Индиянын Борбордук Азия менен болгон коммерциялык алакаларын стратегиялык кеңейтүү алкагында Индиянын экспорттук уюмдарынын федерациясы (ИЭУФ) Индиянын Бишкектеги жана Ташкенттеги элчиликтеринин колдоосу астында быйылкы 21-25-июль күндөрү көп профилдүү индиялык бизнес-делегациянын Кыргызстанга жана Өзбекстанга келишин уюштурду.
Бул демилгенин максаты эки тараптуу соода алакаларын бекемдөө, өздөштүрүлө элек рынок потенциялын үйрөнүү жана эки өлкөнүн рыногунда орун алган суроо-талаптарга шайкеш секторлордо индиялык экспортту арбытуу болуп эсептелет.
ИЭУФтун маалыматына караганда, ошондой эле индиялык дипломатиялык миссиялардын жана жергиликтүү соода палаталарынын маалыматтары боюнча бир катар секторлордо индиялык бизнестин экспорттук потенциалы жогору.
Өзбекстанда айыл чарба продукциялары, фармацевтика, медициналык товарлар, текстиль жана кийим, инженердик продукция жана жабдуулар, химия өнөр жайынын өнүмдөрү, унаа бөлүктөрү, канцелярдык товарлар, кол өнөрчүлүк буюмдары. Электроника, тоо-кен өнүмдөрү, зергер буюмдары менен логистика перспективдүү багыттар эсептелет.
Кыргызстан болсо, өз кезегинде айыл чарбасы (күрүч жана мал чарба өнүмдөрүн кошуп алганда), фармацевтика, тоо-кен өздөштүрүү, текстиль жана кийим-кечек, элдик кол өнөрчүлүк буюмдары, керектөө товарлары, IT жана программалык камсыздоо, электрондук компоненттер (мисалы, светодиод лампалары жана мобилдик телефон аксессуарлары), адал продукция, биологиялык чирий турган кутулар, ошондой эле билим берүү жана окутуу кызматтары сыяктуу багыттарда сунуштарын берет.
Делегациянын келишинин кыргыз этабындагы негизги окуясы болуп 22-июлда Бишкекте өткөн Индия-Кыргызстан бизнес-форуму эсептелди. Иш-чараны ИЭУФ, Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы JIA бизнес-ассоциациясы биргелешип уюштурушкан. Форумдун ачылышына Индиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав жана Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов катышып, алар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү 2023-жылда 96 миллион долларга жеткен. Мындан индиялык экспорттун көлөмү 88,4 миллион долларды, ал эми Кыргызстандан импорттоо көлөмү 7,5 миллион долларды түзгөн. Индиялык экспорттун негизин кант жана кондитердик өнүмдөр, фармацевтика, электр жабдуулары, кийим-кечек, органикалык химия жана өзөктүк реакторлор түзөт. Кыргызстандан май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү, дарылык чөптөр, минералдык отундар, мөмө-жемиштер импорттолуп келди.
Индиянын Кыргызстандагы инвестициялык ишмердиги азырынча азыраак жана негизинен тоо-кен казуу жана мейманкана секторуна багытталган. Деген менен, агрокайра иштетүү, билим берүү, фармацевтика, текстиль өнөр жайы жана IT-кызматы багытында кызыгуу жана кызматташтыктын тереңдешинин потенциалы өсүп баратат.
ИЭУФ өкүлдөрү белгилегендей, делегациянын келиши Индиянын Борбордук Азияда болуусун бекемдөө боюнча маанилүү кадам болду жана өкмөттүн экспорттук рынокторду диверсификациялоо жана аймактык экономикалык өнөктөштүктү бекемдөө багытындагы кеңири стратегиясына шайкеш келет.
Делегациянын келиши экономикалык жактан өнүгүү максатында эл аралык кызматташууларга активдүү умтулуп жаткан Борбордук Азиянын рынокторундагы улам өсүп бараткан суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн Индиянын айрыкча фармацевтика, инженерия, IT жана керектөө товалары боюнча атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Индия жана Кыргыз Республикасы байыркы тарыхый жана цивилизациялык байланыштарга негизденүү менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү улантып келатышат. Өз ара урмат-сыйга жана стратегиялык кызыкчылыктарга негизделген бул мамилелер салт катары жылуу жана өз ара урматтоо маанайында жүрүп келүүдө. Эки өлкө да стратегиялык өнөктөштөр статусунда коргонуу, коопсуздук, соода жана инвестиция чөйрөлөрүндө кызматташтыкты кеңейте беришекчи.
Кыргыз Республикасы Индиянын эл аралык умтулуштарын, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) толук кандуу мүчөлүгүн жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлүгүнө талапкерлигин активдүү колдойт.
Эки тараптуу мамилелердеги негизги учур катары 2019-жылы 13-14-июндагы Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин ШКУга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммитинин алкагында Кыргызстанга келиши болуп калды. Иш сапарынын жүрүшүндө премьер-министр Моди Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков менен жеке жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында эң маанилүү 15 келишимге жана соода, салык салуу, саламаттыкты сактоо, маалымат технологиялары жана коргонуу кызматташтыгы сыяктуу багыттар боюнча документтерге кол коюлган.
Алардын ичинен инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча эки тараптуу келишим, эки тараптуу салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана маалымат технологиялары жаатындагы меморандумдар өзгөчө маанилүү болду. Иш сапардын маанилүү жыйынтыгы катары Стратегиялык өнөктөштүк жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча беш жылдык жол картасы жөнүндө биргелешкен билдирүү болуп калды.
Коопсуздук жаатындагы кызматташтык индия-кыргыз өнөктөштүгүнүн маанилүү жагы болуп кала берүүдө. Эки өлкө тең террорчулук, экстремизм коркунучтарына жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тынчсыздангандыгын билдирип келет. Эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы ушул багыттагы байланыштар мындай чогуу аракеттерди дагы да бекемдейт.
Дагы бир маанилүү дипломатиялык окуя катары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин 2021-жылы 18-19-декабрда Нью-Делиде өткөн Үчүнчү “Индия – Борбордук Азия” диалогуна катышуусун айтууга болот. Бул форум аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк берип, Кыргызстандын Индия жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуштарын тастыктады.
Келечекте эки өлкөнүн стратегиялык позицияларынын жакындашы аймактык байланыштуулук, туруктуу өнүгүү жана эл аралык алмашуулар жаатындагы кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Эркинбек КАМАЛОВ.
