Зарыл стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык
Кыргызстан бир нече он жылдардан бери Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык программасынын (ITEC) активдүү катышуучусу болуп келатат жана өлкөнүн 1500дөн ашуун адистери Индияда ар кайсы адистиктер боюнча окуулардан өтүштү. Буга банк иштери, ишкердик, англис тилин үйрөнүү, журналистика, аудит, маалымат технологиялары, кала берсе йога да кирет.
Акыркы жылдары ITEC программасы өзүнүн ишмердик чөйрөсүн кеңейтип, ага алдыңкы багыттарды, атап айтканда, жасалма интеллект (ЖИ), нанотехнология, криминалистика жана киберкоопсуздук сыяктуу багыттарды кийирди.
Тээ 1964-жылы ишке кирген ITEC 160 өлкөнү камтып, техникалык жана экономикалык кызматташтык боюнча индиялык демилгелердин жана аракеттердин кеңири флагманы болуп калды. Бүгүнкү күндө бул программа бүткүл дүйнө боюнча 200 000 адистин окуп, билим алышын камсыз кылып, Түштүк-Түштүк кызматташтык потенциалын арттыруу боюнча демилгелердеги өзүнүн негизги жана маанилүү ролун бекемдеди.
ITEC программасынын алкагында катышуучу өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары индиялык эң алдыңкы университеттерден билим ала алышат. Бул программа толугу менен Индиянын өкмөтү тарабынан каржыланат жана катышуучулардын бардык чыгымдарын төлөп берет.
Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы ITEC аркылуу болгон өнөктөштүк 30 жылдан бери өркүндөп-өсүп, негизинен мамлекеттик кызматкерлер менен аскер кызматкерлеринин потенциалын институционалдык өнүктүрүүгө багытталды. Индиянын расмий өкүлдөрү программанын өз ара өнүгүү жана кызматташуу жаатындагы көмөгүнүн ийгиликтүү болуп жатканын баса белгилөө менен кыргыз катышуучуларынын колдоо жана мактоо пикирлерин мисал катары айтып келишет.
Индия Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү менен өзүнүн айланасындагы кеңири коңшулаш мейкиндиктеги стратегиялык өнөктөш катары байланыштарды ого бетер чыңдап келатат. Өз ара бекем кызматташуулардан тышкары да бул эки өлкө эл аралык форумдарда аймактык жана глобалдуу маселелерде өз ара түшүнүүчүлүктү бөлүшүү жана жалпы көз караштарды бекемдөө жагынан да активдүү кызматташып келүүдө. Жогорку деңгээлдеги тынымсыз саясий өз ара аракеттер ар кайсы секторлордогу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө жол ачып берди.
2022-жылдын 27-январындагы виртуалдык форматта өткөн Индия – Борбордук Азия (ICAS) биринчи саммити Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун маанилүү доорун ачты. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен чакырылган бул саммитке Борбордук Азиянын беш республикасынын президенттери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан эле. Анда Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарын аныктаган комплекстүү Декларация кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Индия – Борбордук Азия Диалогу жана соода, маданият министрлеринин дайымкы жолугушуулары сыяктуу негизги механизмдер кызматташууну бекемдөөгө пайдаланылууда. Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын ортосундагы дайымкы жолугушууларда уюштурулган коопсуздук маселелерин талкуулоолор да ошол сыяктуу аймактык көйгөйлөрдү чечүү үчүн приоритет болуп саналат.
Бекем өнөктөштүккө карабастан Индия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жана инвестициянын көлөмүнүн деңгээли өз потенциалынан кыйла төмөн болуп жатат. Эки өлкө да өсүүнүн перспективдүү бир катар секторлорун аныкташты, анын ичинде саламаттыкты сактоо, фармацевтика, билим берүү, маалымат технологиялары, айыл чарбасы, энергетика, текстиль, мейманкана бизнеси жана туризм бар. Логистика көйгөйлөрүн чечүү боюнча күч-каракеттер жүрүүдө, ошол эле кезде Түндүк-Түштүк (INSTC) эл аралык унаа коридорун жана Чабахар портун кеңири пайдалануу өз ара байланышты жана сооданы жакшырта алмакчы.
Эки өлкөнүн ортосундагы жакынкы кездерде ачылган өз ара түз авиакаттамдар туризмди жана соода алмашууларын өнүктүрүүгө салым кошот.
Эки тараптуу кызматташуулардын негизги жетишкендиктери
Телемедицина түйүндөрү: Бишкектеги, Оштогу, Караколдогу жана Таластагы ири алты оорукананы камтыган телемедицина демилгеси Кыргызстандын жарандарына турмуштагы маанилүү медициналык тейлөөнү сунуш кылат. Бул түйүндөр медициналык экспертизанын кол жетерлик болушун шарттады жана ал кеңири пайдаланылып жатат.
Маалымат технологиялар жабдуусун белекке берүү: Индия Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына наркы 27,40 лакха рупий (32 миң 311,32 доллар) турган маалымат технологиялар жабдуусун өлкөдөгү парламенттик шайлоолорун колдоо иретинде белек катары берген.
Индияны үйрөнүү борбору: Бишкектеги Улуттук китепканада жайгашкан бул борбор англис тилин, хиндини, йоганы жана катках бийин үйрөнүүнү сунуш кылуу менен индиялык билим берүүнү жана маданиятты жайылтат.
Индия Борбордук Азиянын беш өлкөсү, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн 1 миллиард АКШ доллары өлчөмдөгү кредиттик программаны (LOC) сунуш кылуу менен Борбордук Азиянын өнүгүшүнө кызыкдар экенин көргөзө алды. Бул кадам тууралуу 2020-жылдын 28-октябрында Экинчи Индия – Борбордук Азия Диалогунун жүрүшүндө жарыя айтылган.
Андан тышкары, 200 миллион долларлык өлчөмдөгү дагы бир кредиттик программа атайын Кыргызстан үчүн арналган. Бул тууралуу биринчи жолу 2019-жылы июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга келип-кетүүсү убагында жарыяланган эле.
Каржылык жардам Кыргызстандын байланыш, энергетика, маалымат технологиялары, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарбасы сыяктуу маанилүү секторлорундагы приоритеттүү өнүктүрүү долбоорлорун колдоо үчүн багытталган болчу.
Бул кадам Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана аймактын туруктуу өнүгүшүнө кол кабыш кылууга болгон далалатын баса көрсөтүп турат.
Бул максаттуу инвестициялар экономикалык өнүгүүнү, инфраструктуралык жакшыртууну шарттап, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштардын чыңдала беришине алып келери күтүлөт.
Индия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр катары мындан ары өз ара кызматташуу потенциалын толук пайдаланууга тоскоолдук кылган бөгөттөрдүн үстүнөн иштеп, активдүүлүктү дагы да арттырууга аракет кылышат. Ар кайсы секторлордун ортосундагы өз ара байланышты чыңдап жана кеңейтип, эки тарап өлкөлөрдүн гүлдөп өсүшүнө жана өнүгө беришине өз ара салым кошо беришмекчи.
Эркинбек КАМАЛОВ.