Ташкент шаарынын жылулугу үчүн пайдаланылган 414 миллиард сум (44 миллион доллар) желге учууда, буга жабдуулардын эскиргени, буу казандарынын жана жылуулук тармагынын тетиктеринин иштен чыккандыгы себеп болууда. Бул тууралуу баш калаанын хокимиятына шилтеме берүү менен Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Бүгүнкү күндө Ташкенттеги 11 миң ар кайсы имараттар борбордук жылуулук тармагына кошулган. Аларды жылытуу үчүн жыл сайын 10,6 Гкалория энергия иштелип чыгып, ага 1 триллион сум керектелет. Деген менен, иштелип чыккан жылуулуктун 59 пайызы керектөөчүгө жетип барат да, калган 41 пайызы же 414,2 миллиард сумдук энергия жөн эле жоголуп кетет.
Ташкент шаарынын жылуулук тармагы өткөн кылымдын 70-80-жылдарында курулган жана андан бери жаңыртылган эмес. Ошол себептүү да иштелип чыккан жылуулук толугу менен керектөөчүгө жетип барбайт. Андан тышкары, жылуулук түтүктөрүн каптаган материалдар да эскирип, жылуулук сактоо мүмкүндүгү азайып кеткен.
-Биздеги 2700 чакырымдык жылуулук тармагынын 1900 чакырымы нормадагы убакыттан көп иштетилет. Азыр 12 ири жана 203 майда буу казандары бар, алардын баары эскирген, — дейт “Таштеплоэнерго” ишканасынын башкы инженери Азиз Каримбеков.
Дагы белгилей кетчү маанилүү факт – ушундай көйгөйлөрдөн улам “Таштеплоэнерго” ишканасынын кирешесинин 85 пайызы отун-энергетикалык ресурстарга чыгымдалып жатат.