www.versia.kg
Воскресенье, Май 18, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ИНДИЯ – БОРБОРДУК АЗИЯ: ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ ЧОГУУ АРАКЕТ

26.04.2025
0 0
0
SHARES
166
Просмотры
Бөлүшүү

Террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө менен Индиянын Кирешелер департаменти (DoR) Тышкы иштер министрлиги (MEA) жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчылыгы (NSCS) менен чогуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн потенциялын жогорулатуу үчүн террорчулукту каржылоого каршы биринчи Программаны ийгиликтүү өткөрдү. Апрелдин 21-22-күндөрү өткөн бул иш-чара бүткүл Индия менен Борбордук Азиянын террорчулукту каржылоого каршы күрөш боюнча эксперттеринин башын кошуп, анда кызматташтыкты бекемдөө жана террорчулуктун каржылык негизи менен күрөшүү жаатындагы маанилүү стратегия маселелери талкууланды.

Аталган Программа Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын иш-чарага катышкан делегат-эксперттеринин арасында билимдерин алмашуу жана аймактык алмашуулар жаатындагы жакшы платформа болуп калды. Бул иш-чара глобалдуу масштабдагы коопсуздукту алдын алуу боюнча ар тараптуу биргелешкен мамилелерди жактоо менен Индия жана Борбордук Азия аймагынын ортосундагы өз ара дипломатиялык жана аскердик аракеттенишүүлөрдүн маанилүү этабын айгинелейт.

Иш-чаранын алкагындагы техникалык сессиялар DoR алдында түзүлгөн Акчалардын изин жашырып кетүүгө каршы курөшүүнүн каржылык чараларын иштеп чыгуу тобу, ошондой эле Ички иштер министрлигинин, Улуттук тергөө агенттигинин жана Индиянын каржылык чалгындоо бөлүгүнүн эксперттери тарабынан өткөрүлдү. Акчалардын изин жашырып кетүүгө каршы күрөш боюнча жана террорчулукту каржылоого каршы демилгелерге көңүл буруу менен Акчалардын изин жашырып кетүүгө каршы маселелер менен алектенген Евразиялык топтун эксперти өзүнүн баалуу идеяларын бөлүштү. Негизги көңүл виртуалдуу активдерге байланышкан жаңы көйгөйлөргө жана коммерциялык эмес уюмдар секторуна бурулду.

Сессиялар көбүнесе террорчулукту чек ара аралык каржылоо тобокелдиктерине улам көбүрөөк дуушар болуп жаткан Борбордук Азия республикаларынын уникалдуу геосаясий жана каржылык ландшафттарын тыкыр кароого багытталды. Интерактивдүү дискуссиялардын, реалдуу мисалдардын жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуулардын жардамы менен программа аймактык катышуучуларды террордук уюмдар тарабынан каржылык системаларды мыйзамсыз колдонуу көрүнүштөрүн табуу, иликтөө жана болтурбоо үчүн зарыл болгон инструменттер менен камсыздоо көздө тутулду.

Программанын кулуарларында индиялык жогорку даражалуу чиновник коопсуздуктун бирдиктүү механизмдеринин маанилүү экенин баса белгиледи: негизги дискуссиялар каржылык транзакцияларга ишенимдүү байкоо жүргүзүү жана анализдөө террордук уюмдарды табууда жана жок кылууда канчалык маанилүү экенине арналды.

Сессияларда ошондой эле виртуалдык активдерди тейлөөнү камсыз кылгандар тарабынан кыянатчылыктар көбөйүп баратканы, мисалы, криптовалюталык биржалар мыйзамсыз акча которуулар жана изин жашырган каражаттар үчүн канал болуп калганы каралды.

Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле экстремисттик топтор тарабынан акча жыйноо максатында салттуу каржылык системаларды колдонуу менен краудфандинг платформаларын эксплуатациялоонун артып жатканын карашты. Эксперттер көбүнесе гуманитардык же социалдык кампаниялардын чүмбөтүн жамынган онлайн-соопчулук чаралары радикалдык топтор тарабынан ар кандай операцияларды же өз тарабына тартуу чараларын каржылоого пайдаланыларын белгилешти.

Коммерциялык эмес уюмдар тарабынан жасалып жаткан кыянатчылыктар да иш-чарада талкууланып, тынсызданууну жараткан тенденция катары кабыл алынды. Коммерциялык эмес уюмдар өнүгүүгө жана гуманитардык камкордукка маанилүү кызмат кылганы менен террордук уюмдар алардан да пайдаланып кетүү коркунучу арбын, анткени кайрымдуулук иш-чараларынын аркасында мыйзамсыз акча агызуу иштери болушу мүмкүн. Сессиялар учурунда ушундай кыянатчылыктардын жаңы мисалдары көрсөтүлүп, бул секторду коргоо максатында этияттык менен байкоо салуунун, мониторинг механизмдеринин жана ачык болууга талаптардын протоколдору сунуш кылынды.

Андан тышкары, радикалдаштыруу аракеттерин каржылоо, анын ичинде экстремисттик идеологияны таркатуу үчун санариптик инструменттерди колдонуу жана каражат топтоо оожалып келе жаткан коркунуч катары аныкталды. Программа санариптик издерге мониторинг жасоо жана киберкриминалистиканын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу боюнча чек ара аралык кызматташууларга дем берди.

Бул демилге иш-чарага катышкан өлкөлөр тарабынан кеңири колдоого ээ болду, алардын көпчүлүгү Индия менен террорчулукка каршы күрөшүү жана каржылык коопсуздук жаатында диалогду улантууга жана кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Тажикстандык делегат программаны “заманбап жана өзгөчө баалуу” экенин белгилеп, тажрыйба жана стратегиялык алмашуулар террорчулукту каржылоого каршы аймактын жамааттык туруктуулугун арттырарын айтты.

Бул ийгиликтүү программанын аякташы менен Индия трерорчулукка каршы күрөштөгү, айрыкча өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрү арасында аймактык туруктуулукту жана институционалдык потенциалын бекемдөө жаатындагы  глобалдуу аракеттердин алдыңкы чегинде кала берерлигин билдирди. Эмитен эле кийинки иш-чараларды өткөрүү жана террорчулукту колдогон мыйзамсыз каржылык агымдарга каршы күрөшүү динамикасын колдоо үчүн максаттуу аймактык топту түзүү боюнча пландар иштелип жатат.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

ФЕРГАНАДА ТРАКТОРЛОР ЧЫГАРЫЛАТ

Кийинки пост

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫБЫ?

Кийинки пост
ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫБЫ?

ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫБЫ?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In