«Зордук-зомбулуксузмектеп»урааны астында мектеп окуучулары Сузак районунун көчөлөрүн аралай жөө жүрүшкө чыгып, аларды ата-энелер жана жаштар комитеттеринин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери коштоп жүрүштү.Бул тууралуу Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекторлору тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу, туура тарбия, багыт берүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Бул багытта Сузак районунун аймагында жайгашкан 124 мектептинарасынан56 мектепте ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн.
Сузактык мектеп окучулары өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында жөө жүрүш уюштурууну эп көрүшкөн. Окуучулардын демилгесин райондукжаштаркомитети, аялдаркеңешижанаата-энелеркомитетининѳкүлдѳрүколдогго алышты.