www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ПАНДЕМИЯ КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ КАНДАЙ КЫЙЫНЧЫЛЫК АЛЫП КЕЛЕТ?

01.05.2020
0 0
0
SHARES
893
Просмотры
Бөлүшүү

Таажылуу вирустун жайылышынан улам дүйнөдө жүз берген көйгөйлөр кыз-келиндерге катастрофалык кесепетерди алып келет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калкты жайгаштыруу боюнча фондусу (ЮНФПА) билдирүү тараткан.

Эгер таажылуу вируска байланыштуу карантин дагы жарым жылга узарып кетсе, аз жана орто кирешелүү 114 өлкөдөгү 47 миллиондон ашуун кыз-келиндерде бойго бутүүнүн алдын алуучу каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү калбай калат. Мунун өзү жакынкы эле айларда пландалбаган 7 миллион бойго бүтүп калууларга алып келмекчи. ЮНФПАнын эксперттери жүргүзгөн изилдөөлөргө таянып, ушундай тыянакка келишти.

Деген менен, азыркы тапта бардык күчтөр пандемияга каршы күрөшкө багытталууда, көптөгөн клиникаларда жарандарга өзгөчө жардам көрсөтүү, пландуу операцияларды жасоо жана алдын алуучу чараларды ишке ашыруу кийинкиге калтырылган. Кыз-келиндердин өзү таажылуу вируска кабылып калуудан чоочуп, дарыгерге барышпайт. Карантиндин кесепетинен бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен камсыздоо иши токтоп калды, ошол эле кезде үй-бүлөлүк зомбулуктун статистикасы өсүп кетүүдө. Натыйжада кыз-келиндер үй-бүлөнү пландоо каражаттарына жете албай калышты.

БУУнун эксперттеринин эсеби боюнча, карантиндеги ар үч ай сайын эки миллион кыз-келиндер заманбап контрацептик ыкмаларга жетпей калышат. Андан сырткары, эгер карантин дагы жарым жылга узарса, анда дүйнө боюнча кеминде 31 миллион гендердик зомбулук учурлары жүз берет. Карантиндин ар бир үч айында бул көрсөткүч дагы 15 миллионго көбөйө берет.

Пандемия убагында ЮНФПА аялдардын саламаттыгын коргоо боюнча долбоорлорун токтотууга туура келди. Деген менен, көйгөйлөр дагы эле көбөйүп жаткандай, себеби жакынкы жылдары Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө салтка айланган “ыздарды сүннөткө отургузуу” (обрезание) сыяктуу жапайы процедурадан 2 миллион кыздар жабыр тартышса, 2030-жылга чейин 13 миллион жашы жете элек секелек кыздар турмушка чыгып, тагдыры талкаланмакчы.

БУУнун Калкты жайгаштыруу боюнча Фонду бардык өлкөлөргө ушул багыттарда тийиштүү алдын алуу чараларын көрүү чакырыгы менен кайрылууда.

 

Мурдагы пост

КАЗАКСТАН: ӨЗБЕКСТАНДЫН МИГРАНТТАРЫНЫН ЭМГЕК УКУКТАРЫ КОРГОЛОТ

Кийинки пост

БУУ: БИР ЖАРЫМ МИЛЛИАРД БАЛА АРАЛЫКТАН ОКУП ЖАТАТ

Кийинки пост
БУУ: БИР ЖАРЫМ МИЛЛИАРД БАЛА АРАЛЫКТАН ОКУП ЖАТАТ

БУУ: БИР ЖАРЫМ МИЛЛИАРД БАЛА АРАЛЫКТАН ОКУП ЖАТАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In