Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) билдиришинче, вируска каршы колдонулуп жаткан ремдесивир препараты таажы вирусун дарылоого жардам бербейт. Бул тууралуу ДССУнун жетекчиси доктор Тедрос Гебрейесус ачык билдирди.
Тедрос Гебрейесус акыркы убактарда Түндүк Америка менен Европа өлкөлөрүндө таажы вирусун жуктуруп алуулар саны өтө көбөйүп кеткенин кеп салуу менен ооруканалар менен интенсивдүү терапия бөлүмдөрү оорулууларга толуп кеткенин кабарлады. Ошол эле кезде ДССУнун эксперттери кеңири колдонулуп жаткан ремдесивир препараты оорулууларга жардам бере албай жатканын да ачыкка чыгарышты.
ДССУнун эксперттери таажы вирусунун инфекциясын дарылоодо бул препаратты колдонбоого чакырышууда. Мындай жыйынтыкка алар 7 миң оорулууга бул препараттын таасири боюнча жүргүзгөн иликтөөлөр алып келген. Бул иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу алар “Британиянын медициналык журналы” аталышындагы басылмага жазып чыгышкан.
Тедрос Гебрейесус азыркы учурда таажы вирусуна каршы жаңы вакциналар чыгып жатканын, алардын айрымдары сыноодон жакшы өтүп, оорулууларга таасири жогору экенин жакшы жышаан катары белгиледи.
Булак: news.un.org