Жалал-Абад шаарында заводдун жүздөгөн кызматкерлери бир жумадай жумушсуз калышты, алардын маселеси дагы деле толук чечиле элек.
Бүгүн 17-октябрда, бир жумадан бери иши токтоп турган “Жалал-Абад ЖБИ” темир-бетон өнүдүрүүчү заводдун кызматкерлери тынчтык митингине, шаар көчөлөрүн аралап жөө жүрүшкө чыгышмак. Бирок, аларды милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсү токтотуп калды. Аталган үлкөн заводго бир жума мурда электр энергиясын берүү токтотулган.
-“Элдик” мамлекеттик ишканасы ижара берүүчү тарап болуп саналат жана абонет катары да катталган. Ал “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна электр энергиясы керек эмес деп кайрылып, жарыкты өчүртүп койду. Биз ошол үчүн “Элдик” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Алексей Апиевди кызматтан кетсин деген талап менен тынчтык митингин уюштурганбыз. Эрте менен алар келишип, түшкү саат 12:00гө чейин күтүүбүздү, жооп беришерин айтып, убакыт сурашкан. Азыр күтүп жатабыз. Жок дегенде баштап койгон буюртмаларыбызды бүтүрүп алганга 15 күн убакыт сураганбыз. Туура, ортодо соттук иштер бар. Бирок, баары мыйзам чегинде болушу керек. Биздин жүздөй кызматкерлер алардын үй-бүлөлөрүнүн ырыскысын ойлойлу, — дейт Жалал-Абад ЖБИ заводунун директору Бакыт Борошев.
Ал эми “Элдик” мамлекеттик ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Алексей Апиев жеке ишкер заводду бошотуп, чыгып кетиши керек деген пикирде. Соттун ушундай чечими бар экенин бетке карманат. Деген менен, учурда соттук тирешүүлөр дагы деле уланып жатат.
Ошондой эле А.Апиев мыйзамдуулук жагын карап көрөрүн, алар заводду бошотуп чыгып кетүүгө 15 күн уруксат сурашканын, эгерде мыйзамга туура келсе, 15 күн убакыт берерин билдирди.
Түшкү саат 12:00дө завод кызматкерлери “Элдик” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кызматтан кетсин!”, “Жеке ишкерлерге бут тосуулар токтотулсун!” деген ураан жазуулары менен жүрүштү башташкан. Бирок, алгачкы кадамдардан эле кайра токтоду. Ага милиция кызматкерлеринин тынчтык жолу, сүйлөшүү менен чечишкиле деген талабы себеп болгон. Ошондой эле ижарага берүүчү тарап эртеңки күнү сүйлөшүү жүргүзүп, келерки күндөн электр энергиясын беребиз деген жооп келгенин билдиришти.
Эске сала кетсек, жеке ишкер Бакыт Борошев буга чейин массалык маалымат каражаттары аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылган. Ал айрым мамлекеттик органдар тарабынан жеке ишкерлерге бут тосуулар болуп жатканын, колдоо керектигин суранган.
P.S. Кызыккан окурмандар жогоруда аталган завод боюнча эки тараптын соттук тирешүүлөрү жана жеке ишкер менен мамлекеттик мекеме ортосунда үлкөн завод талашка түшкөндүгү тууралуу сайтыбыздагы “Кадыржан Батыровдун заводу талашка түштү” аттуу макаладан толук маалымат окусаңыздар болот.