Өзбекстандын парламентинин (Олий мажлис) жогорку палатасы “Кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарын пайдалануу жөнүндө” мыйзаммын жактырды. Ага ылайык, өз үйлөрүндө альтернативдүү энергия булактарын пайдалаганган Өзбекстандын жарандары салык жеңилдиктеринен пайдалана алышат. Бул тууралуу өзбекстандык сайттар жазып чыгышты.
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эгер тургундар өз үйлөрүндө салттуу электр энергиясынан баш тартып, альтернативдүү энергия булактарын орнотушса жана андан пайдаланышса, ошол жабдуу иштеген күндөн тартып үч жылга чейин жеке жактардын мүлкүнөн алынуучу салыкты төлөбөй коё алат.
Кайталап өндүрүлүүчү булактарынан энергия өндүрүүчүлөргө да жеңилдиктер каралды: энергия өндүрүүчү жабдууларды чыгарганы жана орноткону үчүн мүлктөн алынуучу салктардан жана ошол жабдуу орнотулган жер аянты үчүн алынуучу жер салыгынан 10 жылга бошотулат. Ошондой эле кайталап өндүрүлүүчү булактардын жабдууларын жасап чыгаруучулар мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап 5 жылга чейин салыктын бардык түрлөрүн төлөөдөн бошотулат.
Башкысы – кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарынан жеке пайдалануу үчүн электр, жылуулук энергиясын өңдүрүү же биомассалардан биогаз алууда эч кандай уруксат берүүчү документтер талап кылынбайт.