Алмазбек ИСАКОВ: “МЕНИН МАКСАТЫМ – АЙЫЛДЫН КЕЛЕЧЕГИ”
Башкалардын өрнөгү – аракеттин башаты
Алмазбек Исаков азыр 49 жашта, эки уул, бир кыздын атасы. Сузак районундагы түштүгү менен батышынан Өзбекстан менен чектешкен, райондогу башка калктуу пункттардан обочо жайгашкан Кара-Дарыя айылынын тургуну. Ал мектепти аяктаган соң, Улуттук гвардияда 1,5 жыл кызмат кылып, кийин эмгек жолун Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунда уланткан. Баткен тарапка эл аралык террористтер кирип келгенде колуна курал алып, контракттык негизде 4 жыл бою Мекенди коргоп, кызмат кылды. Кийин өз айылына келди.
-Мен Баткенде жүргөндө айтылуу Зардалы айылында болдум. Мени какыраган таштуу жерлерде өсүп турган жемиштүү өрүкзарлар таң калтырды. Бизде сонун кыртыштуу жерлер чөп басып эле жатпайбы, ал жакта катаал шарттагы жергиликтүү кишилердин эмгеги мени суктандырды. Ошондо мен өз айылымда какыраган жерлерге ушундай бак өстүрүүнү ойлоп койдум, — дейт Алмазбек.
Ошентип, айылына кайтып келген соң айылдын түндүк тарабындагы чыгыштан батышка карай узатасынан созулуп жаткан адырга бак өстүрүү аракетин баштады. Бул адырлар тээ илгери союз мезгилинде колхоздун малын бакканы пайдаланылчу, ал кезде анча-мынча чөп чыгып, мал оттогонго жарап турчу. Акыркы 30-40 жылда күндүн табына, малдын туягына туруштук бербей, чөп чыкпай, жайытка да жарабай чаңып эле жатып калды.
-Адегенде эмнеден баштоо керектигин аңдадым – көп акча керек экен. Анткени 700 метр ылдыйдан суу тартып, 120 метр бийиктикке чыгаруу керек. Деген менен, биздин айыл деңиз деңгээлинин 800 метр бийикте жайгашкан. Эгер суу болбосо, бак өстүрүү тууралуу кеп болушу мүмкүн эмес. Мен керектүү акча топтоо үчүн Россияга иштегени кеттим, — деп кебин улады ал.
Балдарын ата-энесине таштап, Алмазбек жубайы Гулкайыр менен кошо Россияда көксөгөн тилегин ишке ашыруу үчүн акча топтоду. Бир нече жылдан кийин кайтып келди да, айыл бийликтеринен адырдан жер бөлүп берүүнү сурады. Ары тарт – бери тарт болуп отуруп, 2011-жылы 4 гектар жер бөлүп беришти. Чет жакта жүрүп тапкан акчасына суу насосун, адырдын башына суу кампасын куруп, түтүктөр менен суу чыгарууга жумшады. Мал тийбесин деп, сыртын тосмолоду. Анан көчөт тигип, тамчылатма ыкмасы менен күнү-түнү сугарып, какыраган адырга бак өстүрдү. Азыр өстүргөн багынын аянты 10 гектарга чейин кеңейип калды.
Эң кызыгы, бактын чок оротсунда 14 метрлик флагштокто Кыргызстандын туусу желбиреп, алыстан көрүнүп турат…
Кыйынчылыктарга карабады, тоскоолдуктарды жеңди
Максатка жетүү оңой эместигин, өзү 12 балалуу карапайым үй-бүлөдө чоңойгону үчүн кыйынчылык эмне экенин билчү. Атасы Зиябидин жубайы Разия менен колхоздун коюн багып, талаасында иштеп, балдарын эмгекке бышырган болчу. Анын акыбети Алмазбектин ийгилигинен көрүндү.
-Ар кайсы органдар биринен сала бири текшерип, жүдөтүп салды. Бир органдын корутундусу экинчисине каршы, башаламан иштер болду. Ошондо бизде мыйзамдар бири-бирине шайкеш келбей турганын түшүндүм. Бирок, акыры бийликтер менин жакшы идеямды, мээнетимди түшүнүштү жана тоскоолдук жасаганды токтотушту. Ошентип турсак, жергиликтүү калктын ичинен да тоскоолдук жсагандар чыкты. Биздин жайытыбыз кыскарып кетти, бак өстүрүп алды дешип, көйгөй жаратышты. Иши кылса, кыйынчылыктар көп болду, бирок баарына чыдадык, — дейт Алмазбек.
Андан калса, бак жетилгенче анын чыгымы улам артып, каржылык жактан да кыйла кыйынчылыктарды тартышты. Бирине жетсе, экинчи көйгөй этектен алып, санаага баткан учурлар болду. Ошондо жаш жубайлар оокат-ашына кеткен чыгымды кыскартып, тапканын бакка жумшашты. Албетте, мунун акыбети кайтты.
Максат — байып кетүү эмес…
Кара-Дарыя айылында адырга бак өстүрүүдөгү максат – бул жөн гана байып кетүү эмес. Анткени анын чыгымы көп, алар пайдадан кете турган чыгымы арбын. Мээнети опол тоодой. Анда эмесе, бак өстүрүүнүн кажети канчалык? Ылдый жактагы сугат жерлерден пайда таап, жашай берсе болбойт беле?
-Мен андай көп пайда таап, заңгыраган там салып, кымбат балуу машина тепкенди самаган жокмун. Карап көрсөк, айылга райондун тоолуу аймагынан Көк-Арт суусу келет. Жыл сайын агымы азайып, дээрлик жоголуп баратат. Айылдыктардын көбү жер астындагы ийме суулардан пайдаланып келишүүдө. Бирок климат өзгөрүп бара берсе, ал суунун чыгышы да кыйындап калат. Ошондуктан, айылды, адырларды да бактуу аймакка айландырышыбыз керек. Ошондо жер астындагы суулар башка жакка качпай, салкын кыртышта сакталып калат. Кептин баары ошондо. Эгерде айылдыктар жапа тырмак аймакты жашылдандыруу аракетин көрбөсөк, келечегибиз кыйын болот, — деп Алмазбек санаалуу ойлорун ортого салды.
Азыр Кара-Дарыя айыл аймагында жалпысынан 20 миңдей киши жашап турат, калктын саны улам өсүүдө. Ошол эле мезгилде жердин, суунун тартыштыгы да сезиле баштады. Анан да бул айыл Кыргызстандын эң ысык аймактарынын бири эсептелет. Демек, аны жашыл аймакка айландыруу аркылуу жер астындагы сууларды качырбай кармап калуу – тагдыр чечер маселе.
-Азыр муну айылдыктарды түшүнө башташты. Ошондуктан да биз “Жашыл өрөөн” деген багбанчылык дыйкан чарбасын түзүп, бул кыйымылды баштап отурабыз. Бул аракетибиз Президентибиз Садыр Жапаров бекиткен “Жашыл мурас” программасына да дал келет. Жашыл аймак болуу үчүн бак өстүрүү – бул ашып-ташкан пайдадан бийик турган идея. Биз аракетти уланта беребиз, — дейт ал келечек максатын ачыкка чыгарып.
Корутунду…
Албетте, айылда адырга бак өстүрүү мурда да колго алынган. Бирок, бул ирет колунда байлыгы, мансабы бар киши эмес, карапайым бир жигиттин ийгиликтүү аракети көрүндү. Алмаз Исаков айылдыктарга ийгилик жаратуу үчүн көп байлыктын эмес, көп аракеттин зарылдыгын тастыктап берди. Анан да аракет байлык табуу үчүн эмес, айылдын келечегин түзүү сыяктуу бийик идеяга баш ийдирилди. Мунун акыбетинде азыр айылдык жаштар арасында адырга бак өсстүрүүнү каалагандар, кыйынчылыкты жеңгиси келгендер, келечекти өз колу менен түптөгүсү келгендер көбөйө баштады. Айыл бийликтери да адырды, айылдык жашыл бак кылуу идеясына көчө баштады…
Деген менен, багбандардын да башында көйгөй аз эмес. Адырдын башына өз каражаты менен араң суу чыгарып, жашыл саясатты ишке ашырып жатышканы менен суу чыгарып жаткан техника үчүн электр кубатынын коммерциялык баасы кыйла көтөрүлдү, андан башка да түйшүктөр арбын. Эгер жаш багбандарга өкмөт тарабынан убактылуу жеңилдиктер каралса, бул жалпы Кыргызстандын бүгүнкү, эртеңки пайдасына багытталмак.
Жалил САПАРОВ, журналист.
