Өзбекстандын Бангкоктогу (Тайланд) Башкы консулдугу Мьянмада адам соодасы менен алек болгон кылмышкерлердин торунан Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандарынын бошонуп чыгышына жана өз өлкөсүнө кайтуусуна көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Өзбекстандын «Дунё» маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматтай жазылгандай, Өзбекстандын Башкы консулдугуна Өзбекстандын 2000-нчи жана 1997-нчи жылы туулган эки жараны Мьянмада адам соодасы менен алек болгондордун колуна түшүп калгандыгын жана жардамга муктаж экенин билдирип кайрылышкан.
Алардын айтуусунда, интернеттеги жарыядан улам Тайландга көп акы төлөнүүчү жумушка орношуу үчүн келишкен, ал жакка жетүү үчүн авибилеттер акысыз сунуш кылынган. Бирок, Тайландга жеткен учурда аларды алдоо жолу менен Мьянмага алып барышып, адам соодасы менен алектенгендердин колуна түшүп калышкан. Ал жерде аларды алдамчылык менен алек болгон колл-борборлордо иштөөгө мажбурлашкан. Баш тарткан учурда аларга зордук-зомбулук көрсөтүшүп, коркутушкан. Алардын бошонуп чыгышы жана өз өлкөсүнө кайтышы үчүн үлкөн суммадагы каражат талап кылышкан.
Өзбекстандыктар менен катар мындай акылбалга Кыргызстандын 8 жана Казакстандын 4 жараны да түшүп калган. Кыргызстандын Тайландда дипломатиялык өкүлчүлүгү болбогон себептүү кыргыз тараптын өтүнүчү менен Өзбекстандын жана Казакстандын дипломаттары кыргыз жарандарын бошотуп алуу жана өз өлкөсүнө кайтаруу иштерин уюштурушкан.
Чогуу аракеттердин жана Мьянма жана Тайланддын компетенттүү органдары менен өз ара сүйлөшүүлөрдун натыйжасында аталган үч өлкөнүн жарандары бошотуп алынып, Тайланддын Маесот чек ара пункттунда Өзбекстандын жана Казакстандын дипломаттарына өткөрүп берилген. Бошотуп алынган жарандарга убактылуу башпаанек жана тамак-аш камсыз кылынган.
Ошентип, 11-апрель күнү Өзбекстандын жана Казакстандын Тайланддагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аракети менен Өзбекстандын 2, Казакстандын 4, Кыргызстандын 7 жараны өз өлкөсүнө кайтарылды.
Бул болуп өткөн окуя Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бир туугандык, жакынкы кошуналык, стратегиялык өнөктөштүк жана өлкөлөр аралык союздаштык принциптеринин натыйжалуу ишке ашырылышы болуп эсептелет, деп жазат «Дунё» маалымат агенттиги.