www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ПРЕЗИДЕНТ ЖАЛАД-АБАД ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИН СЫНГА АЛДЫ  

24.05.2019
0 0
0
SHARES
527
Просмотры
Бөлүшүү

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуунун көйгөйлөрү тууралуу айтып, ири төрт шаарлардын ичинен Жалал-Абад шаарынын жетекчилигин да сынга алды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Президент өз сөзүндө суу тутумдарын жакшыртуу жана башка долбоорлорду даярдоо мөөнөтүнөн баштап, даярдалган кредиттик жана гранттык келишимдерди Жогорку Кенештен ратификациядан өткөрүүгө кеткен убакыт эки, үч жылга чейин созулуп баратканын айтып өттү.

— Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин чечимин негизсиз четке кагышкан. Донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын алаарын же албасын ачыктабай, экинчи этаптагы (2016-2023-ж.ж.) инвестиция тартуу мөөнөтүн 8 айга создуктуруп жиберишкен, — деди С. Жээнбеков.

Мамлекет башчысынын мындай сын пикирлери кечээ Бишкек шаарында өткөн «Аймактар үчүн Таза суу» форумунун жүрүшүндө айтылып, ага Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору, донорлук коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЕРӨБ ортосунда суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга — Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча Макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча Макулдашууга кол коюлду. Эки долбоордун инвестицияларынын жалпы суммасы 13 миллион евродон ашуун сумманы түзөт.

 

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН АРКАСЫ ЖЕТИ МИЛЛИОНГО ОҢДОЛУП ЖАТАТ

Кийинки пост

ТАЗА ЭНЕРГИЯ КАЗЫП АЛЫНУУЧУ ЭНЕРГИЯДАН АРЗАН

Кийинки пост
ТАЗА ЭНЕРГИЯ КАЗЫП АЛЫНУУЧУ ЭНЕРГИЯДАН АРЗАН

ТАЗА ЭНЕРГИЯ КАЗЫП АЛЫНУУЧУ ЭНЕРГИЯДАН АРЗАН

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In