Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндиги, либералдык баалулуктар каалаганча бар, бардык сырдуу эмес маалыматтар эл ичинде, алар коомчулуктан жашырылбайт. Ар кайсы эксперт, серепчи, чиновник же журналисттер каалагандай маалыматтарды кеңири тарката алышат. Албетте, мыйзам тарабынан тыюу салынган, таркатылбай турган маалыматтар да жок эмес, аларды таркатууга болбойт. Деген менен, бул жагынан да бизде аксаган көрүнүштөр бар. Айрым тармактардын эл кеңири билүүгө тийиш болгон маалыматтары негедир коомго таркатылбай келет, андай мисалдар да жок эмес.
Мисалы, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан нефть жана анын пайдаланылышы, экспорту тууралуу дегеле маалыматтар аз. Айталы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому Жалал-Абад областында орун алганы менен биздин областтын тургундары канча нефть өндүрүлөт, аларды ким өндүрүп жатат, канча нефть кени иштетилип жатат, канча нефть кай жакка берилди же жөнөтүлдү, булар тууралуу такыр билишпейт. Себеби, мындай цифралар маалымат мейкиндигинде табылбайт, таркатылбайт. Эмне үчүн? — деген суроо туулат.
Кантсе да маалымат мейкиндигинде Кыргызстандагы нефть тармагы тууралуу анча-мынча маалыматтар пайда болуп да калууда. Мисалы, жакында эле Казакстандын сайттарында чет элдик Рейтер маалымат агенттигине шилтеме берүү менен Кыргызстандын аймагында нефтинин болжолдуу запасы миллиард тоннадан кем эмес экенин жарыялашты. Ошентсе да азыркы кезде казып алынуучу нефтинин мамлекеттик баланстагы запасы 11 миллион тонна экен да, болжолдуу жалпы запасы 500 миллиондон бир миллиард тоннага чейинки көлөмгө барабар. Муну “Экситон Корпорейшн” илимий-изилдөө институтунун жана тажрыйба-конструктордук бюросунун жетекчиси Дүйшенбек Камчыбеков билдирген. Анын айтымында, өлкө аймагында адистер нефтинин көптөгөн запасы жаткан 10 ойдуң бар. Алардын эң эле үлкөнү Фергана ойдуңу эсептелип, анда болжол менен 100 миллион тонна нефти турат. Андан тышкары, Алай ойдуңунда 70 миллион, Аксай ойдуңунда 50 миллион, Токтогул ойдуңунда 30 миллион тонна нефти бар деп эсептелинет.
Учурда Жалал-Абад областынын Кочкор-Ата нефти кендеринде жыл сайын 70 миң тоннага жакын мунай өндүрүлүп келет. Бирок, областта орун алган нефтини кайра иштетүүчү заводдун өндүрүштүк көлөмү 500 миң тонна чийки сырьёну кайра иштетүүгө жетет. Демек, бизде нефтини өндүрүп алуу жагынан артта калуучулук арбын, чалгындоо иштери да начар жүрүп жатат. Анын себептери да ар кандай, мисалы кенди бургулоонун чыгымдары өтө жогору болгондуктан каржынын аздыгы билинип калат. Атап айтканда, тереңдиги 5 чакырымдык орто өлчөмдөгү кудукту бургулаганга 2 миллион сомдун тегерегинде каражат талап кылынат, бирок чалгындоо иретинде жасалган бургулоо иштери дайыма эле оң натыйжасын бербейт. Дайыма эле бургуланган кудуктан оргуштап нефть чыгып калбайт. Ошондуктан да бул ишке, тармакка чет элдик инвесторду тартуу дайыма максатка ылайык болуп келген.
Ал эми Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынынпрезиденти Жумакадыр Акенеев мындай оор абалдан чыгуунун жолун башкача көрөт. Ал мындан бир нече жыл мурун көйгөйдөн арылууга, демек, ички жаратылыш ресурстарын өндүрүп жана иштеп чыгууну көбөйтүүгө Азербайжан өкмөтү менен биргеликте нефтини кайра иштетүүчү жаңы заводдун курулушу оң таасирин бериши ыктымалдыгын айткан. Азербайжандыктар нефтини кайра иштетүүчү бир ири жана түндүк-түштүктө майда заводдорду куруу менен жылына эки миллион тонна нефтини иштеп чыкса боло турганын айтышкан. Бул болсо, өлкөнүн мунай каражаттарына болгон керектөөлөрүн толугураак канааттандырмакчы эле. Албетте, мында Азербайжан Кыргызстандагы нефтини өндүрүп алуу маселесине эмес, өзүндөгү нефтини Кыргызстанда кайра иштетип, сатуу жагын көбүрөөк ойлогону да көрүнүп турат. Канткен менен, бул долбоор кийин негедир ишке ашпай калды.
Бизде нефть продуктыларын өндүрүп алуу өтө аз көлөмдө болуп жатат да, өзүбүздүн керектөөлөрүбүздү өзүбүз канааттандыра албай жатабыз. Ошондуктан дайыма Казакстан менен Россиянын нефть продуктыларына көз каранды болуп келебиз. Бирок, жакында жарык көргөн маалыматтар, албетте бул көйгөйдү жакшы билгендерди кыйла ойлондуруп койду. Мисалы, 2018-жылы Кыргызстандан Таиландга товар экспорттоо көлөмү 11,4 пайызга өскөн экен. Бул негизинен нефть продуктыларын экспорттоого тиешелүү экенин жазат интернет-сайттар Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматтына негизденип. Муну Улуттук статистика комитети да тастыктаган. Анын маалыматы боюнча да экспорттук өсүү 11,4 пайызды түзөт. Эгер акчалай алсак, экспорттун көлөмү 200 миң долларга жеткен же биздин сомго 14 миллион. Бирок, анын ичинен нефтинин экспорту канча экени айтылбай кала берүүдө. Айрым эксперттер бул Казакстандан чыгып жаткан аткезчилик нефтисини байланыштуу экенин айтышууда. Ошондуктан да Казакстан быйыл февраль айында Кыргызстанга чыгуучу нефтиге көзөмөлдүк күчөтүлө турганын билдирген.
Ал эми май айында Кыргыз өкмөтү мунайды мыйзамсыз сатууларга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтып, Өкмөт башчы орун басары Жеңиш Раззаковду кызматтан алам деп коркуткан. Мунайды темир жол аркылуу гана ташып келүүнү талап кылган. Ошондон кийин гана тиешелүү органдар аткезчиликке каршы күрөш башташып, керектүү чараларды жайылтышкан.
Деген менен, Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, мунайды көмүскө соодалоо көлөмү Кыргызстанда 2017-жылы 17,4 пайызды түзгөн. Ал эми 2018-жылы он ай ичинде анын көлөмү 25,2 пайызга өскөн, демек, ар бир төртүнчү литр мыйзамсыз сатылган.
Негизинен абал ушундай, нефтиге байланышкан маалыматтар башка булактардан алынууда, бирок “Кыргызнефтегаз” ААКтан эмес. Бул компания маалыматтарды жашыруу, сыртка чыгарбоо саясатын жүргүзүп жатканы да түшүнүксүз. Себеби, быйылкы жылы Жалал-Абаддагы “Контент-медиа” коомдук фондусу бул компаниянын жетекчилигине кагаз жүзүндө суроо-талап менен кайрылып, нефть өндүрүүнүн көлөмү жана нефть продуктыларын уурдоолор боюнча маалымат берүүнү суранган. Бирок, бул компаниянын жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартты да, “Контент-медиа” коомдук фондусу мыйзамды бузгандыгы үчүн областтун прокуроруна арыз менен кайрылды. Бирок, кыргызстандык мыйзамдардын алешемдигиби же мыктылыгыбы, айтор областтык прокуратуранын да бул компанияга тиши өтпөдү, себеби “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик эмес, жеке менчик компания болуп чыкты. Аны текшерүүгө алууга прокуратура органдарынын укугу жок экен. Эми иш сот аркылуу гана чечиле турган болуп калды.
Буга чейин “Кыргызнефтегаз” компаниясы нефтинин уурдалып жатканы тууралуу дайыма маалымат таркатып келген, бирок так маалыматтар берилген эмес. Канча нефть уурдалганы тууралуу маалымат жок, ким уурдаганы тууралуу да. Балким бул жерде коррупциялык себептер да болушу мүмкүн, азырынча белгисиз.
Кандай болгон күндө да кыргыз нефтиси тууралуу маалыматтар коомчулукка кеңири таркалуусу, тармактын иши ачык болушу зарыл. Андай болбогон учурда, демек, ал жерде көмүскө иштер болуп жатат деген күмөн дайыма жашап тура берет.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.