www.versia.kg
Четверг, Сентябрь 28, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЭСТЕЛИГИ ЖОК ЭСКЕРИЛГЕН ЭРДИК

26.04.2019
0 0
0
SHARES
274
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын 33 жылдыгын белгилөө салтанаты Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арнап тургузулган эстеликке гулчамбар коюу менен коштолду. Анткени шаарда апааттын курмандыктарына коюлган эстелик алигече жок. Бир нече жылдардан бери эстелик маселесин жергиликтүү бийликке коюшат, бирок майнапчыга элек. Салтанат учурунда сөз сүйлөгөн ардагер жергиликтүү бийликке колдоолор үчүн рахмат айтып, эми күн санап катары суюлуп бараткан “чернобылчылардын” эстелик маселесин да чечип берүүсүн өтүндү.

“Жеңиш” эс алуу багында Уулу Ата Мекендик, Ооган, Баткен согуштарынын катышуууларына арналган эстеликтер катары менен жайгашкан. Алардын катарына Чернобыль апаатынын катышуучулары үчүн да жер ажыратылып, бирок азырынча бош турат. Ал эми шаардык бийликке өткөн жылы сметасы 2 миллион сомго барабар сунуш түшкөн. Азырынча жай ажыратылып, эми каражат маселеси каралып жатканын билдирди социалдык иштер боюнча вице-мэр Руслан Алтымышов.

Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында жыл сайын эле 26-апрель күнү Чернобыль апаатынын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Быйыл шаар тургундары, курман болгон катышуучулардын жакындары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Каза болгондордун жаркын элесине арналып Куран окулуп, мүнөттүк эскерүү жарыяланып, асманга ок атылды.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында 120 Чернобыль апаатынын катышуучусу болгон, учурда  алардын 23ү гана калып, баары II-III топтогу майыптар эсептелет. Социалдык жөлөк пул катары ай сайын 7 миң сом, балдарына миң сомдон каралган.

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАНДА ГЕОРГИЙ ТАСМАСЫНА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кийинки пост

МАЙЛУУ-СУУ: УРАНДЫН ТААСИРИ ДАЛЕ КҮЧҮНДӨ  

Кийинки пост
МАЙЛУУ-СУУ: УРАНДЫН ТААСИРИ ДАЛЕ КҮЧҮНДӨ   

МАЙЛУУ-СУУ: УРАНДЫН ТААСИРИ ДАЛЕ КҮЧҮНДӨ  

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In