Айрым географиялык артыкчылыктары жана өсүп келаткан ортоңку табы менен Түштүк Азиянын баш көтөрүп келаткан державасы аталган Пакистан эми саясий туруксуздук менен экономикалык кыйынчылыктарга кептелди. Азыр өлкөдө терең жана ар тараптуу кризис өкүм сүрүп жатат. Мурдагы премьер-министр Имран Хандын камакка алынышы жана азырга чейин абакта олтурушу өлкөдө улуттук ишенимсиздик сезимин жаратууда.
Инфляциянын өсүп кетиши, жалпы экономикалык өсүүнүн акырындай башташы жана өсүп бараткан карыздар Пакистанды эки айрылыш жолго кептегендей болду – эми азыр кабыл алынып жаткан чечимдер өлкөнү кыйынчылыктардан алып чыгып кетеби же ого бетер кыйынчылыктардын сазына батырабы?…
Саясий туруксуздук кырдаалы
Пакистандын саясий ландшафтын Имран Хандын саясий кулашындай титиреткен окуялар аз эле болгон. Кечээ эле реформатор атыккан, жаңы башкаруу доорун убада кылган Хан бүгүн темир тордун артында отурат, муну саясий дисфункциянын жана авторитардык өзүмбилемдиктин ачык символу катары баалашууда. Аны коррупцияга жана көтөрүлүшкө үндөөгө айыптап 2023-жылы камакка алышкан, ал дароо эле жалпы улуттук нааразылыктар менен коштолду. Коомдук башаламандыктар менен күрөшкөн полиция жана Пакистандын адилеттик үчүн кыймылы партиясынын тарапкерлеринин ортосундагы кагылышты, абаны каптаган көздөн жаш агызуучу газды, чектөөгө алынган шаарларды көрсөткөн сүрөттөр социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып, өлкөдөгү демократиялык абалдын кандай экенинен кабар берди.
Имран Хандын эл арасындагы популярдуулугу туруктуу бойдон калууда. Анын камакка алынышына карабастан коомдук сурамжылоолордун жыйынтыктары анын эл, айрыкча жаштар арасында эң жагымдуу саясий лидер экенин көрсөтүп жатат. Сот системасы жана мамлекеттик аппарат аркылуу кеңири белгилүү саясий лидердин оозун жабуу элдин бийликтерге болгон ишениминне доо кетирди. Бириктирүүчү күчкө ээ болгон жана кайра жаратуучу ырааттуу пландарды сунуш кыла алган ишенимдүү оппозициясыз жетекчиликтеги вакуумду жана андан келип чыгуучу кесепеттерди тереңдетет.
Ошол эле убакта Пакистандын армиясы көшөгө артындагы таасирдүү оюнчу катары башкаруу тизгинин колдо бекем кармоону күчөттү. Истеблишменттин кол жоолугу болгон убактылуу өкмөттөр коом үчүн маанилүү реформаларды жасай алган жок. Мамлекеттик институттар менен элдин ортосундагы байланыштын ажырымдыгы күчөп барат, анткени башкы маани бийликти кармап туруу эсептелип, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жагы начарлап кеткен.
Экономикалык чегинүү
Пакистандагы экономикалык кризис кокусунан пайда болгон көрүнүш эмес, ал көп жылдык натыйжасыз башкаруунун, популисттик чыгымдардын жана структуралык реформаларды жасай албоонун натыйжасы эсептелет. Акыры келип 2024-2025-жылдары кыйынчылыктар чекке жетип калды.
Инфляциянын кескин жогорулашы, рупийдин кунарынын кетиши жергиликтүү элдин акыбалына карата перманенттик сокку болду. Азыркы учурда инфляциянын көрсөткүчү болжол менен 30 пайыздын тегерегинде, ал эми тамак-аш продуктыларынын жана отундун баасы рекорддук бийиктикке жетти. Буудай, кант жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги товарлар орточо жашаган пакистандыкка кол жеткис болуп калды. Рупиянын курсу долларга карата курсту эске алганда 300 пакистандык рупийге туура келип, 2025-жылдын башталышында кунунун кетиши боюнча тарыхый минимумга жетти. Мындай девальвация импорттун наркын көтөрүп, инфляцияны ого бетер тереңдетти да, кожолук чарбалар менен ишкалардын баарына бирдей сокку урду.
Карыз капканында
Пакистандын тышкы карызы 130 миллиард доллардан ашат, ал эми карыз боюнча жыл сайынкы сырткы төлөмдөр дээрлик 25 миллиард долларды түзөт. Бул карыздардын көпчүлүк бөлүгү Кытай-пакистандык экономикалык коридорунун (КПЭК-CPEC) алкагында Кытайга таандык, ошондой эле коммерциялык кредиттердин жана Эл аралык валюта фондусунун карыздарынын көлөмү да аз эмес.
Ошол эле мезгилде өкмөт дефольтту болтурбоо максатында Эл аралык валюта фондусунан ырааттуу жардам алууга жетишип атат, ал каржылык жардамдар болсо катаал шарттар – субсидияларды чектөө, энергетика жаатында тарифтерди көтөрүү, мамлекеттик сектордо эмгек акыны кыскартуу сыяктуу чаралар менен коштолгон, алар коомдук башаламандыктарга алып келет. Эл аралык валюта фондунан 2024-жылдын акырында 3 миллиард доллар транш алганына карабастан инвесторлордун ишеними менен күчтүү фискалдык башкаруунун жоктугунан экономика дале стагнация абалында турат.
Өсүштүн басаңдоосу
Өткөн 2024-жылдын жыйынтыгы менен экономиканын өсүшү 1,2 пайызды түздү, бул калктын санынын өсүшүнөн улам келип чыгуучу өсүү зарылдыгынан кыйла аз. Кыскасы, экономиканын өсүү темпи калктын санынын өсүү темпине жете албай жатат. Өнөр жай өндүрүшү кыскарып кетти, экспорт стагнацияга кабылды, ал эми чет элдик түз инвестициялардын изи кургады. Электр кубатын берүүдөгү үзгүлтүктөр жана отун менен камсыз кылуудагы жетишпестиктер өндүрүмдүүлүктү ого бетер жарга кептөөдө жана карыздардын кымбаттыгы ишкерликти жана инновацияны бууп турат.
Социалдык башаламандыктар жана аргасы кеткен коомчулук
Пакистандагы кризистен улам келип чыккан адамдын жоготууларын так баалап айтып берүү кыйын. Миллиондогон адамдар жакырчылыктын чегинен ары кетишкен. Жумушсуздук, бул айрыкча жаштар арасында тынымсыз өсүп баратат. Университеттер жылына миңдеген бүтүрүчүлөрдү чыгарышат, бирок алардын көпчүлүгү жумуш таба алышпайт.
Барган сайын коомдук иренжүү өсүп барат. Кайсы бир кездерде саясий өңүттөгү нааразылыктар болуп келсе, эми негизинен экономикалык негиздеги нааразылык кыймылы күчөдү. Эмгекчилердин иш таштоолору, Белуджистандагы жана Хайбер-Пахтунхведеги фермелердин жүрүшү жана башаламандыктары коомдук турусуздуктун деңгээлин көрсөтүп турат. Узак мезгил бою улуттук туруктуулуктун негизи деп айтылып келген ортоңку тап инфляциянын жана коопсуздуктун жоктугунан бүлгүнгө учурады.
Май куюучу бекеттердеги узун кезек күтүүлөр, азык-түлүк дүкөндөрүндөгү жайдак тактайлар, баалардын өсүп кетишине нааразы болгон көчө соодагерлери күндөлүк кыйын жашоонун маңызын көрсөтүп турат. Ошол эле кезде элита элге көрүнбөгөн жабык жамааттарда жана чет элдик пайда табуучу чөйрөлөр менен алек болуп жүргөндө карапайым пакистандык жаран тамак-аш сатып алсамбы же электр кубатына төлөсөмбү деп башы маң.
Глобалдык ченем
Пакистандагы туруксуздук бул ички гана көйгөй эмес. Өзөктүк куралы бар жана Түштүк Азиянын, Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын кесилишинен орун алган өлкө үчүн ар кандай ички жарылуу аймактык жана глобалдык масштабда олуттуу кесепеттерге алып келет. Кошуна Афганистанда Талибан улам күчүнө кирип, коопсуздук жаатында чочулоолор пайда боло баштаган мезгилде Индия менен болгон чек ара чыңалуусу дайымкы көрүнбөгөн ички агым катары кала берет.
Кытай-пакистандык экономикалык коридорунун (КПЭК-CPEC) алкагында Кытайдын Пакистандагы боло келген кызыкчылыктары да коркунучта калууда. Пакистандагы келип чыккан кыйынчылыктар “Бир алкак, бир жол” демилгеси алкагындагы Пекиндин аймактагы кеңири амбицияларын да коркунчта калтырды.
Деген менен АКШ жана Эл аралык валюта фонду гуманитардык жана миграциялык кризистин келип чыгышынан чочулап, байкоо салып турган кези.
Алга карай жол – эгер ал болсо
Алдыдагы кыжаалат күтүүлөргө карабастан калыбына келтирүүнүн жолу кантсе да бар, бирок ал жалпы курмандыкка жана жоопкерчиликке негизделген эрктүү, бирдиктүү башкарууну жана коомдук келишимди талап кылат.
Баарынан мурда саясий жарашуу зарылдыгы бар. Имран Хандын камакта узак жатышы араздашууну күчөтүшү гана мүмкүн. Демократиялык процессти кайра жандандыруу үчүн бардык саясий тараптардын, жарандык коомдун жана аскер чөйрөлөрүнүн катышуусундагы улуттук диалог керек. Ачык-айкын шайлоолор, көз карандысыз сот системасы жана прессанын эркиндигин коргоо мындай жаңыруунун негизги чордонунда турушу ылаазым.
Экинчиден, экономикалык реформалар негизги приоритет болууга тийиш. Бул деген өзүнө кирешелер базасын кеңейтүүчү салык реформасын, мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоону жана импортко салыштырмалуу экспортту стимулдаштырууну камтып турат. Бардык деңгээлдеги корупция менен күрөшүүнү сөз гана эмес, иш жүзүндө да жүргүзүү зарылдыгы бар.
Үчүнчүдөн, адам капиталына инвестиция жасоо – билим берүү, саламаттыкты сактоо жана кесиптик даярдык багытындагы аракеттер узак мөөнөттүү туруктуулуктун негизи болуп калышат. Пакистандын жаштары моюнга түшкөн жүк катары эмес, өлкөнү жаңы доорго алып баруучу ыйгарым-укуктуу актив катары каралышы керек.
Акыр аягында, эл аралык коомчулук Пакистанды ара жолго таштабашы керек. Башкаруу реформасынын шартындагы максаттуу жардам көрсөтүүлөр, карыздарды реструктуризациялоо жана соода өнөктөштүгү – кырдаалды турукташтырууга жардам бере алат. Бирок, башкы жоопкерчилик Пакистандын лидерлерине таандык, алар жеке кызыкчылыктан жана партиялык саясаттан өйдө көтөрүлүп, кыйынчылыкка кептелген өлкөнү сактап калуулары зарыл.
Бүгүнкү Пакистан – бул башкаруу натыйжасыз болгондо, ал эми популизм пландоодон бийик туруп калганда келип чыгуучу кесепеттерден алыс болуунун таржымалы. Өлкө эки айрылыш жолдо турат – бир жол мындан да кесепеттүү хаоско, экинчиси – жаңырууга алып барат. Бүткүл дүйнө, эң биринчи пакистандыктар кризисти мүмкүнчүлүккө айландыруучу лидерликти күтүп, байкап турушат. Ошол лидерлик келип чыгабы, бул азыркы таптагы аныктоочу маселе болуп калды.
Эркинбек КАМАЛОВ.