www.versia.kg
Воскресенье, Март 8, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

СУЗАКТЫК ИШКЕРГЕ КОРКУТУУЛАР БОЛДУ

22.04.2019
0 0
0
SHARES
368
Просмотры
Бөлүшүү

Сузак районун тургуну, ишкер Махамадтажы Салимов жекшемби күнү Сузак райондук ички иштер болүмүнө кайрылып, белгисиз жарандар аны коркутуп кетишкени тууралуу арыз берди. Бул тууралуу анын ишенимдүү өкүлү, укук коргоочу Абдиназар Маматисламов билдирди.

Анын айтымында, ишемби күнү кечки саат 22лер чамасында мамлекеттик номери тагылбаган автоунаа менен аты аталган ишкерге бир нече кишилер келип, талаш-тартыштарды токтотушун аталап кылышкан жана бала-чакасын ойлоосу зарылдыгын айтышкан. Ишкер телефонун колго алып, миилцияга кабар берүүгө аракет кылганда беркилер унаага отуруп, кетип калышкан.

-Биз бул коркутуу олуттуу болгон себептүү жекешмби күнгө карабастан Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө бардык. Ал жерде РИИБнин башчысы өзү бар экен, ага кирдик жана болгон нерсени айтып бердик. Ал киши биздин арыз-муңду угуп, арыз жазышыбыз керектигин айтты. Биз арыз жаздык, ал арыз кылмыштар жана жоруктар тизмесине катталып, катталганы тууралуу бизге билдирме беришти, — дейт ал.

Эске сала кетсек, 2010-жылдан бери Сузак районунда жашоочу ишкер М. Салимов менен Кочкор-Ата шаарында ишкердик кылуучу Самарбек Жумалиевдин ортосунда сот аркылуу базар талаш иши бүтпөй келет. М. Салимов колундагы “Касым-Ата” базарын С. Жумалиев рейдерлик жол менен тартып алды деп эсептейт, ал эми С. Жумалиев баары мыйзамдуу болгонун айтат. Акыркы кездерде Россиянын жараны болуп эсептелген ишкер М. Салимов РФнын президенти В. Путинге жардам сурап кайрылган болчу. Ал эми ишкер С. Жумалиев КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Жалал-Абад областынын мурдагы губернатору, КРнын экс-премьер-министри Кубанычбек Жумалиевдин бир тууганы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ишкерлерди коргоо жана аларга кеңири мүмкүнчүлүк берүү тууралуу айтып келет.

 

Мурдагы пост

КИЧИ НАСЫЯЛАР БОЮНЧА КАЙТАРЫМДУУЛУК 91 ПАЙЫЗДЫ ТҮЗДҮ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН ТОННА ЖАШЫЛЧА ӨНДҮРҮЛӨТ

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН ТОННА ЖАШЫЛЧА ӨНДҮРҮЛӨТ

ӨЗБЕКСТАНДА 3,5 МИЛЛИОН ТОННА ЖАШЫЛЧА ӨНДҮРҮЛӨТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In