Эми Өзбекстанда 2023-жылдан баштап үч жылга чейинки мөөнөткө электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрүү токтотулат. Бул тууралуу «Узбекэнерго» компаниясына шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирди.
Өлкөнүн өкмөтү 2030-жылга чейинки электр энергетикасындагы саясаттын негизги багыттары жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, 2023-жылга чейин электр энергиясын иштеп чыгуу жана керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн тарифтерди иштеп чыгуунун жаңы усулун өздөштүрүү жагы каралган. Ал эми 2023-жылдан кийин кеминде үч жылга чейин кабыл алынган тарифтер өзгөрбөй кала берет.
Жаңы тарифтик механизмди калыптандырууда дискриминациялык таасирдин болбостугуна жана жагымсыз саясий жагдайларга алып келбестигине көңүл бурула турган болду. Аны үчүн тарифтер тең салмактуу жана бардык керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн да кызыкчылыктарына туура келгидей мамиле жасалат. Ошону менен катары калктын социалдык аярлуу катмарын коргоо механизмдери да эске алынмакчы.