www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КЫРК ЖЫЛДАН КИЙИН КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ

16.07.2025
0 0
0
SHARES
163
Просмотры
Бөлүшүү

-Биздин кубанычыбызда чек жок, окуу жайыбыздын студенттик жатаканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Көп жылдар бою утурумдук гана оңдоп-түзөөлөр болгон, бирок каражаттын жетишсиздигине байланыштуу толук кандуу оңдоп-түзөө болгон эмес. Эми жаңы окуу жылында студенттерибиз жаңыланган жатаканага келишет – дейт Жалал-Абад Маданият техникумунун директорунун милдетин аткаруучу Асира Амиракулова.

Ал Кыргызстандын түштүк аймагындагы жападан жалгыз маданий тармактын адистерин даярдоочу окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жатакана курулгандан бери жарым кылымга жакын убакыттан бери биринчи жолу болуп жатканын тастыктады.

— Буга чейин аталган жатакананын акыбалы өтө оор эле: сырткы көрүнүшү, ички абалы студенттердин терең билим алышына гана эмес, кышкы суукта, жайкы ысыкта нормалдуу жашап турушу үчүн мүмкүнчүлүк калбай калган эле. Анан да ички көрүмсүздүгү, мебелдердин эскилиги, күңүрттүгү – ошонун баары студенттердин окууга болгон маанайын түшүрүп турган. Ошондуктан да студенттердин бир бөлүгү батирлерде жашап жүрүшкөн, — дейт ал.

Маалыматка караганда, бул иштерге өлкө бюджетинен 10 миллион 200 миң сом каражат бөлүнүп, тендер аркылуу эки курулуш уюму капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө укук алышкан. Азыр “Береке Стрим Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен “Дом Сам Строй” жоопкерчилиги чектелген коому өз долбоорлорунда көрсөтүлгөн иштерди аткаруу менен алек.

Эгер оңдоп-түзөө иштери  толук аткарылса, 1-июлдан башталган курулуш иштери 60 күндөн кийин аяктап, жаңы окуу жылынын башталышына студенттерди жаңыртылган жатакана күтүп алмакчы. Студенттердин кызыкчылыгы үчүн эми ажатканасы, ваннасы имараттын ичинде болуп, бүт эмеректер жана төшөнчүлөр жаңыланат жана жатакананын ичинде, ар бир бөлмөдө студенттердин маанайын көтөргөн, аларга заманбап стимул түзгөн шарттар камсыз кылынат. Алардын сабакка даярдануусу, көңүлдүү эс алуусу үчүн шарттар жаралат.

-Биз өлкө жетекчилигине, министрликке аябай ыраазыбыз. Буюрса, окуу жайыбызда окуу-тарбия иштеринин деңгээли дагы да жогорулап, жакшы адистерди даярдай беребиз, — дейт А. Амиракулова.

Мурдагы пост

ИНДИЯ-БОРБОРДУК АЗИЯ: МИНЕРАЛДАР ЖАНА ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫК

Кийинки пост

ИНДИЯ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: СООДА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ

Кийинки пост
ИНДИЯ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: СООДА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ

ИНДИЯ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: СООДА КЫЗМАТТАШТЫГЫ ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫГАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In