Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундары айылдын борборундагы фельдшердик-акушердик пунктка заманбап медициналык “Тез жардам” унаасын сатып беришти. Мындай социалдык активдүүлүк айылдын тарыхында биринчи жолу жүз берди. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, айыл борборундагы ФАП 2024-жылдан бери иштеп келатат. Ал эми айыл менен райондун ортосундагы аралык орточо эсеп менен алганда 25 чакырымга жетет. Ошону эскке алуу менен райондук, областтык медицина уюмдары ФАПка “Тез жардам” кызматын киргизип, УАЗ маркасындагы унааны бөлүп беришкен. Деген менен, УАЗ маркасындагы эски унаа бейтаптарга кызмат көрсөтүүдө кыйла ыңгайсыздыктарды жаратып, сапаттуу медициналык тейлөөгө тоскоолдук жаралган. Анан бул маселени чечүүнү жергиликтүү жаштар колго алышты.
Демилге тобунун мүчөсү Советбек Калбаевдин айтымында, мындай идея жаштардан чыкты.
— Демилге айылыбыздагы активдүү жаш жаран Расул Матмусаевге таандык. Ал атайын медициналык унааны элдик демилге аркылуу сатып алууну сунуштап чыкты. Анан биз айылдагы ватсап тайпага сунушту алып чыккан соң, көпчүлүк макул болду да, төрт киши: жаштардан Расул Матмусаев, Өмүрбек Жусупов анан мен демилге тобуна бириктик. Топтун ишине айылдагы абройлуу инсан Шакир ажы Тайчабаров баш-көз болуп турду. Биз ыктыярдуу салым кошуучулар менен иш алып бардык. Көптөгөн айыл тургундары өз салымдарын кошушту, ошентип үч жарым ай каражат чогултуу менен алек болдук. Анан бир жарым ай убакыт чет элдик заманбап медициналык унаа издегенге кетти. Европанын бир катар өлкөлөрүнөн бизге ылайыктуу унаа караштырдык. Акыры издегенибиз Түштүк Кореядан табылып, андагы кыргыз жаштары бизге жардам беришти. Бир айдын ичинде “Тез жардам” унаасы Кыргызстанга жетип келди, аны айылга алып келип, айыл аксакалдарынын катышуусунда ФАПка тапшырдык. Ушул жерден сөзсүз айта кетчү нерсе: өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин сатып алган унаадан чек арадан өткөндөгү бажы алымын жеңилдетүүгө көмөк берди. Биз министрликке, жеке министрдин өзүнө терең ыраазылык билдиребиз, — дейт Советбек Калбаев.
Демилгечи топтуп берген маалыматына караганда, жалпысынан элден 1 миллион140 миң сом, аны ошол кездеги 87,5 жарым сомдук курс менен алганда 13 миң 28 доллар каражат жыйналган. Бардык каражат унааны сатып алууга, аны акыркы дарегине чейин алып келүүгө, жол жана башка тийиштүү чыгымдарына жумшалган. Айылдыктарга социалдык тармактар аркылуу каражаттын кандай жумшалгандыгы тууралуу ачык-айкын маалыматтар берилип турду.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бобошев жаштардын демилгеси жана айыл тургундарынын активдүүлүгү айылдагы медициналык тейлөө жаатындагы көйгөйдү чечүүгө шарт түзгөнүн айтат.
— Биз ошол төрт кишиден турган демилге тобуна, активдүүлүктү, түшүнүүчүлүктү көрсөткөн айыл тургундарына ыраазылык билдиребиз. Калкка өтө керектүү, болгондо да заманбап, бейтапка сапаттуу медициналык жардам көрсөтө ала турган бардык шарты бар атайын унаа алынды. Бул биздин айыл аймагына чоң утуш, — дейт ал.
Демилгечи Советбек Калбаевдин айтымында, эми алып келинген “Тез жардам” унаасын ФАПтын балансына каттатып, тийиштүү документалдык иштерди жүргүзүү керек. Бул айыл өкмөтү, медициналык уюмдар менен чогуу аткарылмакчы.