Эл аралык мааниде адамдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн коркунучтуу делген булганыч жайлардын рейтинги аныкталып, бул өңүттөн Майлуу-Суу шаары эң эле начар деп эсептелген 25 аймактын бирине кирген. Америкалык Blacksmith Institute экологиялык фондусу дүйнөдөгү эң эле экологиялык жактан начар 35 шаарды иликтеп чыгып, Майлуу-Суу шаары радиоактивдүү эң булганыч шаарлардын ичинен 7-орунга чыккан.
Интернетте таркаган рейтинг боюнча азыр биринчи сапта Япониянын Фукусима атомдук электростанциясы турат. Экинчи орунду Чернобыль атомдук электростанциясы ээлеген. Үчүнчү сапта эле Майлуу-Суу шаары орун алды. Андан ары Казакстандагы Семипалатинский полигону, Россиядагы Сибирь химиялык комбинаты, Улуубританиядагы Селлафилдатомдук комлпекси, Россиядагы “Маяк” өндүрүштүк бирикмеси, Сомалинин деңиз жээктери, Жер ортолук деңизинин аймактары, АКШдагы Вашингтон штатында жайгашканХэнфорд комплекси жана АКШ, Канада, Кытай, Бразилия, Иран, Украина, Мексика, Испания, Франция, Индия өлкөлөрүндөгү бир катар аймактар радиоактивдүү жана химиялык коркунучтуу деп эсептелинет.
Эскерте кетсек, Майлуу-Суу шаарына жакын жерлерде жалпы 23 уран көмүлгөн жайлар жана 13 радиоактивдүү калдык үймөктөрү бар. Аларда топтолгон уран калдыктарынын көлөмү дээрлик 3 миллион кубометрге жетет. Азыркы тапта уран калдыктары көмүлгөн жайларды башка коопсуз жакка ташып-көмүү иштерин жүргүзүү зарыл, бирок Кыргызстанда ага керектүү каражат жок.