Тогуз жыл мурун түштүктөгү каргашалуу тополоңго себепкер болгондордун ана башы маркум Кадыржан Батыров сыртынан өмүр бою эркинен ажыратууга соттолуп, мүлкү конфискацияланган. Өзү сыртта качып жүрүп, кийинчерээк Одесса шаарында көз жумганы маалымат таркатуу каражаттарынан белгилүү болду. Мүлкүнөн ажыраган, өзү жок, бирок анын конфискацияланган мүлкү камактан чыкпай, жарандарга да, жергиликтүү бийликке да кыйынчылык алып келүүдө. Эмне үчүн?
Жалал-Абад шаарынын мэрясынын алдындагы Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгы жана Жалал-Абад шаарынын тургуну, шаардагы Жамашев көчөсүнүн 24-үйүндөгү 13-батирдин ээси А. Азимова ушул үйдү камактан чыгаруу аракетин бир нече жылдардан бери жүргүзүп келатышат, бирок майнап чыга элек. Муну укук коргоо органдары менен сот органдарындагы чалкештик, башамаламандык менен гана түшүндүрүүгө болот, дейт А. Азимованын ишенимдүү өкүлү Абдрашит Кадыров.
Айзада Азимова көп жылдар бою Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагында иштеп келген. Акыркы жылдары, тактап айтканда 2005-жылдан баштап А. Батыров атындагы Элдердин достугу университетинде иштеген. Бул азыр чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыровго таандык окуу жайы болгон. Окуу жайынын ректору 2007-жылы 2-ноябрь күнкү №2 буйругу менен шаардагы Жамашев көчөсүндөгү №24 үйдүн 13-батирин менчикке өткөрүп алып берген. Кийин ал батирди каттоодон өткөрүп, техникалык паспорт алган.
Бирок, А. Азимова берилген батирге кире алган эмес, себеби 2005-жылдын март айындагы ыңкылаптан кийин коомчулук өкүлдөрү тарабынан К. Батыровдун мүлктөрүн басып алуу фактылары учурап турган. Аталган №24 үй да ыңкылапка катышкан атуулдар тарабынан басып алынып, ээленип алган эле. Мындай басып алууларга каршы эч ким, бийликтер да аракет жасаган эмес. Белгилей кетчү нерсе, бул үй толугу менен курулуп бүтө элек кезде батир алгандардын күчү ремонттолуп бүтүрүлгөн, андан соң басып алынган
А Азимова батирге жеке менчик укуктуу каттоо үчүн Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына кайрылган, бирок ал мамлекеттик орган №24 үй 2010-жылы Жалал-Абад областтык прокуратурасынын токтому жана 2012-жылдагы Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен камакка алынгандыгы себептүү арызды канааттандыруудан баш тарткан.
Ал 2012-жылы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. Анда берилген батирге жеке менчик укугун каттоо жагын Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирүүнү суранган. Аталган сот 2012-жылдын 29-августундагы чечими менен арызды толук канааттандырган жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына батирге болгон жеке менчик укуктуу каттоону милдеттендирген.
Бирок, кийин ал чечимди Жалал-Абад областтык соту жана Жогорку сот жокко чыгарып, кайрадан бул ишти баштапкы караган сотко кайра кароо үчүн жөнөткөн. Ошондон бери соттор же менчик укугун берген же камакка алынган үйдү камактан чыгарып беришпестен А. Азимованын мыйзамдуу кызыкчылыктары одоно бузулууда. Ар кандай шылтоолор менен соттор бул маселени карагысы келбей, кароого алуудан баш тартышып, сотко чейин эле чечип алууну сунуштап жатышат. Ал эми тийиштүү органдар аны чечишпестен, сотко жөнөтүшүүдө.
Ушундай эле абал Жалал-Абад шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгында да бар. Алар да К. Батыровдон калган мүлктөрдү башкара албай убара, анткени алардын баары камакта жатат. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-ноябрындагы №146 Декретинин негизинде Жалал-Абад шаарындагы К. Батыровго караштуу бир катар мүлктөр, анын ичинде З. Жамашев көчөсүндөгү №24 көп кабаттуу үй да мамлекеттештирилип, КР мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына алынган.
Анан КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-сентябрындагы №490 токтомунун негизинде К. Батыровдон мамлекеттерилип алынган бир катар мүлктөр, анын ичинде З. Жамашев көчөсүндөгү №24 көп кабатуу үй да Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Токтомдун негизинде кабыл алуу актысы менен ал мүлктөр шаар мэриясынын карамагына өткөрүлүп алынган.
Бирок, иш андан ары жылган жок, анткени Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы мамлекеттик акты бербей жатат, ага себеп катары объектилерге камак салынып калганын бетке кармашат. Муниципипалдык менчик башкармалыгы муниципалдык менчикке өткөн мүлктөрдү камактан чыгарып берүү өтүнүчү менен биринчи, экинчи инстанциядагы сотторго кайрылып, алардан дегеле майнап чыккан жок. Анткени соттор муниципалдык менчикке өткөн соң, ал мүлктөр эркин, аны камактан чыгаруу тууралуу атайын чечимдин кереги жок деп, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартышууда.
Ошентип, К. Батыровдон калган мүлктөр КР Өкмөтү тарабынан Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигини өткөрүлүп берилген. Бирок ага сот жана прокуратура органдары тарабынан камакка алынган деп Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы мамлекеттик акты бербейт. Камактан чыгарып бергиле деп сотторго кайрылышса, алар мүлктөр эркин, мындай чечимдин зарылчылыгы жок деп жатышат. Мамлекеттик органдар, сот органдары жөн гана “атаңа бар, энеңе бар” же “биз бул жердик эмеспиз” деген баш айлантма оюнун жүргүзүп жаткандай туюшулат.
Эмне үчүн мындай болуп жатат? Эмне үчүн прокуратура органдары, сот органдары К. Батыровдон калып, мамлекетке өткөн мүлктөрдү камактан чыгаргысы келишпей атат? Бул кызык суроо жана азырынча так жообу эч кимден алына элек. А балким Убактылуу Өкмөттүн жарлыктары мыйзамсыздыр, акыры айланып келип эле К. Батыровдун мүлктөрү кайра кайтаралып берилер? Тийиштүү мамлекеттик органдар ошондон коркуп жатышкандыр? Түшүнүксүз…
Жок, эгерде К. Батыровдун мүлктөрү мыйзамдуу эле жол менен алынган болсо, ал мыйзамдуу жол менен муниципалдык менчикке өтсө, анда неге прокуратура жана сот органдары аны расмий камактан чыгарып коюшпайт? Бул да түшүнүксүз…
Деги эмне болуп жатат? Биз билбеген, элден жашырылыган эмне сыр бар?…
Жалил САПАРОВ,
журналист.