Эми Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы эң көйгөйлүү сугат суусу менен камсыз кылуу жагы чечилет. Деген менен, Ооган-Талаа айылы тоолу жерде жайгашып, айыл тургундары сугат сууну Арстанбап дарыясынан 15 чакырым арык казып алып келишкен. Акыркы жылдары аймакта жер көчкүлөр жүз берип, арыктарды бөгөп калды. Анын кесепетинен тургундарынын үйлөрүнүн алдындагы жер участкалары сугат суусуз калууда. Эми болсо, сугат суу менен камсыз кылуу системасын толугу менен реконструкцялоо зарыл. Ошондо гана айыл тургундарынын көйгөйү толугу менен чечилмекчи.
Бирок, бул иштер каражатты талап кылары турган кеп, ал эми дотацияда отурган Могол айыл өкмөтүнүн буга жетишерлик каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү жок. Мына ушундай кыйын кырдаалда айылдыктарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу (ЖӨАБ союзу) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоору аркылуу жардамга келди. Долбоорду Швейцариянын өкмөтү эл аралык Хельветас уюму аркылуу каржылайт жана анын жалпы көлөмү 6,5 миллион сомго барабар.
ЖӨАБ союзунун Жалал-Абад областындагы өкүлү Турдалы Темирбаев билдиргендей, аталган долбоордун алкагында айыл өкмөттөрү атайын окуудан өтүп, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу пландарын түзүүнү үйрөнүшкөн. Андан соң, алар менен ЖӨАБ союзунун ортосунда приоритеттүү багыттар боюнча жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча гранттык кызматташуу келишими түзүлдү. Жалал-Абад областынан 14 айылга гранттар берилмей болду.
Долбоордун алкагында Жалал-Абад областынын аймагындагы Ак-Там, Ак-Суу, Ак-Коргон, Атай, Барпы, Бел-Алды, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу, Могол, Өрүктү, Сары-Булуң, Сары-Камыш, Талдуу-Булак, Терек-Сай айылдары грант алышат. Гранттык каражаттар негизинен айыл тургундары үчүн эң маанилүү инфраструктураны жакшыртуу, кеңсе техникаларын сатып алуу, балдар бакчаларын оңдоо, китепканаларды жабдуу сыяктуу иштерге жумшалат.
Т. Темирбаевдин билдиришинче, бул айылдар жөн эле жерден тандалып алынган жок, аны үчүн атайын конкурс жарыяланган.
-Биз долбоордун алкагында айыл өкмөттөрүнүн арасында калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу багытындагы долбоорлорго конкурс жарыялаганбыз. Айыл өкмөттөрү өз долбоорлору менен катышышты жана алардын ичинен жогоруда аталган айылдар боюнча долбоорлор тандалып алынды, — дейт ал. – Деги эле ЖӨАБ союзу 24 багытта кызмат көрсөтөт, ошол багыттар боюнча долбоорлор кабыл алынат. Ал эми мындай 14 айылга грант берген окуя биздин союздун таржымалында биринчи жолу болуп отурат.