www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

КЫРГЫЗСТАН-ИНДИЯ: КООПСУЗДУК ЖАНА ЖАҢЫ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЕЛИШИМ

17.09.2025
0 0
0
SHARES
157
Просмотры
Бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов жакында эле Индиянын Кыргызстандагы элчиси Сингх Ядав менен жолугушуп, ар кайсы тармактар боюнча, анын ичинде соода, экономика, маданият жана гуманитардык демилгелер жаатында кызматташтыкты бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын билдиришинче, ошондой эле тараптар аймактык коопсуздук чөйрөсүндөгү азыркы кырдаал боюнча да пикирлер алмашышты. Эки тарап тең Борбордук Азиядагы туруктуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өз ара кызыкчылыкка дал келген маселелер нугунда чогуу кызматташууга ынтызарлыгын билдиришти. Бул жолугушуу Дели менен Бишкектин коопсуздук жаатындагы жана да экономикалык жана маданий багыттагы чогуу аракеттерди координациялоо жагынан өз ара жакындык барган сайын күчөп жатканын көрсөттү.

Бишкектеги сүйлөшүүлөр бир нече ай мурда болгон маанилүү окуядан: эки өлкө ортосундагы өз ара инвестицияларды коргоо жөнүндө Келишимдин (BIT) күчүнө кириши тууралуу протоколго Индиянын каржы министри Нримала Ситхараман менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жеңишбек Кулубаевдин кол коюшунан улам жүрдү. Бишкек шаарында 2019-жылдын июнунда кол коюлган келишим 2000-жылдагы келишимди алмаштырып, расмий түрдө 2025-жылы 5-июнда күчүнө кирди.

Индиянын каржы министрлиги бул келишимге жетишүүнү “эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам” катары мүнөздөп, ал коопсуз жана алдын ала ишеним берген инвестициялык климаттын түптөлүшүнө көмөк бере турганын белгиледи. “BIT эки өлкөнүн инвесторлорунун кызыкчылыктарына эки аймакта тең көмөк берүүгө жана коргоого багытталган”, — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Ал туруктуу өнүгүүгө багытталган жана “артыкчылыктуу жагымдуулукту түзүү” жобосун алмаштырып, жалпы жана коопсуздук чөйрөсүндө өкмөттөрдүн эркин аракетин сактоо үчүн эки тараптуу жалпылыкты шарттайт. Бул багыттар айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо жана калктын коопсуздугу, коомдук адеп-ахлак жана тартипти бекемдөө маселелерин камтыйт.

Инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүнүн механизми (ISDS) да кайра карап чыгылды. Жаңы система боюнча инвесторлор арбитражга чейинки аралыкта улуттук укуктук каражаттарды толугу менен камсыздап бүтүүлөрү керек, бул болсо талаш-тартыштарды жөнгө салуудагы ички институттардын борбордук ролун камсыз кылат. Андан тышкары, келишим салык салуу, мамлекеттик сатып алуулар, күчтөп лицензиялоо жана мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызматтар жаатындагы сезимтал чөйрөлөрдөн коргоп, суверендүү жөнгө салуучу ыйгарым укуктарды коргоп турат. Кол коюу аземинде каржы министри Ситхараман келишим инвесторлордун укуктарын менен мамлекеттин ыйгарым укуктарын теңдештирип турарын билдирди. “Бул келишим ачык-айкын жана туруктуу инвестициялык чөйрө тууралуу биздин жалпы көз караштарыбызды чагылдырып турат. Ал бизнестин өзүн ишенимдүү сезишине жана чегара аралык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат”, — деди ал.

Кыргызстандын тышки иштер министри Кулубаев келишим узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыкка кызмат кыла турганын белгиледи. “BIT инвесторлорго туруктуу шарттарды түзөт жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды ого бетер бекемддейт”, — деп баса көрсөттү ал. Жалпылап алганда Бишкектеги коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жана Делидеги экономикалык келишим Индия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштардын көп тармактуу экенинен кабар берет. Көп жылдар аралыгында эки өлкө тең билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргонуу жана маалымат технологиялары жаатында кызматташтыкты өнүктүрүп келишти. Эки тарап тең аймактык диалогдун кошумча майданчасы катары кызмат кылып келаткан Шанхай кызматташтык уюмуннун ишине (ШКУ) активдүү катышып келатышат.

Индия Борбордук Азияны унаа байланышынын, энергетикалык коопсуздуктун жана аймактык туруктуулуктун маанилүү стратегиялык аймагы катары баалап, ырааттуу кызматташып келет. Өзүнүн географиялык алган орду жана маданий байланыштары аркылуу Кыргызстан бул стратегияда маанилүү өнөктөш болуп калды. Жүздөгөн индиялык студенттер Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, айрыкча медициналык факультеттерде билим алышууда, бул да болсо элдердин ортосундагы байланыштарды ого бетер чыңдайт. Эксперттердин баамында, бир эле убактагы инвестицияны коргоого жана аймактык коопсуздукка жасалган акцент эки тараптуу өнөктөштүктүн приоритеттеринин кеңейип бара жатканын көрсөтөт. Эгерде BIT укуктук аныктыкты камсыз кылып, экономикалык байланыштарды стимулдап турса, коопсуздук боюнча диалог улам алмашып турган геосаясий динамикадан келип чыккан Борбордук Азиядагы, аймактагы туруктуулукка жалпы ынтызарлыкты чагылдырып турат.

Тарыхый жана цивилдүү терең байланыштарга туташкан Индия менен Кыргыз Республикасы акыры жүрүп отуруп стратегиялык өнөктөштүккө чейин жеткен өз ара жагымдуу достук мамилелерди улантып келишет. Акыркы жылдары эки өлкө тең ар кайсы – коргонуудан жана коопсуздуктан соода жана инвестицияга чейинки чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдей алышты, ошондой эле глобалдуу жана аймактык маселелердеги тыгыз координацияны сактап да келишет. Нью-Делинин ШКУнун толук кандуу мүчөсү болушуна жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болууга Индиянын көп жылдан берки аракетине колдоо көрсөтүү менен эл аралык чөйрөдө Кыргызстан Индияны дайыма колдоп келүүдө. Жакында жүргөн диалогдогу кызматташтык багыттарынын негизгилери болгон террорчулук, экстремизм жана баңгизат соодасы жаатындагы коркунучтарга жалпы тынчсызданууну эки өлкө тең бөлүшүп келет.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин 2019-жылы июнь айындагы Бишкекте өткөн ШКУнун самитине келиши, андан ары 13-14-июнда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары эки тараптуу мамилелер үчүн чечүүчү окуялар болуп калды.

Расмий сапардын жүрүшүндө прмьер-министр Нарендра Моди Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков менен жабык эшик артында да, кеңейтилген баарлашуу форматында да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле. Сапардын жыйынтыгы менен ар кайсы чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы 15 негизги келишимдерге жана документтерге кол коюлган. Анын ичинде инвестицияларды өз ара коргоо жөнүндө Келишим, эки тараптуу салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартууну болтурбоо боюнча Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол, ошондой эле саламаттыкты сактоо, маалымат технологиялары жана коргонуу багытында меморандумдар бар.

Эркинбек КАМАЛОВ.

Мурдагы пост

ОПАСЕН ЛИ ТЕКУЩИЙ УРОВЕНЬ ДОЛГА КЫРГЫЗСТАНА?

Кийинки пост

DECCAN GOLD MINES КОМПАНИЯСЫ “АЛТЫН ТӨР” ДОЛБООРУН БАШТАЙТ

Кийинки пост
DECCAN GOLD MINES КОМПАНИЯСЫ “АЛТЫН ТӨР” ДОЛБООРУН БАШТАЙТ

DECCAN GOLD MINES КОМПАНИЯСЫ “АЛТЫН ТӨР” ДОЛБООРУН БАШТАЙТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In