Алгач аким, губернатор деп аталып, кийин өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү деп аталышы өзгөртүлгөн област башчылары жөнүндө кеп кылабыз. Жалал-Абад областын буга чейин жөнөкөй адамдар, тактап айтканда, жөнөкөй эле саясатчылар бийлеген эмес экен. Көпчүлүгү андан ары кызматка көтөрүлүп, багы ачылып кеткен. Бул жагын эске алсак, Жалал-Абад областынын өкмөт өкүлү креслосу кутту орундуктай. “Байлык кумдай, колуңа батышынча гана аласың, канчалык кыскан сайын түшүп кетет берет” деп бекеринен салыштырылбаган. Бийликти деле түбөлүк колдо кармаш кыйын. Област башчылыгы эки жыл, бир жылда эле алмашып турган. Эң узак кызматта болгондордун бири үч жыл бир ай ашыгы менен азыркы ыйгарым укуктуу өкүл. Анда Жалал-Абадды кайсы кыйындар башкарганын, эл оозунда кайсы иши менен калганын төмөндөн билиңиз.
Жалал-Абад областынын башчылыгында кимдер болгон?
№ | Аты-жөнү | Башкарган жылдары |
1 | Бекмамат Осмонов | 1991-1992-ж |
2 | Абдыжапар Тагаев | 1992-1995-ж |
3 | Курманбек Бакиев | 1995-1997-ж |
4 | Бекболот Талгарбеков | 1997-1998-ж |
5 | Кубанычбек Жумалиев | 1998-2000-ж |
6 | Султан Урманаев | 2000-2002-ж |
7 | Жусупбек Шарипов | 2002-2005-ж |
8 | Жусупбек Жээнбеков | 2005-2006-ж |
9 | Искендер Айдаралиев | 2006-2007-ж |
10 | Кошбай Масиров | 2007-2010-ж |
11 | Бектур Асанов | 2010-2011-ж |
12 | Азизбек Турсунбаев | 2011-2012-ж |
13 | Жусубалы Төрөмаматов | 2012-2014-ж |
14 | Жусупжан Жээнбеков | 2014-ж,
6 ай иштеген |
15 | Жумагүл Эгембердиева | 2014-2016-ж |
16 | Кыянбек Сатыбалдиев | 2016-ж, октябрдан |
Биринчи акимдин ысымы университетке ыйгарылды
1991-жылы жаңыдан уюшулган Жалал-Абад областынын алгачкы акими (ошол кезде аким деп аталчу) болуп Бекмамат Осмонов дайындалган, бул кызматта 1992-жылдын ноябрына чейин иштеген. 1990-жылдан баштап легендарлуу парламенттин, андан соң 1995-жылы Жогорку Кеңештин II чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болгон. Областтын экономикасын көтөрүп, жолдорду оңдоп, областтык гезитти, Жалал-Абад телерадиокомпаниясын уюштурган. Аталган кызматка чейин 1990-жылы Жалал-Абад областтык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Ал жерде областтын жалпы инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө, жолдорду оңдотууга зор салым кошкон. “Жалал-Абад шаарын тоого чыгып карасаң жапыз. Мына ушул жерге бийик, кооз мейманканаларды салсак жаратылыштын байлыгына чет мамлекеттен адамдар өздөрү келип, элибиз тез өнүгөт» деп айткан сөзү бар. Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы №5 орто мектебине, СМУ кичи шаарчасындагы негизги көчөгө, областтагы эң ири Жалал-Абад мамлекеттик университетине ысымы ыйгарылган. Ошондой эле, быйылкы жылы Бишкек-Ош жолундагы Сузак айлампасына тугузулган флагштокко сүрөтү коюлду.
Көпчүлүк андан ары кызматка көтөрүлгөн, алды президенттикке жеткен
Экс-президент Курманбек Бакиевдин да ийгиликтүү саясий карьерасы Жалал-Абад областынын губернатору болуудан башталган. Президенттикке жетип, тарыхта калганы менен азыр кылмышкер катары эсептелет. Анткени өлкө соту сыртынан өмүр бою эркинен ажыратып, мүлктөрүн конфискациялаган. Жалал-Абад областын башкарып турган кезде дагы бир топ алгылыктуу иштерди аткарып кеткен деп айтылып келет. Областты бийлегендердин көпчүлүгү эле Жалал-Абаддын кулундары болгон, арасынан экөө гана башка жактан дайындалып келишен. Алардын бири Бекболот Талгарбеков — Нарын областынын кулуну. Мурда Жалал-Абадда иштебей туруп, борбордон дайындалып келип, аз гана иштеп кеткен. Андан ары Бекболот Талгарбеков 2005-жылдагы март ыңкылабына чейин өлкөдөгү эң жогорку кызматтарды ээлеген. Мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, үч жыл абакта отуруп, үстүбүздөгү жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду.
Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Мураталы Тагаевдин абасы Абдыжапар Тагаев да областтын акими болгон. Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шарипов да убагында Жалал-Абадды башкарып турган жана андан аркы карерасында элчилиикке чейин жеткен. Губернаторлордун катарында Кубанычбек Жумалиевди да өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Ал Жалал-Абад шаарынын аркасын куруу идеясын көтөрүп чыккан жана курууга эмгеги сиңген.
Жалаң мырзалардын катарында жалгыз айым
Жумагүл Эгембердиева он алты област башчынын ичиндеги жалгыз айым болду. Аталган кызматка чейин, район акими, өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин эсинде сабырдуулугу менен калса керек. Анткени өзүнө айтылган сындарга терикпей, туура кабыл алган жетекчи эле. Аткарган жумуштарын кеп кылсак, ал башкарган жылдар бир топ иштер жанданып, алдыга кетүү болгон. Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн ары кызматы чоңойду. Алгач жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган. Андан кийин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп иштеп келе жатат.
Өмүр баянына кайрыла турган болсок, Чаткал районунун кызы, 1958-жылы туулган. Эмгек жолунда бардык тепкичти басып өткөн айым. Алгач мектеп мугалими болуп иштеп баштап кийин, мектеп директору, айыл өкмөт башчысы, акимдин орун басары, аким, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, ыйгарым укуктуу өкүл ошентип отуруп мамлекеттик агенттиктин, уюмдун жетекчилигине чейин жетти.
Азыркы өкүл эмнеси менен өзгөчөлөнө алды?
Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович – 1977-жылы Майлуу суу шаарында туулган. Эки кыздын атасы. Барандуу эмгек жолу 2013-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэрлигинен башталган. 2015-2016-жылдары КСДП партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2016-жылдын октябрь айынан тарта Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейинки област жетекчилеринин ичинде аталган кызматты эң узак мөөнөт аркалаган өкүл болууда.
Алгач кызматка келгенде массалык маалымат каражаттарында кескин сынга алынып, ар кандай терс маалыматтар айтылып жүрдү. Бирок, иш жолунун экинчи жылынан тарта айтылган сын-пикирлер желдей тарап жоголду. Буга аткарган иштери менен жетиштиби? — деген да суроо туулат. Себеби учурда коомчулукта өкмөт өкүлү тууралуу эч кандай деле терс маалыматтар жок. К. Сатыбалдиев башка башчылардан спорт тармагын жана спортчуларды колдогондугу менен да өзгөчөлөнүп турат. Эл оозунда аңыз болуп айтылып калчу ири жумуштарынын бири — Маданият-Барпы жолу. Көйгөйдү өзү депутат кезинде көтөрүп жүрүп, кызматка келип, кайра эле өзү ишке ашырып жатат. Калктын кабыргасын кайыштырып, он жылдай маселе болуп келген жол оңдолуп бүтсө, караппйым элдин ыраазчылык, рахматына арзыйт.
Дагы бир легенда болчу жумуш – Сузак айлампасындагы арканын реконструкциясы жана этно парктын курулушу болууда. Бул эле эмес акыркы жылдары Жалал-Абад областы экономикалык, агрардык, өндүрүштүк жактан да алдыга жылып жатат.
Роза Акматжан кызы