Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү 25-май күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчѳтүлгѳн тартипте иш алып барат.
-Жылдагыдай эле бул күндөрү кафе-ресторандар, шаардын жана шаар четиндеги эс алуучу, оюн-зоок жайлары милиция тарабынан көзөмөлгө алынат жана бүтүрүүчүлөрдүн шаар аралап кортеждерде тартипти бузуп жүрүүсүнө жол берилбейт, – деп билдирди Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Жалал-Абад ШИИБнин башчысы, милициянын полковниги Эрнис Молдокеев май айындагы кош майрамдарды жана «Акыркы коӊгуроо» салтанаттарынын алдынан ѳздүк курамга тапшырма берди. Андан сырткары, ШИИБ тарабынан шаар ичинде жайгашкан мектептер, орто окуу жайлары азыртадан көзөмөлгө алынаары айтылды. Бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен жол кырсыктарынын, жагымсыз окуялардын алдын алуу боюнча аракеттерди баштоону, жергиликтүү билим берүү мекемелери менен биргеликте бул багытта профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү буюрду.
Эске сала кетсек, мектептердеги акыркы коңгуроонун расмий бөлүгү мектептерде 25-май күнү саат 10:00дө өтөөрү белгиленген. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин окуучулар арасында мектептен сырткары бүтүрүү салтанаттарын өткөрбөө боюнча буйругу чыккан.