Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу коргоого жана жергиликтүүлөр тарабынан аяр мамилеге муктаж. Ошолмаксатта аталган жайда токой баалуулуктарын сактоо үчүн «Парктар маршы» уюштурулду.
Быйыл 28-май күнү Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу “Дашман”мамлекеттик жаратылыш коругунда жалпы 100гө чукул токойчулардын, экологдордун жана мектеп окуучуларынын, жергиликтүү тургундардын катышуусунда токойго экскурсия уюштурулду. Ошондой эле аймактагы дарактардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын жашын, көмүртек суммасын аныктоо боюнча мастер-класстар, кичи эксперименттер жүргүзүлдү.
Кошумчалай кетсек, “Парктар маршы” акциясы июль айына чейин созулуп, 10 мамлекеттик жаратылыш коруктарында, 12 мамлекеттик жаратылыш парктарында жана Ысык-Көл биосфералык зонасында өткөрүлмөкчү. Ал эми“Дашман” жаратылыш коругунун жетекчиси Кочкорбай Калдарбаев алгачкы иш-чаралардын бири Базар-Коргондо өтүп жатканы максатка ылайык болгонун айтат.
-Жаш муундарга токойду сактап калуу тууралуу байма-бай иш-чара уюштуруу абзел. Анткени жаңгак-мөмөлүүтокой аймагы болгон “Дашман” коругунда өзү өсүп чыккан дарактар негизги бөлүгүн түзөт. Бүгүнкү күндө аларды сактап калууга муктажбыз, — дейт ал.
Токой баалуулуктарын сактоо акциясы Германия эл аралык кызматташтык коомунун«Кыргызстандын түштүгүндө жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо менен жана жакырчылыкты кыскартуу» долбоорунун алкагында Германиянын каржылык жардамы жана субсидия алуучу “CAMP Ала-Тоо” Коомдук Фонду жана “Лесик Юг” коомдук экологиялык уюму тарабынан ишке ашырылып жатат. Ошондой эле Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы тарабынан колдоого алынган.

