Сузак районундагы улуу муундагы бир катар абройлуу инсандар райондун өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн ак эмгегин сиңирген инсан, Сузак районунун бир катар маанилүү кызматтарында жетекчи болуп иштеген, мыкты уюштуруучу жана насаатчы, маркум Балташ Борбукеевдин ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн мектепке анын ысымын коюуга ниеттенип келишет. Бул да бекеринен эмес, анткени азыркы муундун жаштары, кийинки муундар да бир кезде ушул жакшы күндөрүбүзгө пайдубал куруп, эмгегин сарптаган кечээки аталарды унутпашы керек. Алардын үлгүлүү өмүрү, баскан өрнөктүү жолу эми гана калыптанып келаткан жаштарга жакшы тарбия катары кала бериши абзел. Ошондо гана келечек муундардын баскан кадамы да, умтулушу да туура багытта жана жемиштүү болот деген зор ишеним бар.
Деги эле Балташ Борбукеев деген ким? Ал кандай жашаган жана өмүр сүргөн? Анын кандай өрнөктүү жактары бар эле? Бул тууралуу төмөндө сөз болот.
Райондогу мыкты жетекчи болду
Сузак районунун улуу муундагы атуулдары бир кезде райондун өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп, эл ишине өзүнүн ак эмгегин сиңирген Балташ Борбукеевдин ысымын сый-урмат менен аташат. Билимдүү, тажрыйбалуу адис, жетекчи катары ал инсан Сузак районундагы бир катар мекемелерде жетекчи кызматтарда иштеген. Өзү жетектеген мекемеде дайыма ийгиликтерге жетишип, жаш кадрлардын өсүп жетилүүсүнө аракет жасаган. Райондун жетекчилиги да, карапайым атуулдар да анын эмгегин баалашып, өз кезегинде жакшы сый-урматтарга татыган. Биз бүгүн келечек урпактар үчүн өзүнүн өрнөктүү чыйырын калтырган Балташ Борбукеев тууралуу азыноолак сөз козгомокчубуз.
Балташ Борбукеев азыркы Сузак районунун Ачы аймагындагы Ак-Терек айылында 1938-жылы 12-мартта туулган. Ал айылдык мектептен таалим-тарбия алган соң, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайынан билимин уланткан. Кийин Оштогу педагогикалык институтунда билимин өркүндөтүп, география боюнча мугалим адистигине ээ болгон. Ал кезде Жалал-Абад педокуу жайы менен Оштогу педагогикалык институт Кыргызстандагы атагы алыска кеткен, бараандуу окуу жайларынан болгон. Кыргыз тарыхындагы не бир атактуу инсандар, кыргыз адабияты менен маданиятына үлкөн салымдарын кошкон Кыргыз ССРинин эл акыны Темиркул Үмөталиев, филология илимдеринин доктору, академик, айтылуу адабиятчы Муктар Борбугулов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлердин өрнөктүү өмүр жолу ушул Жалал-Абад педокуу жайынан башталган эле.
Билимге жана кесипке ээ болгон Б. Борбукеев эмгек жолун 18 жашында, же 1956-жылы баштаган. Алгачкы жолу Сузак районундагы “Жийде” башталгыч мектебинде улуу пионер вожатый болуп ишке кирген. Окуучулар менен иштей билүү жагынан тажрыйбага ээ болгон соң, аны мектеп жетекчилиги дене тарбия боюнча мугалимдик орунга дайындаган. Кийин “Ак-Булак” башталгыч мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеди. 1958-жылы ал Советтик Армиянын катарында кызмат кылууга чакырылып, 1960-жылы аскердик кызматтан кайтып келген.
Андан соң эмгек жолун Сузак районундагы “Орто Азия” мектебинде дене тарбия сабагынын мугалими болуп иштөө менен улантты. Ал жерде төрт жыл иштеген соң анын мыкты билими, мыкты уюштуруучулугу, ишке болгон жоопкерчилиги жана эмгек жамаатындагы аброю район жетекчилигине дайын болду. Ошол мыкты сапаттарды эске алып, 1964-жылы райондун жетекчилиги аны ошол эле Дзержинский атындагы орто мектебинин директорлугуна дайындаган. Балташ Борбукеев ал жерде 5 жыл бою жетекчиилик кызматта иштеп, келечек муундарга терең билим, мыкты тарбия берүүгө эмгек жумшады. Жакшы ийгиликтерди жаратып, өкмөт менен партиянын, коомчулуктун көзүнө көрүндү.
Мектеп жетекчиси катары ийгиликтүү иши көз жаздымда калбаган себептүү да 1969-жылы райондун жетекчилиги Кыргызстан Компартиясынын Сузак райондук райондук комитетинин инструкторлук кызматына чакырган. Ал кездерде мындай кызматка өтө жоопкерчиликтүү, мыкты уюштургуч, бөлүнүп берилген участокто ийгиликтерди жарата алган кадрларды гана тандап алышчу. Партиянын райондук комитетинде жакшылап тарбиялап, партиялык-чарбалык жетекчи кызматтарга жөнөтүп турушкан.
Балташ Борбукеев да партиянын райондук комитетинде иштеп, такшалгандан кийин 1969-жылы райондогу ири чарбалардын бири болгон Тайгараев атындагы совхозго партиялык комитеттин катчысы болуп дайындалды. Ал эми 1971-жылы Б. Борбукеевдин өмүрүндөгү бурулуш жылдардан болду. Аны зор ишеним менен Ташкенттеги партиялык жогорку мектепке жиберишти. Ал кезде бул мектепке өкмөт менен партияга эң ишенимдүү кадрларды тандап алышып, андан билим алган кадрлар кийин жогорку кызматтарга дайындалып келишкен. Ошентип, анын алдында да жакшы келечектин чырагы жанды.
Эки жылдык жогорку партиялык мектептен билим алып келген соң, 1973-жылы Сузак райондук партиялык комитети аны райондогу эң бай жана мартабалуу чарба эсептелген “Коммунизм” колхозуна партиялык комитеттин катчысы катары жөнөтүшкөн. Ал жерде да өзүнүн билимин, партиялык кызматкер катары мыкты сапаттарын көрсөтө алды. Чарбанын жетекчилиги да, жалпы колхоз жамааты да, райондук жетекчилер да анын жасап жаткан уюштуруу-массалык иштерине, ошол кездеги саясатты элге жеткирип, жаңы ийгиликтердин жаралышына калкты мобилизациялоодогу, коомчулукту жакшы жөрөлгөлөргө тарбиялоодогу көзгө көрүнөрлүк иштерине баа бербей коё алышкан эмес. Дайыма макталып, сыйлыктарга ээ болуп, алдыңкылардын сабында жүрдү.
Ошентип, баркталып, макталып жүргөн Б. Борбукеевдин билимин, күчүн, уюштуруучулук тажрыйбасын райондун жетекчилиги башка тармактарга багыттамакчы болот. Деген менен, Союз учурунда калктын коомдук-саясий аң-сезимин кино аркылуу тарбиялоо, бекемдөө жагына өзгөчө орун берилүүчү. Кино тармагынын коомдон алган орду жана ролу жогору эле. Ошону эске алуу менен партиянын райондук комитети жана райондук аткаруу комитети Б. Борбукеевге Сузак райондук кинофикация башкармалыгын жетектеп берүүнү сунушташкан. Албетте, өзүн партиянын, өкмөттүн жана элдин кызматчысы деп эсептеген тажрыйбалуу кадр бул жоопкерчиликтен баш тарткан эмес.
Ошентип ал Сузак районундагы кино тармагынын өсүшүнө, калкты жакшы багыттарда, жакшы табитке тарбиялоого, социалдык-экономикалык өсүүлөрдүн негизин түзүүгө зор салым кошту. Бир гана өзүнүн тармагынын иши менен алек болбостон, райондун коомдук турмушуна да астейдил катышып, мурдагы аброю ого бетер жогорулай берди. Өзү эле жетечи болуп иштеп калбастан, артынан жаш кадрларды табиялап өстүрдү. Көп жылдар бою өзүн татыктуу коммунист, мыкты жетекчи, талапчыл уюштургуч экенин көрсөтө алды. Дайыма район жетекчилиги тарабынан макталып, башкаларга үлгү болду.
Райондун кинофикация тармагын бир катар жылдар башкарып жүрүп, тармакты алдыга жылдырды, артынан жакшы кадрларды даярдады. Ден соолугуна байланыштуу район жетекчилигине башка жумушка которулуу сунушун берген. Партиянын райондук комитети анын сунушун кабыл алып, А. Гайдар атындагы мектепке директорлук кызматка жөнөткөн. Маркум ал жерде да жакшы иштеди, келечек муундарга терең билим, татыктуу тарбия берүү жагынан жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.
Мыкты үй-бүлөнүн ээси болду
Балташ Борбукеев мыкты үй-бүлөнүн ээси катары да көрүнгөн. Ал өмүрлүк жолдошу Мөөркан Мамбетова менен узак жылдар бою чогуу жашап, 7 баланы тарбиялап-өстүрдү, анын үчөөсү уулдар, төртөөсү кыз. Азыркы тапта алардын 25 небереси, 15 чебереси бар. Балдары, көп сандаган небере-чеберелери анын сыймыктуу атын өчүрбөй келатышат.
Мөөркан Мамбетова 1938-жылы Токтогул районундагы Бел-Алды айылында туулган. Ал да кезегинде билимге умтулган жаштардан болуп, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Анан 42 жыл бою башталгыч класстарда келечек муундарга таалим-тарбия берип келди. Татынакай балдарды төрөп, тарбялап, Баатыр эне болду. Ал жубайы менен 30 жыл чогуу жашап, үлгүлүү үй-бүлөнү куруп, бактылуу эне гана эмес, көптөгөн небере-чеберелеринин чоң энеси жана таенеси болуп, азыркы учурда бактылуу карылыктын дөөлөтү колунда.
-Ал үйдө да, сыртта да бир калыбынан жазбаган, бир сырдуу, олуттуу мүнөзү бар киши эле. Үйдө да балдарды өтө эле ашыкча эркелетип, өз билгенин жасаганга жол койбогон талапчыл ата катары тарбиялады. Балдар да аны өтө сыйлап, айткандарын так аткарып, жакшы тарбия алышты. Дайыма тыкан кийинип, жүрүш-турушу, эмгеги, билими менен тажрыйбасы жагынан коомчулуктун алдында да өзүн жакшы кармаган, киши катары да, жетекчи катары да эл алдында аброюн жоготподу. Дайыма сыйга татып, артынан жакшы сөздөр айтылып жүрдү. Өмүр бою өкмөттүн, элдин иши ал үчүн биринчи орунда болгон. Дайыма ак иштеп, таза жашады, байлыкка, арам оокатка эч умтулбады, ошонусу менен элдин жакшы баасын алды. Анын мындай ак жүрөк, ак ниет жашоосун, ишин эми анын туура тарбиясын алган балдары да улантып жатышат, — дейт Мөөркан эне маркум жубайын эстеп.
Тешебай Борбукеев – Балташ Борбкуеевдин бир тууган иниси. Азыр ал 80 жашта, Жалал-Абад шаарынын тургуну, ардактуу эс алууда. Ал көп жылдар бою билим берүү тармагында, болгондо да агасы алгачкы билим алган Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында иштеди, миңдеген жаш муундарга таалим-тарбия берип келди. Акыркы жылдары билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинде жетекчилик кызматта иштеп, тармактын өсүп-өнүгүшүнө, мугалимдерди социалдык жана укуктук жактан коргоого эмгегин жумшады. Ал бир тууганын эскерип, анын өзүнө да, башкаларга да талапчыл болгонун айтат. Үй-бүлөдө үч уул, бир кыз тарбияланса, алардын ичинен эң тырышчаак, зээндүүсү Балташ болгон дейт ал.
-Ал өзү жаш кезинен эле өтө тырышчаак, зээндүү эле. Биз айылда жашап, айылдын түйшүктүү жашоосу менен убара болсок да ал билимге кызыгып, китептерди көп окуй турган. Мектепте да мыкты окуп, дайыма макталып жүргөн. Ата-энебиз тапшырган иштерди да ал өтө тыкан, так жана өз убагында аткаргандыгы менен айрымаланып турчу. Жүрүш-турушу жагынан да, өзүнө болгон талапчылдык жагынан да башкалардан айырмаланчу. Аны көрүп биз дагы ошондой болууга аракеттендик, тарбия алдык. Ошол талапчылдыгы, олуттуу мүнөзү кийин эр жетип, элдин ишин аркалаган учурда да өзгөргөн жок. Тырышчаактыгы калган жок. Райондук деңгээлде жакшы жетекчи болуп жүрдү, анын нускасын, тарбиясын көп жаштар алып калды. Өмүр бою өкмөттүн, элдин иши деп жүрдү. Азыр мындайлар аз, — дейт Тешебай аксакал бир тууганын эскерип.
Балташ Борбукеевдин коомго, элге сиңирген эмгеги албетте баалуу. Бирок да анын артында калган эң чоң баалуулуктары – анын балдары. Балдарынын улуусу Байдылда Борбукеев Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп келгенден кийин билим берүү тармагында бир топ жыл иштеген. Кийин Сузак айылдык кеңешинде катчы, Сузак райондук кеңешинде жооптуу кызматкер болуп иштеди. Андан соң жеке ишкердик менен алек болуп, учурда үй-бүлөсү менен Россия Федерациясынын Тюмень аймагында жашап-иштеп келет.
Артында калган жакшы кеп
Балташ Борбкукеевдин жакындары, замандаштары аны жогорку адамгерчиликтүү инсан, кесипкөй жетекчи, эл ичиндеги абройлуу коом мүчөсү катары сыпатташат. Анын райондун өсүп-өнүгүшү үчүн жасаган эмгегин жогору баалоо менен анын эмгек жолу жаш муундарга өрнөк болгонун сыймыктануу менен айтышат. Сузак районунда көп жыл укук коргоо тармагында иштеген милициянын ардагери Таштан Дүйшеев, эмгектин ардагери, Сузак районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы, Эл агартуунун отличниги, 56 жыл билим берүү тармагында иштеген Ак-Булак айылынын тургуну Мусакул ажы Мамытов Б. Борбукеевдин өрнөктүү өмүрү азыркы жаштарга өрнөк болорлугун баса белгилешти.
Б. Борбукеевдин артынан кыйла кадрлар калыптанды, окуучуларынын арасынан билим берүү тармагынын алдыңкылары өсүп чыкты. Сузак районундагы Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин директору Кубанычбек Ормошев алардын бири, ал мугалими Балташ Борбукеев анын кесип тандоосуна чоң таасир бергенин жашырбайт. Анын окуучусу болуп, анын жолуп жолдоп, кийин өзү да миңдеген келечек муундарга жакшы таалим-тарбия бере алды. Ал эми өмүрүнүн аягында өзү иштеген А. Гайдар атындагы мектепте да анын эмгегин баалагандар, өрнөгүн алгандар азыр ал тууралуу жакшы кептерди ыроолоршот. Эмгек ардагери, Гайдар атындагы мектептин математика мугалими Акматбек Төлөшов, ошол эле мектепте дене тарбия сабагынын мугалими Айтбек Нишанов, чет тилдер мугалими Хайтбай Касымов, башталгыч класстардын мугалими Рукия Бурханова, өзбек тили жана адабияты мугалими Манзура Исаназарова сыяктуу педагогдор кезегинде Б. Борбукеев менен чогуу иштешип, анын артыкчылык жактарын башкаларга караганда жакшы билишет. Бүгүнкү күндө маркумдун асыл сапаттары тууралуу келечек муундарга кеп салып келишет.
Б. Борбукеев райондук кинофикация тармагын көп жыл бою жетектеп, бул тармактын ысык-суугун тартуу менен кийин өзүнүн ордуна татыктуу кадрлардын өсүп-жетилишине да кам көргөн. Кинофикация тармагын тартып кете ала турган жаштарды райондун жетечилигине сунуш кылып, жаштарга кеңири жол ачкан. Ал эми азыр ардактуу эс алууда жүргөн Уламкамил Маматкасымов кезегинде Сузак райондук маданият бөлүмүн көп жыл башкарып, кийин Б. Борбукеевдин өрнөгү менен кино тармагында да иштеди, устатынын сунушу менен райондук кинофиккациянын жетекчиси болду. Устатынын тарбиясын, иштөө тажрыйбасын алган бул ардагер ал кездерде кино тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон.
Союз кезинде партиялык кызматкер болуу өтө ардактуу жана жооптуу иш эле. Балташ Борбукеев райондук жетекчи катары кандай иштегенин, анын кандай жакшы сапаттары башкаларга өрнөк болгонун ошол кездеги партиянын райондук комитетинин кызматкерлери жакшы билишет. Партиянын Сузак райондук комитетинде көп жыл иштеген, кийин райондун акиминин биринчи орун басарлык кызматын аркалаган Куламжан Усенов анын жетекчилик сапаттарын жогору баалайт. Ал жаш кызматкер катары Балташ Борбукеевдин кайсы жактарынан үлгү алганын айтып, мындай кишилер менен чогуу иштеп калгагына сыймыктанат.
-Бул киши райондогу жетекчилер арасында абдан абройлуу эле, аны райондун жетекчилери да сыйлап, урматтап турушчу. Ага өзүнүн тырышчаак эмгеги, өзүнө талап коюп иштей билгени, план-тапшырмаларды, милдеттерди так аткарышы, коомго үлгүлүү жетекчилик жүруш-турушу менен жеткен. Анда биз да жаш кызматкерлер болчубуз, Б. Борбукеев менен иштешүүдөн биз көп тарбия алып калдык. Анын көп жакшы кептерин, кеңештерин уктук, ошондой партиялык кызматкер болууну самадык. Жетекчи катары да, адам катары да үлгүлүү инсан эле, — дейт К. Үсенов.
Б. Борбукеевдин ысымы өчпөйт
Азыркы убакта Кыргызстанды ар тараптуу өнүктүрүү, аны өнүгүп бараткан мамлекеттердин катарына кошуу, адамдардын жашоосун жакшыртуу аракеттери жүрүп жатат. Союз убагында да ушундай эле аракеттер жүргөн. Анда биздин аталарыбыз кийинки муундардын жакшы турмушу, ыңгайлуулугу үчүн эмгегин сарпташкан. Алардын катарында билимдүү инсан, активдүү коомдук ишмер, мыкты жетекчи, жоопкерчиликтүү коммунист Балташ Борбукеев да болгон. Биз аталарыбызды, алардын биз үчүн жасаган эмгегин унутпашыбыз керек. Алардын алдындагы эле эмес, келечек муундар алдындагы да биздин милдетибиз ушул.
Балташ Борбукеев өзүнүн билимин, ак эмгегин элге арнап иште, башкаларга өрнөк калтыруу менен 1985-жылы оорудан көз жумган. Эгер шум ажал аны эртелеп алып кетпегенде ал элге-журтка, коомубузга көп дагы да жакшы иштерди жасап, өсүп-өнүгүүбүзгө өзүнүн бараандуу салымдарын кошо бермек. Бирок…
Анын элге жасаган эмгеги эч качан унутулбай кала берет. Ал эми азыркы мугалимдердин жакшы ниеттерин Кудай колдоп, кечээки аталарыбыздын ысымдары өчпөй жүрө берсин. Эгер биз келечекке жакшы иш жасайлы десек, кечээки тарых-таржымалыбызга сый менен карашыбыз ылаазым.
Жалил САПАРОВ,
журналист.