Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында быйылкы биринчи жарым жылдыкта 450 кожолукка таза суу бериле турган болду. Азыркы учурда суу кудугунан суу куурларын тартып элге жеткирүү иштерин бүткөрүүчү компанияны тандап алуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Каныбек Султановдун айтымында, айыл аймагындагы Майда-Мундуз, Каңды, Бай-Маале конуштарында жашаган тургундардын мүүдөлөрүн эске алып, аларга таза суу жеткирип берүү максатында 3000 метр аралыкка суу түтүктөрүн орнотуу, андан сырткары 50 кубометр көлөмүндөгү суу кампасын куруу иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Эми тендерден утуп келген субъект аталган конуштарга суу жеткирүү долбоорунун экинчи этабын ишке ашырышы керек.
-Долбоордун биринчи этабы өткөн жылы ишке ашырылган. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күн энергиясы менен таза суу чыгаруу боюнча дээрлик 7 миллион сомдук долбоор башталып, күн панелдери орнотулган жана 90 метр тереңдиктеги суу кудугу казылган. Аны Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусу жактырып, каржылап берген, — дейт ал.
Алынган маалыматтарга караганда, жергиликтүү каржынын жетишсиздигинен айыл өкмөтү долбоордун экинчи этабын каржылоо боюнча да Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусуна кайрылган. Өнүктүрүү фондусу аны жактырып берди. Суу кампасын куруу жана суу түтүктөрүн орнотуу иштерин жүргүзүү ишинин көлөмү 3 миллион 86 миң 83 сомду түзүп, анын 90 пайызы же 2 миллион 786 миң 83 сому өнүктүрүү фондусунан, калган 10 пайызы же 300 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замир Егембердиевдин айтымында, суу кудугунан тартылуучу негизги суу түтүгүнөн айыл тургундарынын үйлөрүнө да суу түтүктөрү тартылат жана иштин аягында суу эсептегичтер орнотулат. Бул иште айрым демөөрчүлөр жана айыл тургундары активдүүлүк көрсөтүп жатышат.
-Айрым айыл ичине, тургундар жашаган жерлерге чейин суу түтүктөрүн тартууга Бишкектеги “Ассанабилл” коомдук соопчулук фондусу жардам көрсөттү. Башкача айтканда, фонд тургундарга суу түтүктөрүн орнотуу үчүн казуу иштерине жана пластикалык суу түтүктөрүн камсыз кылууга жардам көрсөттү. Учурда тургундар короо-жайларына чейин суу түтүктөрүн тартып алышты. Биз аталган фонддун жетекчилигине ыраазылык билдиребиз, — дейт ал.
Айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин билдиришинче, айыл тургундары бир топ жылдардан бери таза суу маселесинен кыйналып келишкен. Акыркы жылдары калкты таза суу менен камсыз кылуу иши колго алынып, акыркы эле бир жыл ичинде кошумча дагы эки конушка таза суу жеткирилип берилди. Азыркы учурда дагы бир ири конушка таза суу тартуу иши жүргүзүлүп, бул иштер быйыл толугу менен аяктамакчы.
-Эгерде Майда-Мундуз, Каңды, Бай-Маале конушун толук камсыз кылсак, калкты таза суу менен камсыз кылуу 15 пайызга жогорулайт. Бардык долбоордук иштерден соң, айыл аймагында таза суу менен камсыз кылуунун деңээли 80 пайызга жетет. Бул биз үчүн абдан маанилүү нерсе, калкты 100 пайыз таза суу менен камсыз кылмайын аракетти токтотпойбуз, — дейт айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бобошев.
Эскерте кетсек, Кара-Дарыя айыл аймагы Сузак районунун батыш жагынан орун алып, түштүк жана батыш жагынан Өзбекстан Республикасы, түндүк жагынан Базар-Коргон району менен чектешет. Калкынын саны 18 миңге жакын.
