Азыркы кезде мамлекеттин да, коомдун да билим берүү системасына болгон талабы күчөп жатат, анткени бул тармакка карата көз караштар ар түрдүү жана талаптар да ошого жараша. Айрыкча мугалимдердин кесиптик деңгээли, алардын заманбап даярдыгы бул жерде өтө маанилүү. Деген менен, мугалимдин билим деңгээли кесиптик чеберчилигинен бааланат, аны үчүн чыгармачылык изденүү менен эмгекти талап кылат.
Мындай талаптарды көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан мугалимдер үчүн атайын окутуулар уюштурулуп келет. Ушул тапта да мына ушундай окутуулардын бири «Кыргыз тилин эне тил катары компетенттүүлүк мамиленин негизинде окутуу» темасында аталган институт тарабынан мугалимдер арасында онлайн өткөрүлдү. Республиканын ар кайсы аймактарынан кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген мугалимдердин катышуусундагы бул окутууда сабактын жаңы ыкмаларын үйрөнүү менен иш тажрыйба алмашуу болду. Ошондой эле кесиптик пайдалуу кепкеңеш, талкуулар жүрдү.
Аталган окуу жайдын филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Такабай Асанакунов мугалимдердин билимин компетенттүүлүк мамиленин негизинде өркүндөтүү керектигин белгилейт.
— Учурдагы өтүлүп жаткан окутуунун негизги максаты — бүгүнкү күндө республикабыздын мектептериндеги жана окуу жайларындагы мугалимдердин билимин компетенттүүлүк мамиленин негизинде окутуу. Азыркы учурда окутуу процессиндеги эң башкы максат компетенттүүлүк (иш билги, билгичтик) болуп саналат. Дегеле компетенттүүлүк деген эмне? Негизги жана предметтик компетенттүүлүк — бул окуучуларды окутууда мугалимдер сабактын максатын туура, так коюусу, окуучунун позициясынан коюунун критерийлери. Окуучулардын позициясынан коюлган максат, биринчиден, мугалим тарабынан маалымдалышы зарыл, экинчиден кыска жана так болушу керек, үчүнчүдөн өлчөнө тургандай болуусу, төртүнчүдөн окуучунун позициясынан коюлган максат сөзсүз ишке ашуусу шарт, — дейт ал.
Эмилбек кызы Адина Бишкек шаарына караштуу Свердлов районундагы 46-мектепте мугалим. Ал мындай окутуунун өзү үчүн канчалык пайдалуу экенин жашырбайт.
-Мен бул окутууга катышуу менен көптөгөн керектүү маалыматтарды алдым. Сабак берген окутуучулар жөнөкөй тил менен жеткиликтүү түшүндүрүп беришти. Тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарын көрдүм, эми ушундай окууларга катышып туруу менин алдыдагы кесиптик жумушума өз жемишин берерине ишенем, — дейт ал алган билимине кубанып.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Т. Г. Шевченько атындагы 25-мектептин мугалими Айнагүл Шаршалиева болсо, тажрыйбалуу мугалимдердин бири. Ошого карабастан бул жолку окутуунун мааниси жогору экенин белгилейт.
-Мугалимдик кесипте 35 жыл иштеп жатам. Буга чейин билим берүү багытында түрдүү семинар-тренингдерге катышып, сертификаттарга ээ болгом. Бирок, мен аны менен гана чектелип калууну каалабайм. Мугалим деген тынымсыз изденүү менен түрдүү иш-чараларга катышып, жаңы нерселерди билүүгө умтулуу керек. Эки жумадан бери бул окууга жети дубандан катышып, усулдук ыкмаларын бөлүшүп, кесипкөй кесиптештер өзүнө мол тажрыйбаларды сиңирип алып жатат деп ойлойм. Сабакта анализ жүргүзүп, түрдүү пикирлер айтылып жатат, аны туура түшүнүү менен кабыл алышып жатышат. Сабак берип жаткан Т. Асанакунов, Айгүл Батыркулованын лекциялары бизге билим берүүдөгү аракеттерибизге чоң жардамы тиет, — дейт ал бул окутуулардын мугалимдер үчүн кандай пайдалуу экенин белгилеп.
Ошондой эле Жайыл районунда Кожомкул айылындагы С. Мырзабеков атындагы мектептин мугалими Каныбек кызы Ырысгүл мындай республикалык масштабдагы онлайн окутууга катышып жатканына кубанат. Анткени ал мугалимдер талбай изденген жана билим-тажрыйбасын өркүндөткөн учурда гана келечек муундарга жакшы билим бере алат деп эсептейт.
-Мамлекеттик деңгээлдеги окутууга туш болгонума кубанып турам. Мектепте иштегениме эми 3 жыл болду, тажрыйбам аз. Мугалим болгондуктан окуучуларга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү үчүн тынымсыз изденүүбүз керек. Учурдагы кырдаалга жараша аралыктан деле окуп, билим алса боло берет экен. Асанакунов агайдын сабактарынан көптү билдим, агай өз кесибинин мыктысы, компетенттүү окутуучу экенин байкадым. Эң башкысы, кандай мугалим компетенттүү боло аларын түшүнө алдым, — дейт ал окутуудан алган таасирлери тууралуу.
Демек, тынымсыз изденген чыгармачыл мугалим гана азыркы учурдун талабына жооп берген, чыгармачылык изденүү менен келечектеги мыкты иштей билген компетенттүү инсандарды тарбиялай алат. Бул болуп өткөн онлайн окутуу учурунда таасын белгиленди. Ал эми мугалимдер ушундай аралыктан окутуулардын дагы да боло беришин каалай турганы да ачык болуп калды. Демек, алдыда бул багыттагы аткарыла турган иштер да аз эмес.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 2283 мектепте 1 миллион 657 миң 756 окуучу билим алууда. Ал эми аларга 78 миңден ашуун мугалимдер таалим-тарбия берүү менен алек. Ал эми Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдердин билимин жана тажрыйбасын жогорулатуу багытында аракет жасап келет.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.