НАСЫЯЛАР БОЮНЧА КАЙТАРЫМДУУЛУК 91 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗДҮ

Кийинки пост
КИЧИ НАСЫЯЛАР БОЮНЧА КАЙТАРЫМДУУЛУК 91 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗДҮ

КИЧИ НАСЫЯЛАР БОЮНЧА КАЙТАРЫМДУУЛУК 91 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗДҮ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In