www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ КИМДИ ТОКМОКТОДУ?

03.07.2019
0 0
0
SHARES
1.1k
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Мавлянбек уулу Сыдык Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Молдокеевге арыз менен кайрылып, аны Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ур-токмокко алганы тууралуу билдирген. Ошондой эле мыйзам алкагында жоопкерчиликке тартууну сураган. Бул тууралуу ички иштер органдарындагы булактар маалымдашты.
Алынган маалыматка караганда, бул окуя 2-июлдан 3-июлга караган түнү болжол менен саат 01.00дөр чамасында шаар мэрине караштуу мончодо жүз берген. Жабырлануучу менен ага сырттан тааныш болгон шаар мэри М. Тагаевдин ортосунда сөз талаш болгон. Жабырлануучунун билдиришинче, шаар мэри аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн, акаарат кылган жана мурдуна катуу уруп, андан кийин да бир нече жолу уруп жиберген.
Жабырлануучу областтык оорукананын сынык-жарат бейтаптарын кабыл алуу пунктуна кайрылып, ал жерден жардам алган соң, үйүнө кеткен. Айрым алынган маалымат боюнча ал азыркы кезде үйүндө абалы начар бойдон жатат.
Ал эми милиция органдары берилген арыздын натыйжасында сотко чейинки өндүрүш иши башталганын маалымдашты.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаев 2004-жылы Бишкек шаарында адегенде Ленин райондук соту, андан кийин Бишкек шаардык соту тарабынан денеге залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишинин негизинде 4 жылга соттолуп, түзөтүү колониясында жатып чыккан. Кийин жарыяланган Мунапыстын негизинде түрмөдөн бошотулган.
Ал 2018-жылы июнь айында шаар мэри болуп шайланган. Буга чейин Жалал-Абад шаарынын 70 жаштагы тургуну М. Тагаев тарабынан зомбулук көргөнүн тууралуу КР Президентине арызданган, бул тууралуу Президентке басма сөз жыйыны убагында да кабарланган. Кийин интернет мейкидигинде Сузак районун акими менен чай ичип отуруп, коомдук жайда Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын журналисттин сыртынан сөгүп, акаарат кылган аудио-тасма жарыяланган.
Буга чейин Мураталы Тагаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени тууралуу маалыматтар таркаган.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ТОПТОЛБОЙ ЖАТКАН САЛЫК 37 МИЛЛИОН СОМГО ЖЕТТИ

Кийинки пост

КЫРГЫЗ НЕФТИСИ КӨШӨГӨ АРТЫНДАБЫ?

Кийинки пост
КЫРГЫЗ НЕФТИСИ КӨШӨГӨ АРТЫНДАБЫ?

КЫРГЫЗ НЕФТИСИ КӨШӨГӨ АРТЫНДАБЫ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In