Борбордук Азиянын без өлкөсүнөн – Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан — 100 кишиден турган делегация быйылкы жылдын 21-28-март күндөрү Индияда болуп кайтышты. Жаштардын бул сапары 2022-жылы январда виртуалдык форматта өткөрүлгөн Индия – Борбордук Азия биринчи саммитинен кийинки Индиянын демилгеси менен уюштурулду. Жаштардын алмашуу программасы Индия менен Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий жана экономикалык терең байланыштарды бекемдөөгө жана коомчулуктун өз ара байланыштарын чыңдоого, өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Бул жаштар делегациясынын Индияга болгон үчүнчү сапары болуп эсептелет жана бул жылы фокустук штат катары Гоа тандалып алынган. Делегациянын курамына ар кайсы чөйрөнүн жаш өкүлдөрү, атап айтканда, жаш ишкерлер, окумуштуулар, сүрөтчүлөр, спортчулар жана башка да таасирдүү инсандар тандалган. Сапар жаштарга Индиянын экономикалык прогресси, технологиялык жетишкендиктери жана бай маданий мурастары менен кеңири таанышууга мүмкүндүк түздү.
Гоада болгон учурда делегациянын мүчөлөрү мартабалуу губернатор, башкы министр жана мамлекеттик министр сыяктуу негизги мамлекеттик чиновниктер менен баарлашышты. Алар, ошондой эле, Гоанын Соода палатасы жана Менежмент институту сыяктуу белгилүү мекемелерге барышып, иштиктүү чөйрө жана Индиянын билим берүүдөгү жетишкендиктери менен таанышуу максатыныда андагы тармактардын лидерлери жана окумуштуулар менен да баарлашып кайтышты.
Делегациянын андан аркы сапарынын багыты Гоанын чегинен чыгып, Делидеги кеңири белгилүү Индия технологиялык институтуна да барышты. Ал жерде Индиянын илимдеги, технология тармагындагы жана инновациядагы жетишкендиктерин үйрөнүү менен институттун директору менен баарлашуу болду. Жаш делегаттарды ал жерде алдыңкы изилдөө демилгелери жана Индиянын экономиканы илимге негизделген колдоосу менен тааныштырышты.
Маданий чөйрөнүн артыкчылыктары менен таанышуу алкагында делегация дүйнөлүк маданий мурастардын бегилүү объектиси болгон Таж-Махалда да болду. Бул сапар Индия менен Борбордук Азиянын көп кылымдык соода, искусство жана жалпы салт-санаалар жагынан жалпы байланыштарын бекемдөө менен Индиянын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн жана тарыхый мурастарын терең баалоого мүмкүндүк берди.
Нью-Делиде жаштар делегациясы мартабалуу тышкы иштер министри доктор С. Жайшанкар жана мамлекеттик тышкы иштер министри Шри Кирти Вардхан Синг менен жолугушту. Бул жолугушуулар учурунда индиялык расмий өкүлдөр Индия менен Борбордук Азиянын тарыхый жана маданий терең байланыштарын баса белглешти. Алар соодадагы, билим берүүдөгү жана дипломатиядагы кызматташууга салым кошуу жагынан келечектин лидерлеринин ролун жакшы түшүнүү менен эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө көмөк берүүгө жаштарды чакырып кетишти.
Делегация мүчөлөрү, ошондой эле, жаштар иштери жана спорт министри доктор Мансух Мандавий менен да баарлашышты жана Индиянын социалдык-экономикалык ландшафты жана өздөрүнүн тажрыйбалары тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүштү. Бул сапар аларга Индиянын инфратүзүмдөр, билим берүү жана изилдөөлөр чөйрөсүндө динаммикалуу өнүгүп жатканын өз көздөрү менен көрүүгө мүмкүндүк түздү.
Индия менен Борбордук Азиянын жаштарынын ортосундагы алмашуулар боюнча бул демилгелер Индиянын Борбордук Азия аймагы менен ар тараптуу өз ара кызматташтык байланыштарын тереңдетүүгө кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Индия менен бул өлкөлөрдүн тарыхый байланыштарын эске алуу менен бул программа миңдеген жылдар бою келген маданий, билим жана соода алмашууларын бекемдөөгө багытталган. Ушундай демилгелер аркылуу Индия өз ара пайдалуу эсептелген узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерин түзүп, аймактык байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөөгө умтулат.
Саясатчылар, окумуштуулар жана өнөр жай лидерлери менен түз баарлашуу аркылуу жаштар делегациясынын өкүлдөрүндө Индиянын прогресси жана умтулуштары тууралуу түшүнүк бекемделди. Ал ошондой эле Индия менен Борбордук Азиянын ортосунда дипломатиялык жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө негизги ролду жаштар ойной тургандыгына кепилдик берүү менен келечектеги кызматташтыктарга негиз салынды. Билим берүү менен маданий дипломатия Индия менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүүдөгү негизги фактор болуп калды, ал эми академиялык алмашуулар жана жалпы мурастар узак мөөнөттүү кызматташтыкта негизги ролду ойнойт.
Индиянын жогорку окуу жайлары, айрыкча инженерия, медицина жана технология багытындагы университеттер Борбордук Азиянын чет элде билим алып жатышкан студенттери үчүн барган сайын таанымал болуп баратат. Индиянын бардык аймактарындагы мекемелер Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан барган студенттерди жакшы кабыл алып, аларга академиялык прогресс гана эмес, Индиянын ар түрдүү жана өзгөчөлүү коому менен кеңири тааныштууну да тартуулашууда.
Өз кезегинде Борбордук Азиядан барган студенттер индиялык маданиятка, тарыхына жана тилине жандуу кызыгуу менен карап жатышат. Индиялык изилдөөлөрдүн атайын программаларынын шарапаты менен бул студенттер Индиянын цивилизациялык баалуулуктарын жана салт-санааларын тереңирээк түшүнө алышууда. Академиялык байланыштар Индиялык маданий байланыштар кеңеши (ICCR) сунуштаган, жыл сайын аймактын жүздөгөн студенттери менен окумуштууларын колдогон атайын демилгелер аркылуу ого бетер бекемделип жаткан кез.
Бул билим берүү багытындагы алмашуулар класстагы окутуулардын алкагынан чыгып, атуулдар арасындагы байланыштарды жана өз ара сый-урматты бекемдөөдө. Эки аймактын да студенттеринин жана окуу жайларынын арасындагы өз ара аракеттенишүүлөр дагы да бекемирээк дипломатиялык жана маданий кызматташууларга негиз салып, узак мөөнөттүү кызматташтыкка жана достук байланыштарына алып келди.
Маданий дипломатия Индиянын Борбордук Азия менен өз ара байланыштарындагы маанилүү нерсе болуп калды. Индиянын өкмөтү улуттук классикалык жана элдик музыканы, бийлерди, адабиятты жана кино тармагын катыштыруу менен маданий фестивалдарды, көркөм көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды туруктуу уюштуруп келет. Бул иш-чаралар кеңири аудиторияны камтуу менен Борбордук Азиянын коомчулугуна Индиянын көркөм мурастары менен таанышууга мүмкүндүк түзөт.
Бул багыттагы айтаарлык аракеттердин бири катары Борбордук Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө түзүлгөн индиялык маданий борборлордун иш-аракеттерин атоого болот. Казакстандын Алматы шаарындагы маданий борбор йога сабактарын, хинди курстарын жана салттуу музыка, бий жаатындагы семинарларды өткөрүү менен маданий алмашуулардын маанилүү борборуна айланды. Ушундай эле борборлор маданий аралык алмашуулардын платформаларын сунуш кылуу жана Индиянын жумшак мамилесин көрсөтүү аркылуу бардык аймактарда иштеп жатат.
Бул билим берүү жана маданий багыттагы биргелешкен аракеттер Индиянын Борбордук Азиядагы өзүнүн өнөктөрү менен атуулдардын терең байланыштарын түзүүгө мерчемделген кеңири стратегиясын чагылдырып турат. Институционалдык болсун, төмөнкү деңгээлдеги болсун, бардык алмашууларга маани берүү менен Индия жалпы тарых-таржымалга жана келечекке жамааттык көз чаптырууга негизделген өнөктөштүктү инвестициялоону улантып жатат.
Аймактар аралык кызматташтык өрдөп, айрыкча Индия – Борбордук Азия саммити жана жаштар алмашуулары сыяктуу механизмдер менен канчалык арыш керип бараткан сайын билим берүү жана маданият дипломатиялык аракеттердин алдыңкы чеги болуп кала берүүдө. Алар Индия менен Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы динамикалуу жана бекем өнөктөштүктү калыптандырмакчы.
Эркинбек КАМАЛОВ.