Өнөктөштүктү тереңдетүүнүн кезектеги кадамы
Индия менен Кыргызстан мындан ары да соода-экономикалык жактан кызматташтыктын ар кандай мүмкүнчүлүктөрүн табууга өз ара далалат жасап жатышат. Деген менен, 2024-жылдын ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Индиянын Кыргызстандагы убактылуу ишменимдүү ыйгарым укуктуу өкүлү Шив Мохан Сингх менен жолугушуп, өз ара өнөктөштүктүн түркүн жолдорун үйрөнүү аракети болду.
Жолгушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарбасы, энергетика, маалымат технологиялары, тоо-кен өнөр жайы, онлайн банкинг сыяктуу маанилүү секторлорду камтыган соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты. Бул жолугушуу, ошондой эле, соода жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруу жана эки тараптуу соода мамилелерин кеңейтүү багытына арналганын кошумчалай кеткен оң.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана гуманитардык бекем байланыштарды түзүүгө да арналып, айрыкча билим берүү жаатындагы кызматташтыкка басым жасалды. Кыргызстанда билим алып жатышкан индиялык студенттердин салымы жогору бааланып, Индиянын билим берүү багытындагы демилгелерине Кыргызстандын катышуусуна баа берилди. Андан сырткары, музейлер боюнча өнөктөштүк жана маданий мурастарды сактап калуу жаатындагы маселелер тууралуу пикир алышуулар болду.
Бул жолугушууну аягында Эркинов жана Сингх мырзалар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы иштиктүү байланыштарга жана маданий мамилелерге приоритет берүү жагын макулдашышты.
Тарыхый жана цивилизациялык байланыштар аркылуу өнөктөшүп келаткан Индия жана Кыргызстан ар кайсы тармактардагы өз ара аракеттенишүүлөр жагдайында дайыма жылуу жана кооперативдик байланыштарды колдоп келишет. Акыркы жылдары бул мамилелер кыйла кеңейип, соода, инвестиция, өнүгүү багыттары боюнча кызматташуу, коргонуу жана коопсуздук жагын камтыды. Эки өлкө тең жалпы коркунучтарга, атап айтканда, террорчулук, экстремизм жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жагынан өз ара тынчсызданууларын бөлүшүп келишет.
Экономикалык кызматташтык жана азыркы соода жүгүртүү
Индия менен Кыргызстандын эки тараптуу өз ара соода жүгүртүү көлөмү 2022-жылы 118 миллион АКШ долларын түзгөн. Индиянын Кыргызстанга экспортунун көлөмү 107 миллион АКШ долларына, ал эми Индиянын импорту 11 миллион АКШ долларына жеткен.
Индиянын Кыргызстанга карата экспорту башкалар менен катар кантты жана канттан жасалган кондитердик азыктарды, фармацевтикалык өнүмдөрдү, электр машиналарын жана жабдууларын, кийим жана кийим үчүн аксессуарларды (токуу үчүн жабдыктар), органикалык-химиялык кошулмалар жана өзөктүк реакторлор камтып келет.
Кыргызстандын Индияга болгон экспортунда май өсүмдүктөрүнүн үрөнү, мөмө-жемиштер, дарылык чөптөр, саман, жем, минералдык отун, мунай жана мунай дистиллияциясы үчүн продуктылар, жашылча, жемиш тамыр жана башкалар бар.
Кыргыз Республикасы индиялык ишкерлерден тоо-кен жана мейманканалар тармагында азыноолак инвестицияларды алган. Агрокайра иштетүү, билим берүү, фармацевтика, маалымат технологиялары жана текстиль – өз ара кызматташуунун маанилүү багыттары бойдон кала берүүдө.
Жол картасы жана инфраструктуралык долбоорлор
Соода жана экономиккалык кызматташуу боюнча жол картасы 2019-жылы июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга келип-кетүү учурунда кабыл алынган. Жол картасы эки тараптуу сооданын, өнүмдөрдү диверсификациялоонун жана чет элдик инвестицияларды көбөйтүүнүн тездик менен өсүшүн камсыздай турган шарттарды түзүүгө арналган эле.
Индия эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында Кыргызстандын ар кайсы министрликтери жана ведомстволору менен активдүү кызматташа баштады. Бул кызматташуу маданий демилгелер жагына да жайылтылып, Индия бул максатта Кыргызстандын бир катар мартабалуу мекемелери жана уюмдары менен чогуу иштешип жатат. Белгилүү өнөктөштөрдөн болуп Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы, Шайлоо комиссиясы, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, Манас-Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академия, Улуттук китепкана, Улуттук музей жана Кыргыз-индия биомедициналык изилдөөлөр борбору эсептелет. Бул кышматташтык эки өлкөнүн ортосундагы өз ара өнүгүүлөргө көмөктөшүү жана маданий алмашууларга багытталган.
Аналитиктердин пикирине караганда, өз ара байланыштуулуктар Индия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жана коммерциялык байланыштарды бекемдөөгө олуттуу тоскоолдуктардан болуп калды. Экономикалык терең кызматташууларга болгон жалпы кызыкчылыктарга карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициянын азыркы көлөмү өзүнүн чыныгы потенциалынан кыйла төмөн бойдон кала берүүдө.
Түштүк унаа коридору (INSTC) жана Чабахар порту соода мамилелерин жакшыртуу багытындагы логистика көйгөйлөрүн чече алмак. Бул инфраструктуралык долбоорлор унаа багыттарын оптималдаштырууга жана кыйынчылыктарды азайтууга, ошону менен эки тараптуу сооданы стимулдаштырууга зор мүмкүнчүлүк түзөт.
Индия менен Кыргызстандын ортосундагы түз авиабагыттарды киргизүү экономикалык жана маданий алмашууларды ого бетер күчөтөт деп күтүлүүдө. Бул эки тараптуу байланыштардын күчөтүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүккө зарыл импульс берүү менен туризмди өнүктүрүүгө жана коммерциялык ишмердиктин артышына жол ачылышы күтүлөт.
Стратегиялык өнөктөштүк жана аймактык кызматташтык
Индия Кыргыз Республикасын өзүнүн кеңири аймактагы кошуналарынын арасындагы маанилүү өнөк катары карап, эки тараптуу мамилелерди стратегиялык деңгээлге чейин көтөрдү. Аймактык жана глобалдуу көйгөйлөргө карата жалпы көз караштар кыйла терең жана кенен кызматташтыкка шарт түздү.
Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси менен 2022-жылдын 27-январында виртуалдык шартта болуп өткөн биринчи Индия-Борбордук Азия саммити өз ара мамилелердеги маанилүү кадам болуп калды.
Борборазиялык бардык беш республиканын президенттери, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан бул саммит кызматташуунун көптөгөн багыттарын көрсөткөн декларацияны кабыл алуу менен аяктаган. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Индия-Борбордук Азия диалогунан башка да байланыштарды андан ары чыңдоо максатында эки өлкөнүн соода жана маданият министрлеринин дамамат жолугушуулары пландаштырылды. Андан сырткары, коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуулары аймактык коопсуздук маселелерине арналмакчы.
Дипломатиялык бекем байланыштарга карабастан Индия менен Кыргызстадын ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташуулардын деңгээли өз потенциалынан төмөн бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн эки өлкө медицина, саламаттыкты сактоо, фармацевтика, билим берүү, маалымат технологиялары, инфраструктура, айыл чарбасы, энергетика, текстиль, мейманкана бизнеси, туризм жана суу энергетикасы чөйрөлөрүнө көңүл буруп жатышат. Бул аракеттер эки өлкөнүн ортосундагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана экономикалык өз ара аракеттерди кыйла кеңейтүүгө багытталган.
Өз ара түшүнүүчүлүктү жана жалпы приоритеттерди пайдалануу менен Индия жана Кыргыз Республикасы өз-ара стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетип, социалдык-экономикалык кеңири чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдирип жатышат.
Эркинбек КАМАЛОВ.