Кезектеги машыгуу – жалпы максаттар алкагында
Кыргыз Республикасынын Коргонуу министрлигинин расмий сайтында билдирилгендей, 2025-жылдын 10-мартында КР Коргонуу министрлигине караштуу 52806 аскер бөлүгүнүн базасында “Канжар-ХII” кыргыз-индиялык атайын багыттагы бөлүктөрдүн биргелешкен машыгуусу башталды.
Индия менен Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн 12-нчи “Канжар-ХII” биргелешкен машыгуусу Кыргызстанда башталып, ал 23-мартка чейин созулмакчы. Бул жыл сайын өткөрүлүп туруучу аскердик машыгуулар эки өлкөнүн улам тереңдеп бараткан стратегиялдык өнөктөш экенин баса көрсөтүп, анын өткөрүлүүчү жайы жыл сайын алмашып турат. Мындан мурунку машыгуулар 2024-жылы январь айында Индияда өткөрүлгөн эле.
Индиялык тараптан машыгууларга бул жолкусунда Индия армиясынын атайын багыттагы парашюттук полку катышып жатса, кабыл алган кыргыз тараптан “Скорпион” бригадасы катышып жатат. Бул машыгуулар терроризмге каршы күрөшүү жана атайын бөлүктөрдүн операциялары жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө арналып, бийик тоолуу, шаар ичиндеги жана тоо арасындагы шарттарда аскердик аракеттерге багытталган. Негизги орунда снайпердик техникага даярдык элементтери, имараттарды тазалоо жана тоо даярдыктары турат. Аскердик маневрлардан башка да “Канжар-ХII” маданий иш-чараларды, анын ичинен кыргыздын жаз майрамы эсептелген Нооруз майрамын майрамдоо да бар. Бул болсо, тараптардын ортосундагы дипломатиялык жана жарандар арасындагы байланыштырды чыңдоого кызмат кылат.
Туруктуулук үчүн биргелешкен аракеттер
“Канжар-ХII” Индия менен Кыргызстандын аймактык туруктуулукка, терроризмге каршы күрөшүүгө жана коргонуу боюнча кызматташуулар багытында жалпы максатташтыгын баса көрсөтүп турат. Улам өзгөрүп турган геосаясий кырдаалда коопсуздук чөйрөсүндөгү улам жогорулап жаткан өнөктөштүктү тастыктоо менен бул биргелешкен машыгуулар өз ара аракеттенишүүлөрдү жана чогуу окууларды жүргүзүүнү жогорулатууга багытталган.
Машыгуулардын негизги максаттары
- Террорчулукка каршы күрөшүү: эки өлкөнүн атайын бөлүктөрү шаар жана тоо аймактарында террордук коркунучтуу жокко чыгаруу тактикаларын үйрөнүшөт.
- Атайын бөлүктөрдүн алдыңкы көндүмдөрү: машыгуулар программасы снайпердик операцияларды, татаал структурдагы имараттарды тазалоону жана бийик тоолу шарттагы аскердик аракеттерди камтыйт.
- Бийик тоодогу даярдык: Кыргызстандагы татаал рельефти эске алуу менен аскер кызматчылары экстремалдык шарттарда аракет кылуу үчүн атайын оор машыгуулардан өтүшөт.
- Операцияларды чогуу пландоо жана ишке ашыруу: машыгуулардын жүрүшүндө бөлүктөр арасындагы координацияны жана өз ара аракеттенишүүлөрдү жогорулатуу үчүн ыңгайлаштырылган имитациялык атайын операциялар өткөрүлөт.
«Канжар-XII» машыгууларынын стратегиялык мааниси
Террорчулук, экстремизм жана аймактык коопсуздук жаатындагы Индия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууларды күчөтүү менен бул биргелешкен машыгуулар геосаясий жана коргонуу жаатындагы чоң мааинге ээ. Бул төмөнкүлөргө жардам бере алат деген үмүт бар:
- Коопсуздукка карата жаңы коркунучтарга каршы аскердик даярдыкты бекемдейт.
- Тактикалык тажрыйбаларды алмашуу аркылуу эки тараптуу коргонуу байланыштарын тереңдетүү.
- Террорчулукка каршы күрөштүн стратегиясын бекемдөө аркылуу аймактык туруктуулукка көмөк көрсөтүү.
- Атайын багыттагы элитардык бөлүктөр арасындагы билим алмашууларын камсыз кылуу.
Дипломатиялык күчтүү ишарат
Кыргызстан Индияны эл аралык майданда, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлүгү маселесинде дайыма колдоп келет. Мнун өзү Индиянын кыйла адилеттүү жана инклюзивдүү глобалдык башкаруу системасына карай умтулушуна дал келет. Анан калса, расмий Бишкек Индиянын Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө катары киришин активдүү жактап келди, бул коопсуздук чөйрөсүндө көп тараптуу кызматташтыктын бекемделишине шарт түзөт.
Ошентип, “Канжар-ХII” – бул жөн гана аскердик тактика жаатындагы алмашуу эмес, ал Индия менен Кыргызстандын аймактык туруктуулукка, террорчулукка каршы күрөшкө жана көп тараптуу кызматташууларга болгон жалпы умтулууларын тастыктап турат. Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү эки өлкөнүн коргонуу дипломатиясын бекемдөөгө, жөн гана аскердик өз ара аракеттенишүүлөрдүн алкагынан чыккан өз ара пайдалуу өнөктөштүккө болгон умтулууларын көрсөтүп турат.
Тарыхый байланыштар жана дипломатиялык этаптар
Индия менен Борбордук Азиянын мамилелери соодада, маданий алмашууларда жана идеаларды, динди жана философияны таркатууларда негизги ролду ойногон биздин заманга чейинки III кылымдагы Жибек жолу учурунан бери келатат. Бул багыттагы маанилүү түйүн катары эсептелген Кыргызстан цивилизациялар байланышына көмөк берип келди жана азырга чейин эки тараптуу мамилелерди аныктап келет.
Кыргызстан көз карандысыздыкты алган 1991-жылдын 31-августунан кийин Индия дипломатиялык мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн биринчилеринин катарында болду жана 1992-жылы 18-мартта ушундай мамилелерин расмий бекемдеди. Ал эми 1994-жылы Индия Бишкекте өзүнүн элчилигин ачып, ар кайсы чөйрөлөр боюнча кызматташтыктын тереңдей беришине негиз салды. 2022-жылы болсо, эки өлкө ишенимге негизделген өз ара аракеттенишүүлөрдү, жалпы баалуулуктарды жана өз ара кызыкчылыктарды кеңейтүү менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30-жылдыгын белгилешти.
Стратегиялык жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү
Индия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк тарыхый байланыштар алкагынан чыгып, соода, инвестиция, өнүгүү, коргонуу жана коопсуздук маселелерин камтууда. Эки өлкө аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн коопсуздук стратегияларын макулдашуу менен негизги глобалдуу чакырыктар болгон террорчулук, экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү маселелерин чечүү жаатында активдүү иштеп келишет. Коргонуу жаатындагы кызматташуу өнөктөштүктүн маанилүү түзүмү эсептелет, ал эми «Канжар» сыяктуу биргелешкен аскердик машыгуулар террорчулукка каршы күрөшүү жана коопсуздукту бекемдөө боюнча эки өлкөнүн умтулуштарын тастыктайт. Индиянын Борбордук Азия менен өз ара мамилелештигинин улам тереңдеши менен Кыргыз Республикасы менен болгон өнөктөштүк дүйнөнүн тынчтыгына карата жалпы көз караштар, коопсуздук жана келечектеги туруктуу өнүгүү жаатында Индиянын аймактык стратегиясынын негизги элементи болуп кала берүүдө.
Эркинбек КАМАЛОВ.