www.versia.kg
Суббота, Февраль 4, 2023
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДЫК ИЛИМПОЗДОР -ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДА

08.07.2019
0 0
0
SHARES
140
Просмотры
Бөлүшүү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган “Илим жана билим аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн факторлорунун бири катарында” аттуу Биринчи эл аралык илимий-инновациялык форум болуп өттү. Аны өткөрүүгө Конрад Аденауэр атындагы Борбор Азия фондусу каржылык көмөк көрсөткөн жана ага Кыргызстандагы илимий чөйрөлөр, Өзбекстан жана Казакстандан келген өкүлдөр, андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынынжана жергиликтүү өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты.

Бул Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган Эл аралык форумдун биринчи бөлүгүндө ар кайсы аймактардан келген өкүлдөр 15тен ашуун баяндамалар менен чыгышып, илимдин жана билимдин аймактарды, санариптештирүүнү өнүктүрүүгө тийгизе турган таасири тууралуу баяндашты. Экинчи бөлүгү секциялык иштерге арналып, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борборунун директорунун милдетин аткаруучу, илимдин доктору Камил Сатарович Ашимов “Кыргызстандын Түштүк аймагындагы токой боюнча илимди өнүктүрүүнүн келечеги” аттуу баяндама менен чыкты.

Андан сырткары, Жалал-Абад илимий борборунан барып катышкан Жалал-Абад илимий борборунун координатору Абдисатар Досбаевдин “Кичи ГЭСтер үчүн геликоиддик, көчмө гидротурбиналар” аттуу баяндамасы, Жалал-Абад илимий борборунун “Альтернативдик энергия булактарын изилдөө” лабораториясынын башчысы Бекмолдо Чотоновдун “Микроэлектрониканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденциясы жана актуалдуу маселелери” аттуу баяндамасы, Жалал-Абад илимий борборунун “Экзогендик процесстер жана айлана чөйрөнүн булганышы” лабораториясынын башчысы Динара Канетованын “Геомаалымат системаларынын заманбап мүмкүнчүлүктөрү” аттуу баяндамасы секциялык ишке катышкандардын кызыгуусун пайда кылды.

Секциялык иштерде баары болуп илимий маанилүү 22 баяндама жасалып, анда негизинен илим, билим жана өндүрүштүн интеграциясы аркылуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, өлкөнүн түштүк аймагынын негизги көйгөйлөрү жана анын илимий чечилиши, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында аймактык илимди жана билимди илимий-маалыматтык колдоо процесстерин оптимизациялоо темаларына арналды. Ар бир илимий баяндама кызуу талкууланып турду.

Аталган форум аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү процессин ийгиликтүү жүргүзүү жаатындагы илимдин алган ордун жана ролун аныктап, бул процесстерге активдүү салым кошуу багытында уюштурулган. Форумдун катышуучулары өлкөдөгү өнүгүү процесстеринде илимдин алган орду өзгөчө экенин белгилешип, мындан ары илим менен коомдук өнүгүү аракеттеринин жалпылыгына жетишүү зарылдыгын белгилешти. Ушул максатта илимий чөйрөлөрдүн эл аралык кызматташтыгы жана өз ара тыгыз байланышы маанилүү деп табылды.

Жалал-Абад илимий борборунун координатору А. Досбаев аймактык окумуштуулардын бул эл аралык форумга катышуусу жана секциялык иштерде баяндама жасап, талкууга алынышы Жалал-Абад аймагында илимдин дагы да алга умтулушуна, натыйжалуу аракеттерди жасашына оң таасирин тийгизерин айтат. Анткени, ал жердеги илмий баяндамалар жана талкуулар жаш оумуштууларга жаңы багыттарды, идеяларды тартуулады жана умтулууларга түрткү берди.

Форумдун аягында атайын резолюция кабыл алынды.

 

Мурдагы пост

КЫРГЫЗ НЕФТИСИ КӨШӨГӨ АРТЫНДАБЫ?

Кийинки пост

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫНЫН АРАКЕТСИЗДИГИНЕНЗЫЯН ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ. МЫНДАЙ МИЛИЦИЯ КИМГЕ КЕРЕК??

Кийинки пост
СУЗАК МИЛИЦИЯСЫНЫН АРАКЕТСИЗДИГИНЕНЗЫЯН  ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ. МЫНДАЙ МИЛИЦИЯ КИМГЕ КЕРЕК??

СУЗАК МИЛИЦИЯСЫНЫН АРАКЕТСИЗДИГИНЕНЗЫЯН ТАРТЫП ЖАТАБЫЗ. МЫНДАЙ МИЛИЦИЯ КИМГЕ КЕРЕК??

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In