Тамтыгы чыгып, талкаланып бүткөн Бишкек-Ош жолунун Маданият — Бек-Абад аралыгындагы бөлүгүнүн реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Анын алкагында жолдун чек арасын аныктоо иштери бүттү. Эми жол боюндагы айдоо аянттары турак-үйлөрдүн тосмолору, айрым кафелер жана башка курулуштар алынып, жол кеңеет. Азырынча жол боюндагы дарактар тамырынан кыйыла баштады.
Жол курулуш долбоорун түзгөн адистер калктын кабыргасын кайыштырып келген Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушу он жылдан ашуун убакыттан кийин башталганын белгилешет. Ал эми долбоор менеджеринин орун басары Саадат Багировдун айтымында, жол буга чейин 3-категорияда болсо, эми экинчи категорияга өзгөртүү керек, анткени адистер унаа кыймылынын интенсивдүүлүгүн текшерип чыгышканда суткасына 14 миң унаа өтөөрү белгилүү болгон. Ошондо жолдун кеңдиги 20 метрге кеңейип, жол боюна тротуар кошулат. Каттамы көп мындай жолдор 1-категорияда болушу керек.
Бул автожол Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорун аралап өтөт. Эң эле көйгөйлүү делген участка Ноокен районунда жайгашкан жана ал жерде бир топ автокырсыктар болуп келген. Эми ошол кооптуу бурулуш толугу менен айдоо аянтына жылат жана жол кыймылы коопсуз болуп калат. Андан сырткары, жол куруу учурунда 136 турак-жай короолору менен, 4 кафе, 40 соода түйүндөрү алынып, ээлерине тийиштүү компенсация төлөнүп берилмекчи. Элге маалыматтын толук жетпегенинен улам эл арасында өз ара түшүнбөстүктөр да болууда.
Албетте, жол курулуш иштеринде айрым көйгөйлөр да жаралбай койгон эмес. Мисалы, курулуш материалы катары шагыл көп иштетилет жана куруучу компания аны учурда Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынан алып жатат. Бирок, областтык калкты сел-ташкындардан коргоо мекемесинин адистери буга каршы болушууда. Алардын айтымында, дарыянын нугунан шагыл алган учурда ал бузулуп, суунун агымы өзгөрүү менен жээктерди зыянга учуратышы, дамбаны бузуп кетүүсү мүмкүн. Бул болсо, элге жана айыл чарбасына олуттуу зыян алып келиши толук ыктымал. Жолдун курулушунун абалы менен таанышканы барган област жетекчиси К. Сатыбалдиев мындай көйгөйлүү маселелер жергиликтүү бийлик тарабынан чечилерин, курулуш иштерине керектүү шарттар жаратыларын айтып, тийиштүү ишканаларга тапшырмаларды берди.
Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжол Бегалиевдин берген маалыматына караганда, тендерден уткан компания 67 чакырым жолду 3 жылда бүткөрүшү керек. Азыр дээрлик бир жыл убакыт өттү, бул аралыкта кеңейтилүүчү тилкени аныктоо жана даярдык иштери гана бүткөрүлгөн. Анын алкагында курулуш компаниясы Жалал-Абад шаарында битум эритүүчү цехти, Базар-Коргон районуна асфальт чыгаруучу заводду, ал эми Ноокен районунда автобаза курууга жетишкен. Эми жол курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча аракеттер жүрмөкчү.
Кошумчалай кетсек, 67 чакырымга созулган Маданият — Жалал-Абад жолун 2022-жылы бүткөрүү пландалган. Буга Евразия өнүктүрүү банкынан 60 миллион доллар бөлүнүп, тендердик наркы 51 миллион долларга бааланган.