Өткөн 2025-жылы кошуна Өзбекстан Республикасынын дыйкандары 13 миллион 700 миң тоннадан ашуун жашылча өндүрүштү. Бул 2024-жылда өндүрүлгөн жашылчанын көлөмүнөн 1,2 пайызга көп экенин расмий булактар билдирген. Бул тууралуу эл аралык EastFruit мөмө-жемиш өндүрүүчүлөр платформасы жарыялады.
Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, жашылча өндүрүү жагынан Анжиян областы чемпион болуп саналат. Областта өткөн жылы өндүрүлгөн жашылчанын жалпы көлөмү 2 миллион 89 миң 165 тоннаны түзгөн. Анжияндыктардан кийинки эле орунда Самарканд областынын дыйкандары марага келип, алар өткөн жылы 1 миллион 686 миң 136 тонна жашылча жыйнап алышкан. Ал эми Фергана областынын дыйкандары жылдык көрсөткүчтү 1 миллион 616 миң 16 тоннага жеткиришип, үчүнчү орунда турушат.
Калган областтардагы көрсөткүчтөр да жаман эмес экенин белгилешет Улуттук комитеттегилер. Мисалы, Сурхандарыя областында 1 миллион 451 миң 656 тонна, Ташкент областында 1 миллион 378 миң 833 тонна, Бухара областында 1 миллион 190 миң 463 тонна, Наманган областында 1 миллион 163 миң 885 тонна жашылча өндүрүлгөн.
Калган Хорезм, Кашкадарыя, Жизак, Навои, Сырдарыя областтарында жана Каракалпакстанда өндүрүлгөн жашылчанын көлөмү 350 миң тоннадан 740 миң тоннага чейин жетет. Ал эми өлкөнүн башкалаасы Ташкенттин өзүндө 1 миң 557 тонна жашылча өндүрүлгөн.
