Майрам биримдикти жана тилектештикти ширетти
Мусулмандардын рамадан айынын бүтүшүн белгилеген Ийд уль-Фитр майрамы Индиянын бардык аймактарында коомчулуктун маанайынын жогорулоосу жана жигердүүлүк менен өттү.
Ийд уль-Фитр – Рамадан айындагы орозодон кийинки ооз ачуу майрамы, дүйнө боюнча мусулмандар белгилей турган маанилүү окуя. Өзүнүн миң түрлүү бай маданияты жана каада-салттары бар Индияда да Ийд уль-Фитр көтөрүңкү маанайда жана шаан-шөкөт менен өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы да өлкө аймагындагы ар кайсы жамааттар биригип, бул ыйык майрамды өздөрүнө тиешелүү уникалдуу жана өзгөчөлүү мүнөздө белгилешти. Ар кайсы аймактардагы сикх, христиан, индус, жайн жана будда жамааттары чогуу мусулмандарды ыйык Орозо айты менен куттуктап гана чектелбей, алар менен чогуу майрамдашты.
Нью-Делидеги Шах-Жахани мечитинде өтүүчү айт намазына мусулмандар адаттагыдан көп чогулушту. Жамааттар арасындагы байланыштарды бекемдөө максатында Жайпурдагы Идгах-роуд мечитине индуист туугандар гүл желекчелерин ыргытышып, мусулмандарга чаңкоосун кандыруу үчүн суусундуктарды сунуш кылышты жана муну менен Индия бидиктүү өлкө экени, коомду бузуп-жарууга жол коюлбастыгы тууралуу эскертүү бергендей болушту.
Кашмирдеги Хазрат Бал Даргах мечитинде 100 миңден ашуун киши намаз окуду. Ушундай эле көрүнүш Бхопалдагы Индияда эң чоң мечит эсептелген Тажул-Мечитте да болду.
Мечитке көп сандаган мусулмандар келип намаз окуганы тууралуу кабарлар Патна, Мирут, Сахаранпур, Хайдарабад, Канпур, Вадодара, Агра жана Газиабад шаарларынан таркады. Аграда айт намазы дүйнөгө кеңири маалым болгон Таж-Махалдын жанында окулду. Ага дүйнөдөгү тынчтыкты жана биримдикти каалаган көп сандаган мусулмандар келишти. Көптөгөн башка жамааттарга айт намазы учурунда тилектештик билдирилди.
Бул майрамдык иш-чаралар убагында Индиянын өнүгүшү үчүн мусулман жамаатынын кошуп келаткан баа жеткис салымы тууралуу айтылып, алардын ар бир индиялыкты биримдикке жетелеген патриоттук жана улуттук руху баса белгиенди.
Индиядагы Ийд уль-Фитр майрамынын мааниси
Ийд уль-Фитр майрамы өзүндө шүгүрчүлүктүн, соопчулуктун жана биримдиктин принциптерин камтыйт. Майрам асманда Рамадандын аякташы жана Ийддин башталышын түшүндүргөн Чаанд Раат деген аталыш менен белгилүү жарым айдын пайда болушу менен башталат. Бул түнү базарлар, соода жайлары аябай жанданат, анткени үй-бүлөлөр жаңы кийимерди, белектерди жана майрамдык даам-азыктарды сатып алышат. Кыз-келиндер көбүнесе колдорун хна менен жасалгалап боёшот, бул болсо майрамдык маанайды ого бетер жайылтат.
Эртеси күнү мусулмандар айт намазын окуганы мечиттерге жана ачык аянттарга чыгышат да, орозо айындагы жасалган сабырдуулукка жана жакшы адептерге шүгүр келтиришет. Ид майрамынын ажырагыс бир бөлүгү катары аль-фитр зекети, берилүүчү садака эсептелет жана ал муктаждарга камкордук көрүүнүн, алардын майрам иш-чараларына кеңири катышуусун камсыз кылуунун формасы катары кабыл алынат.
Индиянын аймактарындагы майрамдоолор
Индиянын маданий көп түрдүүлүгү ар кайсы аймактарда Ийд уль-фитрди майрамдоонун көптөгөн түрлөрү барлыгы менен түшүндүрүлөт. Өлкөнүн ар бир областы бул ыйык майрамга өзүнө гана тиешелүү болгон колоритти кошуп, салт-санаалардын бай мозаикасын пайда кылышат.
Хайдарабад – бермет шаар
Хайдарабадда Ийд уль-фитр майрамы аябагандай шаан-шөкөттөр жана жигердүүлүк менен өтөт. Жандуу базарлар жана жарык көчөлөр менен курчалган төрт мунаралуу Чарминар эстелиги майрамдык салтанаттардын чок ортосу болупкалат. Мусулмандар Индиядагы эң байыркылардан деп эсептелген тарыхый Мекке мечитке айт намазга келишет.
Шаардын кулинардык азыктары көңүлдүн борборунда болот, анткени хайдарабаддык бириани жана халим сыяктуу тамактары майрамдык салтанаттын ажырагыс бөлүгү болуп калган. Бул даамдуу тамактардын жыты абага таркап, бардык жамааттардын өкүлдөрүн майрамдоого чакырып турат.
Калькутта: маданий жуурулушуу
Ийд майрамы Калькутта шаарынын инклюзивдүү рухуна күбө болуп турат. Шаардагы эң чоң мечит Находада миңдеген мусулмандар майрамдык намазын окушат. Айлананы салттуу кийимдер, шириндиктер жана жасалгалар менен соода кылган кооз дүкөндөр шаңга бөлөйт. Калькуттадагы Ийд майрамынын уникалдуу аспектиси катары коомчулуктун майрамдык гармониясын атаса болот: ар кайсы жамааттын өкүлдөрү эч бир бөлүнбөй эле чогуу майрамдай беришет. Кондитерлер Ийд майрамына арналган атайын шириндиктерди даярдашып, бенгалдык белгилүү, салттуу шириндиктери менен чогуу тартуулашат.
Лакхнау: Навабинин мартабасы
Лакхнауда, Навабилердин шаарында Ийд уль-Фитр диний берилгендиктин жана маданий ар түрдүүлүктүн маанайында өтөт. Айшбаг Идгахта чоң жамааттар намазга чогулушат. Намаздан кийин мусулмандар ширин вермишелден жасалган, финиктер жана жаңгактар менен байытылган пудинг Шир Хурма сыяктуу салттуу даамдарын даярдашат жана сыйлашат.
Шаардагы базарлар кооз жасалгалар менен толукталып, айлана майрамдык куттуктоолор жана оюн-күлкүлөргө толот.
Дели: майрамдардын борбору
Делидеги Жама-Мечит Ийд уль-Фитр намазын окуучу борборуна айланат, ага миңдеген мусулмандар келишет. Ал эми кошуна жайгашкан Чандни Чоук туюк көчөсү биринчи керектелүүчү майрамдык зарыл товарларды сатуучу жандуу жайга айланат. Кебабдардын даамдуу жыты, бириандар жана севиян сыяктуу шириндиктер көз жоосун алып, бул кулинардык даамдуу азыктардан даам сызууга чакырып турат.
Делиге Ийд майрамынын руху коомчулуктун гармониялуу жашоосу менен коштолот, анткени башка көптөгөн жамааттардын өкүлдөрү майрамдык салтанаттарга чогуу катышышат.
Ассам: Гория жамаатынын уникалдуу салттары
Ассам шаарында түпкү Гория мусулман жамааты Ид уль-Фитрди ислам салттары жана жергиликтүү ассамдык салт-саналаары менен жуурулуштура майрамдашат. Эркектер салттуу ассамдык гамоса менен толукталган курту жана лунги кийимдерин кийинишсе, аялдар исламдын жөнөкөйлүк принциптерине ылайыкташа тигилген мекхела садор кийимдерин тандашат. Алардын ашканасы көптөгөн салтуу даамдардан турат, курамында питу (күрүч көмөчтөрү) жана дои (быштак) бар жана алар ассам гастрономиясынын ажырагыс бөлүгү саналышат. Гория жамаатынын өкүлдөрү исламдык да, ассамдык да маданий иш-чараларга тең катыша беришет да, муну менен өздөрүнүн интеграцияланган маданий үндөштүгүн тастыктап турушат.
Андхра-Прадеш: Роттела Пандуга
Андхра-Прадеш штатынын Неллор шаарындагы Бара Шахид Даргахта Роттела Пандуга же Ротияан ки Ид деп аталган жыл сайынкы үч күндүк фестиваль өтүп турат. Бул уникалдуу майрам эсептелет, анткени анда Неллодогу аялдар өз ара роти (көмөч нан) алмашуу процессин жүргүзүшөт, бул болсо жакшы тилектердин ишке ашышын жана коомдук гармонияны көрсөткөн иш-чара эсептелет. Бул фестивалга ар кайсы аймактардан диний өкүлдөр келишет, бул ушул аймактын синкреттик (ар кайсы тараптардын биримдиги) маданиятын тастыктап турат.
Ийд майрамынын кулинардык даамдары
Тамак-аш, даамдар жалпы Индияда өткөрүлгөн Ийд уль-Фитр майрамынын маанилүү аспектиси эсептелет.
Өлкөнүн ар бир аймагы өзүнө гана таандык фирмалык даамдары менен мактана алышат, бул майрамдык иш-чаралар үчүн маанилүү. Хайдарабадда акырын жагылган отто быктырып бышырылган эт – Халим Рамадан учурундагы жага Ийд майрамындагы эң көп суралган даам болуп саналат. Дели жана Лакхнау өздөрүнө таандык жыты аңкыган бириани жана чүйгүн кебабдары менен даңкталышат. Шир хурма жана севиан сыяктуу шириндиктер үй шартында эле өлкөнүн бардык аймактарында даярдалып, майрамдык маанайды көтөрөт.
Ийд уль-Фитр 2025: Биримдиктин жана кубанычтын майрамы
Быйылкы Индиядагы Ийд уль-Фитр майрамы бул өлкөнүн көп түрдүү маданиятынын байлыгы жана рухтарды бириктирүүчү фестивалы экенин дагы бир жолу тастыктады. Бул майрам өлкөнүн ар кайсы этникалык маданиятынын гармониясына жетишүүдөгү маанилүү факторлорунун бири экени да көрүндү.
Эркинбек КАМАЛОВ.