Кыргызстан кошуна өзбекстандыктар жылдын ар кайсы мезгилинде көп каттаган аймакка айланып бара жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты жазып чыкты.
Өзбекстан Республикасынын Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына караганда быйылкы жылдын январь айында өзбекстандыктардын туристтик активдүүлүгү өскөнү байкалып, сыртка саякаттагандар саны дээрлик 590 миң кишиге жеткен. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 6,9 пайызга көптүк кылат.
Кошуналардын туристтик активдүүлүгүнүн багыты боюнча алганда Кыргызстан кыйла алдыда экен. Быйылкы январь айында Кыргызстандын аймагына 232 миңден ашуун өзбекстандык жарандар келип кетишкен. Кийинки орундарда Казакстан менен Тажикстан турат: Казакстанга барган өзбекстандык жарандар саны 98,6 миң болсо, Тажикстанга 88 миң киши барып келген.
Podrobno.uz сайтынын баамында, кошуналардын Кыргызстанга болгон кызыгуусунун артышы логистиканын ыңгайлуугу, туугандык карым-катыштар жана чек ара аралык активдүү соода жүгүртүү менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле кийинки жылдары кошуна мамлекеттердин саясий жетекчилигинин аймактык туруктуулук, чек араны тактоо боюнча жүргүзүп жаткан саясаты да жагымдуу шарт түзүп жатат.
Деген менен, өзбекстандыктардын алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу да артып бара жатат. Мисалы, бул багытта Сауд Арбиясына каттоо саны кыйла өсүүдө – быйылкы январь айында 62,6 миң киши зыярат кылып келген. Андан тышкары, өзбекстандыктар Россия, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары багытында да туристтик жактан активдүү. Кийинки кездерде Тайланд, Кытай жана Египет багытында чет жакка чыгуулар саны көбөйүүдө.
Тактап айтканда, январь айындагы чет жакка чыккан өзбекстандыктардын жалпы саны 589 миң 647 болуп, бул өткөн жылдын январындагыдан 40 миңге көп.
