www.versia.kg
Четверг, Июнь 12, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ИНДИЯНЫН ЖУМШАК ТААСИРИ – ЙОГА, КИНО, ЭЛДЕРДИН БАЙЛАНЫШЫ

23.05.2025
0 0
0
SHARES
67
Просмотры
Бөлүшүү

Индиянын Бишкектеги элчилиги Чолпон-Атадагы Ысык-Көл жээгинен алыс эмес жерде жайгашкан IHSM Elite кампусунда йога сеансын өткөрдү жана бул Эл аралык йога күнүнүн быйылкы 11-белгиленишине 50 күн калгандагы саамалык болду. Бул иш-чара Индия тарабынан йоганын артыкчылыктарын жайылтуу жана эл аралык жагымдуулугун кеңири майрамдоо боюнча глобалдуу компанияларынын алкагында өттү. Сеанска студенттер, окутуучулар жана жергиликтүү тургундар катышып, бул йоганын бир бүтүн практика катары чек аралардан аттап, өнүгүп жатканын билдирет. Ошондой эле бул иш-чара Индиянын Борбордук Азияга тышкы саясий байланыштарынын алкагындагы дайымкы маданий аракеттерин көрсөттү.

Борбордук Азияга Индиянын жумшак таасиринин өсүшү

Байыркы салт-санааларга жана баалуулуктарга негизделген Индиянын жумшак таасири Борбордук Азиянын өлкөлөрү ичинен Өзбекстан менен Кыргызстандын аудиториясында жылуу кабыл алынды. Суфи музыкасы, болливуд кинолору, йога, улуттук ашкана жана жалпы тарыхый мурастар аймактагы өз ара байланыштарды бекемдөөдө роль ойноду.

Ташкенттеги 1995-жылы негизделген жана 2005-жылы Лал Бахадур Шастри ысмын алган Индиянын маданий борбору Өзбекстандагы өз ара маданий байланыштардын борбордук очогу болуп калган. Борбор дайыма йога, хинди, катхак жана табла бийи боюнча акысыз сабактарды өткөрүп, жергиликтүү жамаатта кеңири белгилүү болуп калды. Йога жөн гана дене тарбиясынын бир формасы катары эмес, жашоо образы катары да каралууда.

Тилдик жана маданий алмашуулар адаттагыдан бекем байланыштарды орнотууда чечкиндүү ролду аткарып жатат. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2015-жылы Ташкентке иш сапары менен келген кезде жеке жана маданий байланыштарды бекемдөөнун маанилүү экенин белгилеген эле. Ал Өзбекстандагы индиялык музыка жана кинонун кеңири таркалганын эске алып, өз ара түшүнүүчүлүк жагынан анын ролун баса көрсөткөн. Атап айтканда, 2022-жылы Өзбек радиосу хинди тилинде уктуруу берилгенинин 50 жылдыгын белгилеген, бул да маданий дипломатиянын маанилүү доору болуп калды.

“Борбордук Азияны байланыштырабыз” саясаты

Индия менен Борбордук Азиянын стратегиялык өз ара аракеттенишүүлөрү 2012-жылдын июнунан, Бишкекте өткөн биринчи Индия – Борбордук Азия диалогу учурунда ошол кездеги мамлекеттик тышкы иштер министри Э. Ахмед жарыялаган “Борбордук Азияны байланыштырабыз” саясатынан  баштап кыйла расмий өң-түскө ээ боло баштады. Бул саясат эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык аркылуу саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды тереңдетүүгө багытталган. Жыл сайынкы Индия – Борбордук Азия диалогу окумуштууларды, өкмөттүк чиновниктерди жана бизнес жетекчилерин кызматташтыкты жана өз ара түшүнүүчүлүктү күчөтүү максатында бириктирип келет. Колго алынган саясат негизги багыттар болгон соода, инвестиция, коопсуздук, билим берүү жана энергетика жаатында өз ара активдүү аракеттерди белгилеп жатат.

Борбордук Азия Индиянын кеңири коңшулаштык мамилесинде, айрыкча Афганистан жана Пакистан аймактарындагы коопсуздук динамикасы жаатынан алып караганда маанилүү компонент болуп саналат. Террорчулук, маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, куралдарды таркатуу жана аймактык туруксуздук сыяктуу көйгөйлөр Индиянын Борбордук Азия менен стратегиялык байланыштарын ого эле маанилүү экенин тастыктап турат. Индия Борбордук Азиянын геостратегиялык абалын жана анын жаратылыш байлыктарын өзүнүн аймактык кызыкчылыктарынын чордону катары карайт. Анткени Нью-Дели чет өлкөлөргө карата экономикалык кызыкчылыктарын жайылтып жаткан кезде Борбордук Азиянын тынчтыгы жана туруктуулугу анын узак мөөнөттүү өсүү жана коопсуздук максаттары үчүн абдан маанилүү.

Деген менен, дүйнөлүк державалардын күчөп бараткан атаандаштыгы сезилип турган аймактын геосаясий татаал ландшафты Индиянын өз ара аракеттенишүүлөрү үчүн көйгөйлөрдү жаратууда. Аналитиктердин белгилешинче, Индиянын Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен болгон эки тараптуу мамилелери аймактык атаандашуулардын кеңири контекстинде туруктуу жана көз карандысыз өнөктөштүктү куруу үчүн чечүүчү мааниге ээ болот. Советтер Союзунун 1990-жылдардын башталышында таркап кетиши жана Борбордук Азия мамлекеттеринин көз карандысыздыкты алышы Индия үчүн жаңы дипломатиялык жана экономикалык жолдорго эшик ачты. Ошондон бери карай Нью-Дели акырындык менен өзүнүн тышкы саясатын –“Кеңири коңшулаштык” саясатынын бөлүгү катары аймакты концептуалдаштыруудан 2012-жылдагы Борбордук Азияны бириктирүү аркылуу өз ара аракеттенишүүлөрдү формалдаштырууга чейинки саясатын адаптациялады.

Индия Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөр менен бекем саясий жана маданий байланыштарды өнүктүрүү жагынан ийгиликтерге жетишкени менен экономикалык кызматташтык жагынан алга жылыштар анчалык байкалбайт. Буга негизги структуралык тоскоолдуктарды жаратып жаткан нерсе – аймакка түз жетип баруунун географиялык кыйынчылыктары, бул байланыштарды гана чектебей, соода агымдарын да бууп турат. Бул көйгөйлөргө карабастан Индия дипломатияны, потенциалды арттыруучу демилгелерди жана маданий алмашууларды, бул маанилүү стратегиялык аймакта болуу жана таасир арттыруу багыттарын камтыган көп кырдуу стратегияны алып барууда.

Индия, ошондой эле, 1964-жылы премьер-министр Лал Бахадур Шастри ишке киргизген Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтыгы (ITEC) программасы аркылуу өнүгүү багытындагы жардамдарын көрсөттү. Өз ара өнүгүүнү жана жалпы максаттарды мерчемдеген бул программа Азия, Африка жана башка өлкөлөр менен техологиялык жана экономикалык кызматташууга көмөк берет. Деген менен, Индиянын тышкы саясат жаатындагы маданий дипломатиясынын артыкчылыктуу жактарына өзгөчө баа берүүгө азырынча эртелик кылат, анткени алдыда аткарыла турган ырааттуу иштер жана максаттар арбын. Деген менен, Индия көп полярдуу дүйнөдөгү өзүнүн ордун көрсөтүп келет жана анын демократиялык баалуулуктары, зомбулуксуздук жашоо жана маданий мурастары уникалдуу дүйнөлүк баалуулуктарга айшкашып, анын эл аралык имиджин жана таасирин арттырып келүүдө.

Элчиликтин Ысык-Көлдөгү йога боюнча иш-чарасы – бул өнүгүп жаткан мамилелер алкагындагы көптөгөн демилгелердин бири гана, анткени Индия бутүндөй Борбордук Азияда жалпы баалуулуктар, мурастар жана адамдардын ортосундагы байланыштар аркылуу байланыштарды  бекемдөөнү улантып келет.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

ПАКИСТАН ЭКИ АЙРЫЛЫШ ЖОЛДУН КАЙСЫНЫСЫН ТАНДАЙТ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In