Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө жарандардын өз ара, бийликтер менен жарандардын да ортосундагы жер талаш же жерге байланышкан конфликттер көп. Мунун баары мыйзамдуулуктун жакшы сакталбаганынан, жер-жерлерде жарандардын мүлк жана башка укуктарынын корголбогонунан, анан калса, тымызын кызыкчылыктардан улам болуп жатканы да жашыруун эмес. Деген менен, айыл жерлериндеги көптөгөн коррупциялык иштер жерге байланыштуу экенин тана албайбыз. Мына ушундай жер талаштардын бири Базар-Коргон районунда бир нече жылдардан бери улантылып келет.
Үч гектар бактын икаясы
Тээ 2011-жылы Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Эмильбек Сейиткулов 2 гектар 85 сотых аянттагы бактуу жерди 50 жылдык ижарага алган. Анын айтымында, илгери анын аталары ушул жерге бак тигип, жашылдандырган экен, эми ал да алардын жолун улап, бакты асырап кароону, өнүктүрүүнү колго алгысы келген.
Ошентип, тийиштүү документтер даярдалат, ошол кездеги айыл өкмөттүн башчысы А. Бешкемпиров райондун акимине расмий кат жазып, ошол 2 гектар 85 сотыхтагы 1990-жылы Пакыров Сраждин тарабынан эгилген мөмөлүү бак карып, куурап баратканын, айыл өкмөтүнө киреше алып келбей жатканын, эми аны жакшылап карап, бактарды эгип өстүрүү маселесин көп жылдык ижарага берүү менен чечүү керектигин айтат да, уруксат сурайт. Аким уруксат берет, анан атайын комиссия түзүлүп, жылдык ижара акылары, милдеттер аныкталып, маселе чечилет. Анан акырында Базар-Коргон районунун ошол кездеги акими М. Закиров 2001-жылдын 22-июнунда №312-б буйругун чыгарып, ошол бак өздөштүрүү үчүн ижаралык келишимде 50 жылга Э. Сейиткуловго берилет. Райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жер участогун пайдаланууга уруксат берүүчү күбөлүк да берилген.
Ошону менен бул үч гектерге жакын жердин мөмөлүү багынын тагдыры чечилип, ага жооп берүүчү конкреттүү жак аныкталган. Ошондон бери Э. Сейиткулов бул бакты карап, иштетип келет.
Бирок, 2005-жылы бул бактуу жер аянты трансформацияланып, айыл чарбасына пайдаланылуучу эмес, калктуу конуш жерлери деп эсептелинип калат. Буга эмне себеп болгону азыркы кезде түшүнүксүз. Балким калктын турак жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн бакты кыйып, жерин жарандарга участок кылып бөлүп берүү максаты болгондур, айтуу кыйын.
Деген менен, ошол кездерде айыл чарбасына жарамдуу асыл жерлерди башка максаттарга карата трансформациялап, анын артында ар кандай кызыкчылыктар, жеке кызыкчылык үчүн жер сатуу көбөйүп кеткендиктен, бул маселе жогорку органдарга чейин жетет. Анан Кыргыз Республикасынын өкмөтү айыл чарбасына жарамдуу жерлерди трансформациялоого мораторий жарыялаган да, мындай жерлерди ой келди пайдалана берүүлөр токтотулган.
Ошондой эле маанай буга чейин айыл элинде да болгон. Аны турак жай куруу үчүн тургундарга бөлүп берүүдөн жергиликтүү бийликтер баш тартышкан. Атап айтканда, 2008-жылы 3-мартта Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Көкчөгөз айылынын тургундарынын жалпы жыйыны өтүп, анда турак жай курууга жер аянтын бөлүп берүү маселеси каралган. Айылдын аттуу-баштуу тургундары элге турак жай өтө керектигин баса белгилешип, бирок трансформацияланган болсо да бул үч гектар аянттын жеринин асылдуулугун, бактуу жер экенин, мындай жерди сакташ керектигин, ал эми турак жайды айыл чарбасына жарамдуу эмес жерге куруу зарылдыгын айтып чыгышкан. Эл мунун колдогон жана 20 жылдан бери пайдаланылбай келаткан Орто-Сай участогундагы жерди турак жайга ажыратуу керектигин аныкташып, үч гектар бактуу аянтка турак жай салынбасын, айыл чарба багытында пайдаланылсын деп, атайын протокол түзүп, токтом чыгаруу менен айылдык бийликтерге кайрылышкан.
Ушундай эле жыйын айылда 2009-жылы да өтүп, элден түзүлгөн, 13 кишиден турган комиссия эл менен кеңешип, жер алууга арыздарды карап, 31 кишиге Орто-Сай участкасынан жер ажыратып берүү маселесин чечкен, жер алуучулардын тизмесин бекитишкен. Ал эми айыл өкмөтү трансформацияланып калган үч гектар бакты сактап калып, анын ордуна Орто-Сайдан жер бөлүп берүү тууралуу маселенинин мыйзамдуулугун аныктап алуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментине кайрылган. Аталган департамент 2010-жылдын 26-январында №13 кат менен айыл өкмөтүнө жооп берген. Анда Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 26-беренесине ылайык, айыл чарба муктаждыктары үчүн жарактуу жерлер баарыдан мурда айыл чарба максаттары үчүн берилүүгө тийиш экенин баса белгилеген. Ошону үчүн эгер жердин асылдуулугу жогору болсо, анда генералдык планга өзгөртүү киргизүү менен айылдык кеңештин чечими аркылуу башка жерге айырбаштап пайдаланса болорлугун билдирген.
Жогорудагы жана экологиялык башка да расмий экспертизаларга таянуу менен Эл депутаттарынын Кеңеш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы алтынчы сессиясы 2009-жылдын 8-июнунда жер айырбаштоо маселесин карап, асылдуулугу жерди сактап калуу үчүн анын ордуна Орто-Сай участогунда турак жай курууга жол ачкан чечим кабыл алынат. Андан улам, 2010-жылдын 28-августунда Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы №146-б буйругу менен жерлерди айырбаштоо маселесине чекит койгон. Ошентип, курамында үч гектар бак орун алган 13 гектар асылдуу жер кыртышы Орто-Сайдагы кыртышы айыл чарбасына туура келбеген 13 гектар аянтка алмаштырылган. Элдин жогорку аң-сезими, бийликтердин адилеттүү чечими менен туура иш жасалган.
Эми болсо, бакты бузуп, турак жай курабыз дешет
Бирок, бир канча жылдар өткөн соң бул бактуу жерге көз арткандар пайда болду. Ижарачы Э. Сейиткуловдун айтымында, 2016-жылы бактуу аянттан турак жай үчүн участка берем деп, элден акча чогулткандар болуптур. Алар өз алдынча эле жергиликтүү бийликтердин ыйгарым укуктарын өздөрүнө алып, жер бөлүштүрүү иштерин башташкан. Мындай аракеттер 2016-жылдан башталса да, азыркыга чейин көйгөй болуп келатат.
Акыркы кездерде да белгисиз адамдар бактуу жер аянтына 20 машина шагыл төгүшүп, өз алдынча аракеттерин башташкан. Эл ичинде аны кимдер жасап жатканы тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Кала берсе, кимдер мындай иш жасап жатканы тууралуу кагаз жүзүндөгү күбө, фактылар да бар. Ижарачы бул боюнча тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, алардан мыйзамдуу аракеттерди күтүүдө.
Дагы бир көйгөй – айыл өкмөтүнүн ошол бактуу жер аянтын ижарачыдан кайтарып алууга болгон аракет. Илгери трансформацияланып калган жерге турак жай куруу үчүн тургундарга бөлүп берүү максаты дале жашап келет. Ошол максатта айыл бийликтери ижарачы Э. Сейиткуловго 2001-жылкы жер пайдалануу укугун берүүчү күбөлүктү, ал күбөлүк алууга жол ачкан райондук бийликтердин буйруктарын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылып келишет. Буга чейин райондук, областтык соттор жана Жогорку сот кайсы бир негиздерге таянып, жергиликтүү бийликтердин пайдасына чечим чыгарышкан. Бирок, ижарачы жерди пайдалануу боюнча өзүнө берилген укукту алып салууга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок деп эсептейт, анткени ал келишимди жана мыйзамды бузган эмес.
Азыркы кезде да бул жер талаш боюнча укук коргоо жана сот органдарында иштер каралууда, тараптар өз укуктарын ортого коюп, маселенин адилетүү чечилишине кызыкдар. Акыркы кезде Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна ижарачы жаңы ачылган жагдай боюнча арыз менен кайрылган, бирок сотто маселе дагы эле жергиликтүү бийликтин пайдасына чечилип калды. Эми бул маселе областтык сотто каралмакчы.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Уларбек Саипов бактуу жерди турак жай курууга пайдалануу тууралуу айыл өкмөтү эч кандай аракет жасабаганын, баары мыйзам алкагында чечилерин, соттошуу жараяны жүрүп жаткандыктан мындай аракеттер болбостугун билдирди. Бирок, бактуу аянтка 20 машина шагылды төктүргөндөр, жер берүүнү убада кылып, элден акча алгандар кимдер? Алардын артында кимдер турат? Бул тууралуу айыл өкмөтү билбейт экен, жөн гана прокуратура органдары карап жатышканы белгилүү. Деген менен, У. Саипов жерди өз алдынча басып алуулар буга чейин деле көп болуп келгендигин жашырган жок.
Чынында Кеңеш айылында турак жай куруу үчүн участок сурагандар көп экен. У. Саиповдун берген маалыматында 6600дөн ашуун киши арыз менен кайрылган, бул 2002-жылдан берки арыздар. Чындап келгенде жерге муктаждар саны манчалык көп болбошу мүмкүн. Ал эми өкмөт аймагында 91 гектар 93 сотых жер трансформацияланган, баарына участок берүүгө бул жетишсиз экен. Балким, бактуу аянтты ар кандай жолдор менен ээлеп алуу аракеттерине ушул фактылар да негиз болуп жаткандыр?
Дагы бир кызык жери, У. Саиповдун билдиришинче, эгер бактуу аянтка болгон ижара күбөлүгүн толугу менен жокко чыгарып, жерди айыл өкмөтү толугу менен өзүнө алса, анда бакты бузуп, элге участок катары бөлүп беришет экен. Деген менен, 2008-жылы айылдын эли бул бактуу аянт, асылдуулугу жогору жер, айыл чарбасына иштетилсин, бизге турак жайды асылдуулугу аз, Орто-Сай участогунан беришсин деп чечим чыгарышкан болчу. Аны жергиликтүү бийликтер колдоого алышкан. Элдин аң-сезимдүүлүгүнө баа бербей коё албайсың. Бирок, ошондой аң-сезим азыркы айыл өкмөтүндөгүлөрдө жокпу? – деген суроо туулат.
Дүйнөлүк тенденция эмне дейт?
Албетте, жергиликтүү аймактардын жер маселеси жергиликтүү бийликтер, сот органдары, баарынан мурун мыйзамдар аркылуу чечиле берет. Анда кеп жок. Бирок, азыркы жүрүп жаткан дүйнөлүк, анын ичинде биздин Кыргызстандагы да бир тенденцияны эске албай коюуга болбойт. Ал эмне?
Бул — планетанын, биз жашаган аймактардын жашылдуулугун сактап калуу, аны өнүктүрүү тенденциясы. Интернет айдыңында тигил же бул өлкөлөрдө бийликтердин жана коомчулуктун демилгеси менен айлананы жашылдандыруу, миллиондогон көчөттөрдү отургузуу менен бактарды көбөйтүү иштери тууралуу дембе-дем кабарланып жатат. Биздин Кыргызстанда да ушундай элдик демилгелер бар, коомчулук бактарды көбөйтүү, айлана-чөйрөдө жашоого жакшы шарт түзүү, климатты сактоо жана келечекке жакшы пайдубал жаратуу кыймылы күч. Муну ар бир үй-бүлө, ар бир айыл, ар бир аймак колго алуусу абзел.
Бир кезде Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Көкчөгөз айылынын тургундары бакты сактап калуу боюнча эң сонун чечимге келишкен экен. Эми азыркы кезде элди ким, эмне менен бузуп атканы кызык. Ким-бирөөлөр бакка шагыл төгүп, жаш көчөттөрдү сындырып, провокация жасап жатканы, бул ошол айыл аймагындагы терс көрүнүш. Балким жер коррупциясына чырмалышкан топтун ишиби? Белгисиз.
Кандай болгондо да бул иштин түйүнү чечилер, биз билбеген чындыктар калпып чыгар…
Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары.