Жалал-Абад шаардык прокуратурасы Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 30-сентябрында өткөн кезексиз ХVII сессиясынын №1 токтомуна расмий каршылык билдирди. Бул каршылык билдирүүгө шаар прокурору Арслан Мурзаев кол коюп, 16-октябрь күнү шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошевге жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, аталган сессиянын жыйынында шаардык кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин сунушу менен “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынын башчысы Төлөнбай Бакировдун маселеси сессиянын күн тартибине киргизилген. Натыйжада, Т. Бакировго депутаттар ишенбөөчүлүк жарыялашып, тийиштүү токтом кабыл алынган. Бирок, Т. Бакиров бул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуулугу боюнча шаардык прокуратурага кайрылган.
Шаардык прокуратуранын каршылык билдирүүсүндө айтылгандай, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-абзацында жергиликтүү кеңештин сессиясы карай турган маселелер күн тартибине туруктуу комиссиялар карагандан кийин гана киргизилери айтылган. Бирок, аталган сессияда күн тартибине кирген маселе мурда туруктуу комиссиялар тарабынан талкууланган эмес жана сессия убагында гана киргизилип калган. Бул аракетти шаардык прокуратура мыйзамга туура келбейт деп тапты.
Ошондой эле, прокуратуранын каршылык билдирүүсүндө Т. Бакиров боюнча добуш берүү убагында депутаттар үчүн танапис жарыяланганы да көрсөтүлгөн. Добуш берүү убагында депутат Н. Аканов танапис жарыялоону сунуш кылган, депутаттар добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу менен танаписке чыгып кетишкен. Танапистен кийин ошол эле маселе боюнча экинчи жолу добуш берүү жүргүзүлгөн. Ал эми шаардык кеңештин регламентинин 14.4 пунктунда добуш берүү жарыяланган соң аны эч ким бузууга укуктуу эместиги көрсөтүлгөн.
Бул жерде Т. Бакировго байланышкан маселе боюнча добуш берүү жарыяланып, ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн тийиштүү добуш жетпей калганы, ошондуктан танапис жарыялоо менен убакытты созуп, кийинки добуш берүү менен максатка жетишилгени көрүнүп тургансыйт.
Жогорудагыларды эске алуу менен Жалал-Абад шаардык прокуратурасы Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 30-сентябрында өткөн ХVII сессиясынын №1 токтомун жокко чыгарып, мыйзамга ылайык келтирүүнү талап кылды.
Эске сала кетсек, Т. Бакиров “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгында жетекчи болуп 2018-жылдын жайынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин ал “Жалал-Абад Тазалык” ишканасын жетектеп келген.