www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

DECCAN GOLD MINES КОМПАНИЯСЫ “АЛТЫН ТӨР” ДОЛБООРУН БАШТАЙТ

17.09.2025
0 0
0
SHARES
180
Просмотры
Бөлүшүү

Индиядагы алтын жана өзгөчө баалуу минералдарды чалгындоочу биринчи жана жападан жалгыз компания болуп саналган Deccan Gold Mines Ltd (DGML) ишканасы өзүнүн чет элдик бараандуу аракети – Кыргызстандагы “Алтын-Төр” алтын кениндеги долбоорунда жүз берген алгылыктуу прогресс тууралуу билдирүү жасады. Мунун өзү Индиянын тоо-кен казуу секторундагы пионер катары DGML компаниясынын позицияларын бекемдейт жана бул өкмөттүн узак мөөнөттүү экономикалык кызыкчылыктардагы стратегиялык минералддык ресурстар менен камсыз кылууга багытталган «Атманирбхар Бхарат» (Өзүн камсыздаган Индия) стратегиясына дал келет.

Компания өнөр жайлык өндүрүштү баштоого жакындаткан бир катар инженердик жана геологиялык-чалгындоо багытындагы жетишкендиктер тууралуу билдирди. Жетишилген ийгиликтер арасында 11 жаңы конвейердин ишке берилиши, жаалуу жана конустук майдалагычты сыноодон ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле 2025-жылдын сентябрынын башталышында ишке берилиши керек болгон шар тегирменин орнотуу иштери бар. Андан тышкары, 2025-жылдын октябрына мерчемделген гравитациялык жабдуулар менен Доре алтын куймаларынын биринчи партиясын чыгаруу үчүн даярдык иштери жүрүүдө. Кыргызстандын тоолуу аймагындагы логистикалык кыйынчылыктарга жана кыштын эрте түшүшүнө карабастан DGML улуу калдыктарды сактоочу жайларды куруу, энергетикалык инфраструктураны түзүү жана курулуш иштери жаатында кыйла алдыга жылды.

Мурдагы божомолго караганда кендин кыйла көлөмдүү экенине ишаара кылган бургулоо программасы боюнча агымдагы иштердин жыйынтыгы оптимизмди күчөтүүдө. “Ишке түшүүнү шарттаган шар тегирменинин жана негизги жабдуунун пайдубалынын түптөлүшү менен кыргыз кышынын катаалдыгына карабастан “Алтын-Төр” долбоору план боюнча алдыга жылууда”, — дейт компаниянын башкаруучу директору доктор Ханума Прасад Модали. – Биздин бургулоо иштерибиздин жыйынтыгы кендин көлөмүнүн кыйла жогору экенин тастыктап жатат, бул долбоордун узак мөөнөттүү потенциалына ишенимди арттырууда. Фабриканы ишке салып, үзгүлтүксүз иштетүү боюнча чараларды ишке ашырып, биз жыл бою иш жүргүзүүнү жана өз убагында натыйжа алууну камсыз кылууга ишенип турабыз”

Доктор Модали долбоор – бул жөн гана курулуш иштери менен чектелбей турганын баса белгиледи. “Алтын-Төр” дүйнөлүк минералдык экономикадагы Индиянын лидерлигинин артып баратканын көрсөтөт. Индиянын алгачкы тоо-кен казуучу, Кыргызстанга инвестиция тартуучу компаниясы катары DGML этикалык негизде казып алуу, чегара аралык кызматташтык жана эки тарапка да пайда алып келүүчү инклюзивдүү экосистема принциптерин карманат”, — дейт ал. “Алтын-Төр” долбоору индиялык компаниянын Кыргызстанга салган чет элдик биринчи инвестициясы болуп калуу менен бул эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын бекемдеши шексиз. Алтын кени Кыргызстандын түндүгүндөгү Султан-Сары зонасында жайгашып, минералдык деңгээлинин жогору экени менен белгилүү. Долбоор DGMLдин 60 пайыздык көзөмөл үлүшү бар Avelum Partners LLC компаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Учурдагы баа менен алганда, долбоордун ресурсу 4,65 миллион тонна руданын көлөмүнө барабар, тоннасына 1,21 грамм алтын менен эсептелип, 180 миң унцияга теңдешет. Бул улуу калдыктарды жана төмөнкү сорттогу таштандыларды эске алганда. Ишке киргенден кийин “Алтын-Төр” Борбордук Азиядагы индиялык алтын өндүрүүчү биринчи фабрика болуп калат. Эксперттердин пикирине караганда, мунун өзү Индиянын аймактагы жаңы демилгелерине жол ачышы ыктымал.

Индия дүйнөдөгү ири алтын керектөөчүлөрдүн катарында турат, бирок ички керектөөлөрүн канататандыруу үчүн импорттон аябай эле көз каранды болуп келет. “Алтын-Төр” сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу менен DGML бул көз карандылыкты азайтууга умтулууда жана экономикалык эгемендикке жетишүү жаатындагы «Атманирбхар Бхарат» миссиясына салым кошмокчу. “Бул долбоор – ниеттердин көрсөткүчү. Ал индиялык компаниялар эл аралык деңгээлде атаандаш болуп гана калбай, дүйнөлүк стандарттарга ылайык долбоорлорду ишке ашыра аларын да көрсөтөт”, — дейт тармактык аналитик. DGML өзүн техникалык тажрыйба менен туруктуу өнүгүү практикасын айкалыштырган компания катары көрсөтүп келет. Компаниянын жетекчилиги тастыктагандай, “Алтын-Төр” демилгеси казып алуунун жоопкерчилигинин жаңы стандарттарын, пайда көздөөнүн социалдык жана экологиялык милдеттенмелер менен уңгулаш экенин көрсөтүүгө чакырылган.

Экономикалык пайдадан башка да “Алтын-Төр” долбоору Индия менен Кыргызстандын орттсундагы мамилелерди бекемдөөгө чакырылган. Эки тараптуу мамилелер салт катары дайыма жагымдуу боло келген жана ал коргоо, билим берүү жана маданият чөйрөлөрүн камтыган. Эми пайдалуу кендерди казуу айрыкча эки өлкөнүн соода жана өзгөчө баалуу минералдар секторуна инвестиция салууну кеңейтүүгө умтулуп жаткан шартта кызматташтыктагы жаңы чен өлчөмдөрдү кошумчалайт.

“Кендерди жоопкерчиликтүү казып алуу жана ишке ашыруунун ыкчамдыгы куйрук улаш жүрүшү мүмкүн, — деп белгиледи доктор Модали. – “Алтын-Төр” муну тастыктап турат жана Индиянын чет элдеги маанилүү өнөктөштүктү кантип түзөрүн, ошол эле убакта өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын коргой аларын көрсөтөт”. Көзөмөл өндүрүштү 2025-жылдын аягында ишке чалуу менен DGML “Алтын-Төрдү” ийгиликтүү коммерциялык алтын кенине айландыруу багытында кадамдар жасалууда. Доре куймаларын өндүрүү башталгандан кийин долбоор акционерлерге гана пайда алып келбестен, Индиянын ресурстук коопсуздугуна да стратегиялык пайда алып келет.

Тармактык байкоочулардын пикирине караганда, “Алтын-Төр” долбоорунун ийгилиги Индиянын башка компанияларын да Борбордук Азиянын чалгындала элек минералдык потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө шыктандырат. Чет элдик инвестицияларды тоо-кен тармагына тартууга кызыкдар Кыргызстан үчүн бул долбоор Азиядагы ири экономикалардын биринин ишенимин жеңип алгандыкты тастыктайт. DGML өнөр жайлык өндүрүшкө канчалык жакындаган сайын анын аракети Нью-Делиде да, Бишкекте да көңүлдүн чордонунда болот. Бул долбоор алтынга гана тиешелүү эмес – ал Индиянын глобалдуу минералдык экономикадагы өсүп бараткан ролун, анын чегара аралык индустриалдык өнөктөштүктү курууга болгон жөндөмүн жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө зарыл болгон ресурстарды камсыз кылуудагы чечкиндүүлүгүн чагылдырат.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ: КООПСУЗДУК ЖАНА ЖАҢЫ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЕЛИШИМ

Кийинки пост

TEZJET БИШКЕК-ДЕЛИ ТҮЗ АБА КАТТАМДАРЫН АЧАТ

Кийинки пост
TEZJET БИШКЕК-ДЕЛИ ТҮЗ АБА КАТТАМДАРЫН АЧАТ

TEZJET БИШКЕК-ДЕЛИ ТҮЗ АБА КАТТАМДАРЫН АЧАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In