Эми Казакстанда иштеп жаткан, эки өлкөнүн тең жараны эсептелген өзбек мигранттарынын эмгек укуктары толугураак корголуп, алар зарыл өлчөмдөгү медициналык жардам алууга, иш убагында жаракат алганда зыянды төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындай кепилдиктерди камсыздаган мыйзамга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун эки өлкөнүн тең басылмалары жазып чыгышты.
Мыйзамга ылайык, өзбек мигранттары Казакстанда зарыл өлчөмдөгү акысыз медициналык жардам алууга укуктуу болушту. Ошондой эле иш убагында жаракат алып калса жана кесиптик ооруларга учураса, анын зыянын төлөтүп алууга да укуктуу болот. Эгер мигрант педагогикалык, медициналык же фармацевтикалык тармакта иштешиси келсе, өз мекенинде алган билими тууралуу күбөлүк менен иштей алат.
Буга чейин Казакстан менен Өзбекстан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жаатында өз ара келишим түзгөн. Ага ылайык, тараптар миграция жаатында иштеген компетенттүү органдардын кызматкердерин даярдоочу жана квалификациясын арттыруучу, илимий изилдөөлөрү жүргүзүүчу, мыйзамсыз миграцияга каршы чогуу ыкчам-алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүшөт.