Россиялык тургун жылына орточо эсеп менен 280 даана жумуртка жейт, бул сунуш кылынган нормадан көптүк кылат, анткени бир кишиге ылайык жылдык норма 260 даана жумуртканы түзөт. Бул тууралуу Sberbank CIB компаниясынын изилдөө-отчётуна таянып РБК жазып чыкты.
-Россияда жумуртканы керектөө жетишерлик жогорку деңгээлде турат. Акыркы он жылдыктын ичинде Россиядагы жан башына жумуртка керектөө жылына орточо эсепте 1 пайызга жогорулап турду, — деп айтылат отчётто.
Деген менен, Россиядагы бир кишиге жыл ичинде сунуш кылынуучу норма АКШ жана Европадагыдан көптүк кылат. Мисалы, АКШда жан башына сунуш кылынган керектөө 240 даана, Европада болсо – 210 даана жумурткага барабар. Ал эми Кытайда да жумуртканы көп жешери белгилүү – жан башына жыл ичиндеги реалдуу керектөө 300 даана жумурткага барабар.
Аналитиктер белгилегендей, жумурткага болгон ички керектөө аны өндүрүүнүн өсүшүнүн негизги фактору болуп саналат. Келечекте канаттуулар жумурткасын өндүрүүнүн өсүшү жылына 1 пайызга азайып отурушу күтүлөт, ал эми азыркы азаюусу 1,6 пайызга барабар. Өткөн 2018-жылы Россиядагы жумуртка өндүрүү 44,9 миллиард даанага жеткен. Акыркы төрт жылдагы үзгүлтүксүз өсүүдөн кийин өндүрүш кыйла жайлап калды жана анын көрсөткүчү 0,2 пайызды гана түздү. Аналитиктер мындай жай өсүүнүн себебин сырьёго болгон баанын өсүшү менен түшүндүрүшөт.