Майлуу-Суу шаарынын аймагында 53 жыл мурда көмүлгөн уран калдыктары бүгүнкү күнгө чейин элге зыянын тийгизип келүүдө. Өз кезегинде уран калдыктары атайын жайларга көмүлүп, зыянсыздандыруу иштери жүргөнү менен бүтүндөй бир аймакты радиоактивдүү заттар каптап, уран каргашасынын болуп кетүү коркунучу сакталып турат. Адистер уран калдыктары сакталган жайлар элдин саламаттыгына жана экологияга анчейин таасири жоктугун айтышканы менен жергиликтүү тургундар жабыр тартып жатышканын тастыкташат.
Майлуу-Суу шаарында шишик оорулары менен ооруп калуулар, балдардын майып төрөлүшү сыяктуу көйгөйлөр эл арасында болуп эле келет. Бирок, карапайым калк башка коопсуз жайларга көчүп кетүүгө шарты жоктон улам аргасыз радиациялык фон жогору аймакта жашоого аргасыз. Анан калса, уран калдыктары сакталган жайлар жакшы тосмолонбой, мал-жандыктардын жайытына айланып кеткен.
Майлуу-Суу шаарында жалпы 23 уран көмүлгөн жайлар жана 13 радиоактивдүү калдык үймөктөрү бар. Аларда топтолгон уран калдыктарынын көлөмү дээрлик 3 миллион кубометрге жетет. Уран калдыктары сакталган жайлар сууга жакын жайгашкандыктан жазгы жаан-чачын убагында суунун ташкыны женен жогору жактан келген сел аны жууп, Майлуу-Суу суусуна агызышы, ошентип радиоактивдүү уу заттары ылдый карап агып кетиши ыктымал. Бир нече жылдардан бери бийликтер жана эл аралык уюмдар уран калдыктарынын коопсуздугун азайтуу максатында ар кандай чааларды көрүп келишет, бирок азырынча майнаптуу жыйнытык чыга элек.
Уран калдыктарынын көпчүлүгү сайды жээктеп жайгаштырылган. Эми жаз жаандуу келип, жер көчкү коркунучу күч алды. Көчкү сайды жиреп, уран калдыктарын жууп кетүү коркунучу бар. Эгер уран калдыктарын сел жжуп, сууга агыза турган болсо, анда Фергана өрөөнүнүн бир катар аймактарындагы кеминде эле 12 миллион калктын өмүрүнө коркунуч келет. Ал эми уран калдыктарын сел коркунучтарынан сактоо үчүн быйылкы жылга эле 5 миллион сомдой каражат керек.
Эл аралык коомчулуктун жардамы менен уран калдыктары сакталган жайларды коопсуз жайларга көчүрүп, зыянсыздандырып көмүү иштери долбоорлонгон, аны үчүн 50дөн 70 миллион еврого чейин каражат керек болот. Азырынча Европа Биримдиги тарабынан долбоордун муктаждыгы такталып, аныкталып жатат, бирок ал колдоого алынабы же жокпу убакыт көрсөтөт. Деген менен, илгерки Советтер Союзунун мындай радиоактивдүү мурасынын кесепети эми эгемен Кыргызстанга тийип, анын көйгөйү менен эл аралык убмдар да баш оорутуп жатышат.
Майлуу-Суу шаары уран коркунучунда жашап жаткарына жарым кылымдан ашты, себеби ал жерге уран калдыктары 1946-жылдан баштап көмүлгөн. Мындан 53 жыл мурда, тактап айтканда 1966-жылы уран иштетүү заводу жардырылып, кийинчерээк шахталар жабылган, бирок коркунуч дале жашап жатат. Азыр Майлуу-Суу шаарында жашап турган 25 миң 637 кишнин ден соолугу, тагдыры уран калдыктарынын толугу менен зыянсыздандырылышынан жана ал коркунучтун толугу менен жоюлушунан көз каранды. Ал качан жүзөгө ашырыларын азыр эч ким билбейт…