www.versia.kg
Четверг, Июль 17, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ИНДИЯ-БОРБОРДУК АЗИЯ: МИНЕРАЛДАР ЖАНА ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШТЫК

16.06.2025
0 0
0
SHARES
97
Просмотры
Бөлүшүү

Индия жана Борбордук Азиянын беш өлкөсү аймактык байланыштарды бекемдөө жана стратегиялык ресурстар менен камсыз болуу багытында сейрек кездешүүчү элементтерди жана өзгөчө маанилүү минералдарды чалгындоо, иштетүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө милдеттеништи. Мындай консенсуска Индиянын тышкы иштер министри доктор С. Джайшанкардын төрагалыгы астында Нью-Делиде өткөн Индия–Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 4-диалогунун жүрүшүңдө жетишилди.

Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жашыл энергетикага, жогорку тактыктагы технологиялык тармактарга глобалдуу өтүү маалында сейрек кездешүүчү минералдарды жөнөтүү боюнча туруктуу чынжырды түзүүнүн маанилүүлүгүн тастыктап, индиялык кесиптештердин бул жааттагы пикирлерине макул болушту. Лидерлер сейрек кездешүүчү минералдар боюнча кызматташтыктын стратегиялык баалуулугун баса белгилөө менен аны узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык багыттагы кызматташтыкка жол катары карашты.

Алты өлкөнүн өкүлдөрү сейрек кездешүүчү минералдык элементтерди жана башка маанилүү ресурстарды казып алуу, кайра иштетүү жана туруктуу жөнөтүп турууну камсыз кылуу үчүн практикалык иш-чараларды иштеп чыгуу максатында эксперттик делегацияларды алмашып турууга кол кабыш кылуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле министрлер сейрек кездешүүчү металлдар боюнча Нью-Делиде 2024-жылдын сентябрь айында өткөн биринчи Индия – Борбордук Азия форуму үчүн ыраазылык билдиришип, биринчи эле пайда болгон мүмкүнчүлүктө экинчи форумду чакыруу зарылдыгын билдиришти.

Кабыл алынган билдирүүдө Индиянын сейрек кездешүүчү магниттердин – кайра жаңылануучу энергия системалары, электромобилдер жана алдыңкы электроника үчүн зарыл болгон маанилүү компоненттердин стратегиялык корун түзүү жана ички өндүрүштү бекемдөө аракеттерин баса белгилешти. Бул демилгелерди колдоо максатында фискалдык стимулдар каралып жатканы айтылды.

Ресурстар жаатындагы кызматташтыктан башка диалог учурунда каржылык терең интеграциянын зарылдыгы да баса көзгөзүлдү. Министрлер банктар аралык кызматташтыктын жакшыртылышы жана соодадагы улуттук валютага көмөк көргөзүү маанилүү экенин билдиришти. Инвестиция, туризм жана адамдар ортосундагы байланыштарды стимулдаштырууга кызыкдар экенин көргөзүү менен лидерлер банктар аралык жана каржылык байланыштарды бекемдөөгө мерчемделген бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү жактырышты.

Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, экономикалык байланыштарды кыйла тыгыз бекемдей турган жана чек ара аралык башкы транзакцияларга колдоо берүүгө ачкыч болуучу санариптик төлөм системаларын пайдаланууну кеңири үйрөнүп чыгуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Дүйнөлүк терроризмге чогуу каршы туруу позициясынан улам министрлер жакында эле болуп өткөн Пахалгамдагы чабуулдарды чечкиндүү айыпташты жана ар кайсы формадагы террорчулукка каршы чекиндүү күрөшө тургандыктарын билдиришти. Алар БУУнун эл аралык террорчулук боюнча жалпыга бирдей конвенциясын тезирээк кабыл алууга чакырышты жана Бириккен Улуттар Уюмунун алдында террорчулукка каршы күрөш боюнча глобалдык күч-аракеттерди бекемдөө зарылдыгын баса көргөзүштү.

Террордук актыларды уюштуруучуларды, аткаруучуларын жана каржылоочуларды жоопко тартуунун маанилүүлүгүнүн айланасында талкуулар жүрдү. Катушуучу өлкөлөр БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларын жана  FATF (акча каражаттарын чыгарып кетүүлөргө каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгуучу топ) кызматынын стандарттарын толугу менен аткарууга кызыкдар экенин тастыкташты.

Диалогдун жүрүшүндө баштан-аяк эле байланыш темасы кайра-кайра жанданып турду, бардык тараптар кеңейтилген унаа жана логистикалык коридорлордун кайра түзүүчү потенциалын моюнга алышты. Индия Түндүк-Түштүк (INSTC) унаа коридорун жана Ирандагы Чабахар портун Борбордук Азияга түз жетүүгө тоскоолдук кылган, мурдатан келаткан географиялык жана саясий тоскоолдуктардан өтүү боюнча негизги демилге катары сунуш кылды.

Диалог байланыш боюнча долбоорлор инклюзивдүү, ачык-айкын жана каржылык жактан туруктуу болушун шарттаган принципти бекитти – бул да болсо карыз тузактары жана инфраструктуралык макулдашуулардын ачык-айкын эместиги сыяктуу дипломатиянын айланасындагы төөнүн кунундай созулган глобалдуу дебаттарга ишара болду.

Индия менен Борбордук Азиянын өз ара аракеттениши тарыхтын, геосаясаттын жана экономикалык дымактардын кесилишинде турат. Жүз жылдардын аралыгында бул аймак Түштүк жана Борбордук Азиянын ортосундагы маданий жана коммерциялык көпүрө катары кызмат кылып келди.

Акыркы диалог Индиянын өзүн маданий өнөктөш катары гана эмес, стратегиялык кызыкдар өнөктөш тарап катары да көргөзүүгө далалатын тастыктап турат.

Деген менен, жашоодогу маанилүү минералдар үчүн глобалдуу атаандаштык таза энергияга өтүү доорунда күчөгөндөн күчөөдө, ал эми Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы макулдашуу жалпы стратегиялык көз караштын күбөсү эсептелет. Диалог минералдар, каржы, террорчулукка каршы күрөш жана байланыштуулук чөйрөсүндөгү дагы да терең кызматташтыкка негиз салды.

Ошентсе да сейрек кездешүүчү металлдарга жана унаа коридорлоруна болгон көңүл буруунун жанданышы аймактар аралык өз ара аракеттерге жетик мамилелерди талап кылат. Өзгөчө маанилүү минералдар геосаясий валютанын жаңы формасы болуп калган азыркы дүйнөдө Индия менен Борбордук Азиянын биригүүсү өз мезгилиндеги стратегиялык аракет эсептелет.

Өлкөлөр канчалык келечекке көз чаптырышпасын, алар муну канчандыр бир кезде Жибек Жолу менен товарларды жана идеяларды ташыган тарыхка кылчактоо менен жасашат, бүгүнкү коридорлор энергияны, технологияны жана ишенимди ташый алышат. Келечекке карата коюлган милдет жалпы тарыхты жалпы өнүгүп-өсүүгө айландыруу эсептелет.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

ИНДИЯНЫН ЖУМШАК ТААСИРИ – ЙОГА, КИНО, ЭЛДЕРДИН БАЙЛАНЫШЫ

Кийинки пост

КЫРК ЖЫЛДАН КИЙИН КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Кийинки пост
КЫРК ЖЫЛДАН КИЙИН КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ

КЫРК ЖЫЛДАН КИЙИН КАПИТАЛДЫК ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In