www.versia.kg
Четверг, Июнь 12, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖЕР СЕМИРТКИЧ ЭКСПОРТТОЙТ

21.03.2021
0 0
0
SHARES
197
Просмотры
Бөлүшүү

Эми Өзбекстан Республикасы кошуна Кыргыз Республикасына 120 миң тонна жер семирткичтерди экспорттойт, экспорттун жалпы көлөмү акчалай түрүндө 25 миллион долларга барабар. Бул тууралуу «Узкимёсаноат» компаниясына шилтеме берүү менен Рodrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Мындай келишимге КР президенти Садыр Жапаровдун жакында эле Өзбекстанга жасаган расмий сапары учурунда кол коюлган. Келишимге өзбек тараптан «Узкимёсаноат» компаниясынын жетекчиси, кыргыз тараптан Кыргызстан жер семирткичтерди камсыздоо бирикмесинин жетекчиси кол койгон.

Экспортту ишке ашыруу эки жылга мерчемделген жана 2022-жылы аяктайт. Андан тышкары, тараптар келишим түзгөн эки өлкөдө колдо болгон минералдык-чийки ресурстарды пайдалануу менен агроминералдык жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү уюштуруу багытында да меморандумга кол коюшкан. Мындай долбоордун жалпы наркы 1,5 миллион долларга бааланат.

Эске сала кетсек, «Узкимёсаноат» акционердик коомуна караштуу он чакты ишканаларда 170 аталыштагы химиялык продукциялар өндүрүлөт. Жылына 2,5 миллион тоннадан ашуун жер семирткичтер, энергетика, алтын өндүрүү жана химия өнөр жайы үчүн органикалык эмес заттар жана химиялык реагенттер алынат.

Мурдагы пост

АЗЫК-ТҮЛҮК АЛДАМЧЫЛЫГЫ 15 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА БААЛАНУУДА

Кийинки пост

ОН ТӨРТ АЙЫЛГА 6,5 МИЛЛИОН СОМ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

Кийинки пост
ОН ТӨРТ АЙЫЛГА 6,5 МИЛЛИОН СОМ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

ОН ТӨРТ АЙЫЛГА 6,5 МИЛЛИОН СОМ ГРАНТ БЕРИЛЕТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In